КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫН САБАП ӨЛТҮРҮП, АНДАН СОӉ ӨЗҮ АСЫНЫП АЛГАН

№695 26-февраль-3-март, 2016-ж

Өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Түп районунда адам үрөйүн учурган оор кылмыш катталды. Тагыраак айтсак, күйөөсү аялын отургучтун буту менен башка чаап өлтүрүп, андан соӊ өзү асынып алган.

«ИЛИКТӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ»
Бул окуя тууралуу билүү үчүн Түп РИИБинин тергөөчүсү Адилет Кечибаевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 21-февраль күнү саат 9:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы Түп райондук ички иштер башкармалыгына аталган райондогу Байзак айылындагы үйлөрдүн биринен күйөөсүнүн жана аялынын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалыматты бизге айыл өкмөтүнүн кызматкерлери билдиришти. Окуя болгон жерге барып, үйдүн ичинен башынан алган бир нече жаракаттардан улам каза болгон аялдын жансыз денесин таптык. Ал эми эркек сарайдын ичинде асынып алган жеринен табылды. Маркумдардын аты-жөнү такталып, алар күйөөсү менен аялы экендиги, аялы 32 жаштагы Зарина Кусеинова аттуу Байзак айылынын тургуну, ал эми күйөөсү Чоӊ-Тогуз-Бай айылынын 39 жаштагы Мирлан Арыков аттуу тургуну экени маалым болду. Кылмышка далил буюм катары кан болгон жыгач отургучтун буту табылды.
Туугандарынын айтымында, келиндин мурунку турмушунан 13 жаштагы бир уулу бар. Ал эми экинчи жолдошу Мирлан экөөнүн ортосунда 10 жана 7 жаштагы 2 кызы бар. Балдары биз барганда үйүндө жүрүшүптүр. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Биздин божомол боюнча, күйөөсү аялын сабап өлтүргөн соӊ өзү асынып алган.

«ЭШИКТИ ЭЧ КИМГЕ АЧПАГЫЛА!» ДЕП ИЧИНЕН БЕКИТИП КОЙГОН»
Тергөө учурунда маркум Зарина Кусеинованын 13 жаштагы уулу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– 20-февраль күнү түшкө маал мектептен үйгө келсем, апам жана 2 карындашым чай ичип отурушуптур. Жарым сааттан кийин улуу карындашым мектепке кетти. Апам да ошол маалда сыртка чыгып, айылдын жогору тарабына жалгыз кетип баратканын көргөм. Аз өтпөй кичүү карындашым экөөбүз муз тепкени кеттик. Саат 16:30 чамасында үйгө келсек атам ашканада отуруптур. Бизге «эшикти эч кимге ачпагыла!» деп ичинен бекитип койду. Жердин баары кан болуп калыптыр, аны карындашыма тазалатты. Андан соӊ кан болгон таякты мешке салып өрттөп жиберди. Өзү кан болгон паласты бүктөп аркы бөлмөгө киргизип жатканда кайра-кайра «эшикти жапкыла» деп жатты. Эмне болгонуна деле түшүнбөй ал күнү уктап калдык. Эртеси саат 7:30 чамасында ойгонсом, атам менден калем сурады. Калемди алган соӊ кагазга бир нерселерди жазып чөнтөгүнө салды да «дааратканага кеттим» деп тышка чыгып кетти. Жарым сааттан кийин тоокторго жем берейин деп эшикке чыксам, сарайдын эшиги ичинен илинүү экен. Терезеден карасам атам асынып алыптыр. Эшикти эптеп ачып жипти күрөк менен чаап кесип, атамдын денесин жерге түшүрдүк. Анын чөнтөгүнөн «Мен – Мирлан. Аялым мас болуп келип экөөбүздүн ортобузда уруш чыкты. Мен аны сабайм деп өлтүрүп алдым. Балдарымды жана мени кошуп айылга алып кеткиле» деп жазылган катын көрдүм.

«АГАМ МЕНЕН ЖЕӉЕМДИН МУРДА УРУШКАНДАРЫН ДЕЛЕ КӨРГӨН ЭМЕСМИН»
Андан соӊ биз маркум Мирландын бир тууган иниси Эрлан Арыковго байланышып, окуя тууралуу оюн уктук:
– Агам менен жеӊемдин чогуу жашаганына 10 жылдай болгон. Ортолорунда 2 кыз бар. Үй-бүлөсү менен Байзак айылында жашачу. Түптө иштечү. Мурда агам менен жеӊемдин урушкандарын деле көрчү эмесмин, бирок жеӊем иччү да. Агам деле анда-санда иччү, бирок мындай жорукка барчудай мас болгонун көргөн эмесмин. Жеӊем менен агам экөөнүн сөөктөрү чогуу коюлду. Кудалар келип топурак салып кетишти. Алар бизге доомат деле кылышкан жок, «окуянын келип чыгышына жеӊемдин ичип кеткени себеп болду» дегендерин туугандардан уктум.
Аты жаман арактын айынан жогорудагыдай кандуу окуя катталды. «Ачуу – душман, акыл – дос» демекчи, күйөөсү сабыр кылганда бир-үй бүлө жайрап, 2 адам каза таап, 3 бала жетим калбайт эле.

Маркум Мирлан Арыков асынып алган сарай.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
29.02.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудайым ааййй,ушундай окуялар толуп кетти го,балдарынын убалы кимге эми,киимдин козун карап жашашат,омур бою жашоосуна дак болот"атан апанды олтургон,анан озун олтургон"деген...окунучтуу
29.02.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми уч баланын тагдыры кандай болот?
29.02.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аялдын ичкени көбөйүп кетти.
29.02.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baldaryn oilowso bolmok.
29.02.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ аял деген куйоосунон тартынып айбыгып куйоосун козуно тике карабай сыйлап туруш керекда.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-29 16:49:17
29.02.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
apam,ХХХ ХХХ ХХХ.
Беш кол тен эмес.Мен болушкан жокмун,Мисалы
ХХХ ХХХ Деги эле бир адам у.н бут адамдарды жама
аттуу кылуу дурус эмес.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-29 16:49:52
29.02.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jikitai,
Эскертүү! Жеке айтышууларга тыюу салынат!
29.02.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
apam,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат!
10 күн БАНга!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-02-29 16:54:31
29.02.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял ичсе эле олтуруш керекпи? Кокустан болду го бул окуя.Азыркы заманда бешиктен бели чыга элек балдар, аялдар, эркектер, жада калса ак сакалчан карыялар ичет.
29.02.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш балдарына жаман болуптур
29.02.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичкиликтин айынан бир уй булоо талкаланыптыр балдарын ойлобойт бекен аялы
29.02.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактайкор эмне деген жашоо.
Кызыл кандуулука алдырбай жай отуруп суйлошкондо Кан тогулуп Балдар жетим калбайт эле.
01.03.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ушинтип бешенелерине жазылган экенда,балдарына кыйын болота
03.03.2016. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыркы учурларда олум кобойуудо
03.03.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдарго эптеп кыйналып болсо да чоноюп калышат. Олгон оздорунун эле шору болуптур да жап-жаш бойдон.
04.03.2016. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олумго да,башкасына да бир нерсе себеп болот экен.Бул окуяга,эки адамдын олумуно арак себеп болуптур.Балдарына,туугандарына Жаратканым сабыр берсин.
04.03.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи ушул аялдын ичкени болбойт, аял эне аял жар уйун таза кармап кысчу жерин кысып оокатын кылса, ичкен энесин коруп баласы не болот
05.03.2016. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намысы күчтүү эркек экен. Бирок акыл менен чечкенде аттиң, арты кайырлуу болушсун.
06.03.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул аракты айылдагы дукондордон саттырбай коюш керек.Биздин депутаттар ошондой мыйзам чыгарышса жакшы болмок.Сооп иш кылган болушмак.Айылдан атайы арак учун шаарга барып отурмак беле бекерпоздор,ал эми жанында дукондо сатылып атса карызга болсо да алып ичеберишетта.
19.03.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арак эмнени кана кылган жок, арактан алас болорунарды сурам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо