АРАБДАРДЫ АРБАГАН НУРГҮЛ ЙЕШИЛЧАЙ

№694 19-февраль-25-февраль, 2016-ж

Азыр кайсы телеканалды койбо, жок дегенде биринен түрк сериалын көрөсүӊ. Өлкөбүздө өтүмдүүлүгү артып бараткан түрк сериалдарынын жылдыздарына учурда талап күчтүү. Нургүл Йешилчай сиз кызыккан актриса болуп жүрбөсүн.

Толук аты-жөнү – Нургүл Йешилчай
Туулган жери – Түркия, Афьон-Карахисар шаары
Туулган жылы – 1976-жыл, 26-март
Кесиби – Актриса, фотомодель
Учурда – Бойдок, бир уулдун энеси
Тартылган тасмалары – «Келин» (Эзо), «Сүйүү жана жаза» (Ясмин), «Турмуштун таш-талканы» (Гүлсерен) жана башкалар.

ДИПЛОМУ БАР АКТРИСА
Нургүл Йешилчай актрисалык окууну университеттен эмес, мектептен баштаган. Секелек кезинде эле болочоктогу актрисанын өнөрүн байкаган ата-энеси аны искусство мектебине беришет. Андан соӊ Эскишехир шаарындагы Анадолу университетинин алдындагы музыка жана драма мектебинде билим алган. Кесиби тууралуу анын: «Актрисалык мага Кудайдан берилген өнөр, эгер актриса болбосом, анда башка кесиптин ээси болмок эмесмин»,- деп айтканы бар. Университетте окуп жүргөндө Шекспирдин драмаларын театрда аткарып театр актрисасы катары окуу жайга белгилүү болгон.
Нургүл 1998-жылы «Баары эӊ жакшы болот» деген киного тартылып дебют жасаган. Актрисага КМШ өлкөлөрүндө атактуулук алып келген «Сүйүү жана жаза» сериалы болду. Ал эми Түркияда актриса гана эмес, шоу берүүлөрдүн алып баруучусу катары да белгилүү. Билсеӊиз, түрк сериалдарына Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө да талап жогору. Белгилүү түрк телеканалы жүргүзгөн сурамжылоодо Бириккен Араб Эмираттарынын мырзалары түрк актрисалары Туба Бүйүкүстүн менен Нургүл Йешилчайды сулуу деп эсептешери маалым болгон. Айрыкча Нургүлдүн көк көздөрү араб эркектерине өзгөчө жагат экен.

БОЙДОК, БИРОК ЖҮРӨГҮ БОШ ЭМЕС
Актриса 2004-жылы актёр, режиссёр Жем Өзерге турмушка чыгып, 2005-жылы уулдуу болгон. 2010-жылы Нургүлдүн сунушу менен түгөйлөр ажырашышат. Түрк басылмалары актрисанын бул кадамын күйөөсүнүн ашыкча кызганчаактыгы менен байланыштырышат. Андан соӊ актриса режиссёр Толга Карачелик менен 2 жыл жарандык никеде жашаган. Анын: «Мен үчүн паспорттогу штамп маанилүү эмес, башкысы, менин бактым»,- деп айтканы бар. Бирок Йешилчайдын бул сүйүүсү көпкө уланбай, Толга Карачелик экөө эки ажырым жолго түшүшөт. Учурда актриса тууралуу «өзүнөн беш жаш кичүү дарыгер мырза менен мамиле түзүп жүрөт» деген кептер бар. Бирок актриса бул тууралуу: «Сүйүктүүм дарыгер эмес, ишкер. Медициналык жабдыктарды ташыган фирмасы бар, ошого дарыгер деп адашып алышса керек»,- деп айткан.

«16 ЖАШЫМДА ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТКЕМ»
– Алгачкы сүйүүмө 16 жашымда туш болдум. 16 жаш баарын сезим менен чече турган курак эмеспи. Мен да жигитим менен үйдөн качып кетип өз алдымча жашап көргөм. Экөөбүз сыз, ным тарткан үйдө ачка-ток жашап, сүйүктүүм кургак учук менен ооруп калды. Кайра экөөбүз кайтып келгенде атамдан жаакка жегем. Ал эми сүйүктүүмдүн атасы мени баласына жолотпой, бейтапканага да кире албай койгом. Кийин жигитимди атасы АКШга жөнөтүп жибериптир. Ошону менен алгачкы сүйүүмдү көргөн жокмун.
– Мен уулум Осман үчүн «авторитетмин», ал үй тапшырмасын аткарбай жалкоолонуп баратканда терс каармандын образындагы актрисага айланам. Ал мени менен киного тартылганды аябай жакшы көрөт. Бирок уулумдун актёр эмес, режиссёр болушун каалайм.
– Эч качан аялы бар эркекти сүймөк эмесмин. Ажырашуу азабын эч бир аялга ыраа көрбөйм, анткени ал менин башымдан өткөн.
– Мырзалардын телефонун чукулап, почтасын текшерип «компромат» издеген эмесмин. Ал менин жанымда болуп, мени сүйсө жетиштүү.

КЕЖИР АКТРИСА:
Учурда телеканалдарда жүрүп жаткан «Турмуштун таш-талканы» сериалында актриса келишим боюнча 52 гана сериясына тартылат. Актриса андан аркы бөлүгүнө
тартылуудан баш тарткан.
«Сүйүү жана жаза» сериалында өзүнүн визажисти, стилисти менен иштеген. Анткени өнөктөшү Мурат Йылдырымдан жаш көрүнүшү керек эле.
Нургүл тасма талаасында режиссёрлорго «каприздерин» көрсөткөн актрисалардын тизмесине кирет.
Түркияда кесиптеши Туба Бүйүкүстүн менен рейтинги бирдей. Анан да Туба менен Нургүл тымызын атаандашат деген кептер бар. Буга Нургүл Йешилчайдын Туба Бүйүкүстүн тартылган тасмада роль аткаруудан баш тартканы себеп дешет.

Уулу Осман учурда 11 жашта.

Актрисанын жарым жылаӊач болуп журнал бетине түшкөн сүрөттөрү көп.

"Сүйүү жана жаза" сериалындагы өнөктөшү Мурат Йылдырым экөө "Экрандагы эӊ жарашыктуу түгөйлөр" деп табылган.

"Турмуштун таш-талканы" сериалындагы кесиптештери менен.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(43)
22.02.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат
22.02.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздын Жашылчай,Көкчайларынан да жазгылачы.
22.02.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Flander,ха ха жазыпсыз го)
22.02.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото деле сулуу эмес го
22.02.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
анча жага бербейт. туба кобурок ойдо.имхо
22.02.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ий десе тааныбай эле бул кайсыл кыргыз депмин атын окуп эле Нургул деп турса. Жакшы аткарат.
22.02.2016. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкты актриса
22.02.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага аябай жагатда ушул актриса .
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-22 12:29:26
22.02.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сулуу эмес ко
22.02.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Любовь и наказаниеде" аткарганы олло жагат, азыр "Осколки" деген сериалын коруп жататм тоже "эчтекешка" сериал экен.Актрисага соз жок талашсыз таланттуу актриса.
22.02.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты актриса!
22.02.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kozdoru soooonun
22.02.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу суперчилер "Бесценное время" телесериалында Алинин ролун аткарган актер жонундо да жызгылачы.Мен Ошто Керемет телеканалынан ал сериалды коргон элем. Аябай келбеттуу,бойлуу сонун актер.Ошо Алинин рольун ойногон актердун семьясы жонундо жазып койгулачы.
22.02.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
22.02.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иииии десе, мен суйгон актриса гооо.....мектепте окуп жургондр бир сериалын коргон элем. Сейман деген суйгону болуп аткарган, сериалдын атын уже не помню....
26.02.2016. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tattybubu93,Хонодон деген сериалда Бахор Сеймандын суйгону. Мага да аябай жагат соонун сериал болчу!Сосеттердин переводу
22.02.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмуштун таш талканы деген кинонун орусчасы кандай аталат?
22.02.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86,орусчасын билбеймгоо туретскийи paramparca деп аталат соонун сериал
22.02.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rahilka,ошонун орусчасы билгендер жазып койнулачы
22.02.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартылган кинолору коп аябай жакшы аткарат,Буйукустундун тартылган бир эле Аси сериалын билет экем
22.02.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагат да жагат
22.02.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat, анча деле сулуу эмес болгону менен, коздору башкача сулуу. Анан аябай таланттуу, аябай жакшы аткарат. Мен аткарган кинолорун баарын жакшы коруп кором, мага жагат.
22.02.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо турмуштун таш талканы деген кинонун орусчасын жазып койгулачы алдын ала ыраазычылык билдирем.
23.02.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakan,
Осколки
22.02.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саваштын кинодогу апасы дуйно салыптыр жаткан жери жайлуу болсун.
22.02.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jika 1984, Жанагы Даназалуу доордогу Султан Сулейман апасы болуп катышкан аялбы э?
25.02.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mahabbat,ал кино ну корбодум любовь и наказания аткарган аял саваштын апасы
22.02.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу айым экен
22.02.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турк сериалдарынан кабарым жок экен, кызыкбаптырмын ото узак экенин билип убактымды аяйм.
23.02.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силер мактаган турктор деле жарым жартылай кийинип денесин коргозуп суроттторго тушуптурго
24.02.2016. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты актриса.
24.02.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туба Буйукустун тууралуу да маалымат берип коюнуздарчы сураныч... сиздерден
25.02.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zinza.girl,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!
25.02.2016. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун экен бирок жыланач суротко тушкону окундурот адамды
25.02.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Осколки телесериалынан улам ушул актрисаны аябай жакшы кором. Жарым жыланач суротко тушот деп эч ойлобоптурмун, кинодогу ролундай деп элестетип алган окшойм. Симпотичная красотка.
25.02.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тааныбайт экем
26.02.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул актриса мага аябай жагатта достор.
27.02.2016. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чёрная любовь сериалы жонундо жазгылачы сураныч, мага абдан жагат. Бурак Озчивиттин ролу озгочо.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо