Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЖИ (сериал)

№695 26-февраль-3-март, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Наргиза апасы менен болгон сүйлөшүүсүн Жанарга айткан жок. Жанардын туугандары кудалап барышса апамдар кайда качышмак эле деп өзүн жооткотуп койду. Эч болбоду дегенде ала качты кылып туруп жигитинин үйүнө барып отуруп алат. Ушинтип чечти. Апасы шаарга бир аз жүрүп айылына кетти. Жанарга жолугушу керек. Автобуска отуруп анын үйүнө жөнөдү.
Жанар үйүнүн айланасын жыйнап жаткан экен.
– Кандайсыӊ? Уйкуӊду садага чаап иш кылып жатканыӊа таӊ калып жатам,- кыз жигиттин бетинен сүйүп жатып кобурады.
– Үйлөнөйүн деп жатпаймынбы. Ошон үчүн тазалап жатам.
– Аа, кимге?
– Айта албайм. Сыр.
– Хе, мен болбой көрөйүн, сени эмне кылар экенмин!
Экөө күлүп калышты.
– Баса, апама айттым, алар жакында сенин ата-энеӊе барышат.
– Макул болбой коюшсачы?
– Сен тамашалап жатасыӊбы?
– Жок.
– Алар биздин үйлөнүүбүзгө каршы болушу мүмкүнбү?
– Мүмкүн...
Жанар сөз таппай калды.
– Ой сени болгон, көзүн алайтып туруп калат. Макул болушпаса ала качып кетем дебейсиӊби. Тамаша. Макул болушат. Негизгиси мен макулмун. Сени жакшы көрөм,- Наргиза жигиттин моюнуна асылды.

ххх

Айткандай эле аз өтпөй Зуура туугандарын чогултуп Наргизанын ата-энесинин эшигин кагып калды. Сыртта турган Зуураны көрүп Алмагүл баарын түшүндү. Унчукпастан үйүнө киргизип, төргө өткөрдү.
– Эми, Алмаш, балдарыбыз тил табышыптыр. Билсеӊ керек. Уулум сенин кызыӊа көзү түшкөнүн айтып, мен сага келдим. Макулдашып алалы,- Зуура жаӊыдан эле сөз
баштаганда Алмагүл сөздү бөлдү.
– Токтой турсаӊ, Зуура. Сен ошондо кызыма сөйкө салмакчы болуп жатасыӊбы? Кызым жок азыр.
– Билем, Алмаш. Бирок мен адегенде сенин макулдугуӊду алайын дедим. Балдар тил табышыптыр.
– Туура кылыптырсыӊ. Мага келгениӊ жакшы болуптур. Мен кызымды бере албайм. Тил табышса тил табышкандыр, бирок кызымдын барар жери даяр. Макулдашылган.
Кап этпе,- ушуну менен сөз бүттү. Эки эне андан соӊ эч нерсе болбогондой чай ичип ар кайсыны сүйлөшүп отурушту. Кыйладан кийин бири узатып чыгып, бири туугандары менен үйүнө жөнөдү. Кыязы, экөө теӊ алдын ала эмне болорун билген өӊдүү. Ооба, Зуура муну күткөн. Бирок уулу Жанардын көӊүлүн кыйбай бир келгендегиси болчу.
Жанар ал күнү кечке жуук апасына чалды. Эмне болгонун угуп, ойлонуп отуруп калды. Эми эмне кылат, ала качабы? Жок, антпейт. Андай кадамга барбайт. Ал ушинтип чечти. Наргизага телефон чалды.
– Наргиз, кандайсыӊ?
– Жаман.
– Демек, баарын угуптурсуӊ.
– Ооба. Мени ала качып кет.
– Андай болбой калат го. Сүйлөшүп эле чечебиз.
– Сен эмне, ошондо менден кол үзгөнү жатасыӊбы?
– Жок, алтыным. Коркпо, баары жайында болот. Эртеӊ айылга чыгабыз. Ата-энеӊ менен өзүм сүйлөшөм.
– Алар макул болушпайт. Мени ала качып эле кетсеӊ.
– Наргиз, мен сенден эч убакта баш тартпайм. Жакшы көрөрүмдү билесиӊ го. Сөзсүз бирге болобуз, кам санаба.

ххх

Эртеси алар айылына жөнөштү. Кыз өз үйүнө, жигит өз үйүнө келип түшүп калды. Жанар 1 күндөн кийин Наргизанын үйүнө бармак болду. Ал Наргизанын ата-энесине баарын түшүндүрүп берерине көзү жетип жатты.
Бирок дал ошол күнү анын денесин майда калтырак басып сүрдөп чыкты. Акырын келип дарбазаны тыкылдатты. Эшикти Наргиза ачты. Сөрүдө кыздын ата-энеси отуруптур. Күтүп жатышкандай...
– Саламатсыздарбы?
– Кел, отур!- Наргизанын атасы Жаныбек өктөм сүйлөдү.
– Мен...- Жанар сөз таппай туруп калды.
– Угуп жатам, сүйлөй бер!
– Биз Наргиза экөөбүз баш кошолу дегенбиз. Жакшы тилектерибиз бар эле. Бирок «Наргизанын барар жери даяр» деп айткан экенсиздер. Билип турам, сиздердин алдыӊыздарга келип ушинтип турганым туура эмес. Бирок бул нерсе менин Наргизага болгон оюм таза экенин далилдеп турат. Мен аны жакшы көрөм. Мага ишениӊиздер, кызыӊыздарды бактылуу кылам.
– Бир айтканда түшүнүш керек,- сөзгө Алмагүл аралашты. – Биз сага кызыбызды бербейбиз дедикпи, бербейбиз!
– Сиздерден көптөн-көп суранам. Мен ала качып албайын дедим.
– Ай, жигит,- Жаныбек сүйлөдү. – Кызым «ата, бир угуп кой» деп көндүрдү эле. Сени уктум. Жооп баягы эле.
– Ата, эмнеге?- арыда турган Наргиза ыйлап жиберди.
– Эмнеге дейт! Мунуӊдун кыйратып тапкан оокаты жок, же эл ичинде кадыры болсочу?! Атасы тигинтип ар кайсы аялдын артынан ээрчип жок болду. Ушу жыргатат деп жатасыӊбы? Ушуга кор кылганча эрсиз калтырганым жакшы,- Алмагүл чыдамы кетип кыйкырды.
– Демек, мени кедей деп жатасыздарбы?
– Ооба. Сен томаяксыӊ! Бар, жолуӊа түш!
– Мындайды жомокто эле болот дептирмин. Кеп байлыкта эмес го,- Жанар шылдыӊ менен сүйлөдү.
– Ай, бала, бирдемени кыйратып койгонсубай жогол!- Алмагүл албууттанды.
– Эмне эле болуп жатасыӊ?- Жаныбек аялын тыйды. – Жанар, сен түшүндүӊ го дейм. Биздин жооп өзгөргөн жок, бара бер.
Наргиза апасынын сөздөрүнөн кийин Жанарды тик багып карай алган жок, бетин басып ыйлаган бойдон отуруп калды.

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(30)
29.02.2016. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
биричи
29.02.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара жанар. Иди н.... деп кетип калбайбы кийн наргиза ата енесин коркутканда оздору жалдырап барсак
29.02.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
окубай эле биринчи деп жазасынар а.
29.02.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанар байкуш жаман эле соз уктуго :(
29.02.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тооба эмне деген ата-эне?! Кызынын бактысынан дагы, байлыкты жогору коюшуп.
29.02.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ёёёё, мынча аз ыя? (((
29.02.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аз эле жазылыптырго бир эле суйлом окуугандай болдум. Коооп эле жазыныздарчы.
29.02.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ии байкуш Жанар. Эми Наргизадан узактап кетуу учун Москвага кетет окшойт.
29.02.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай жакшы чыгарма экен Жанар бактылуу болсо экен эми
29.02.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бул жагын мен айтып берейинби Жанар Наргизаны алып алып Россияга качат ал жактан Аруукени корот Аруукени баякы уйуно келе Берген жигит куткарып дарылатып экоо уйлонгон болот Жанар аргасыз Жашоо тан берип Наргиза менен калат же Аруукеге кетип калып Наргизди уят кылат же Акча табайын деп Россияга келет Наргиздин апасынын созуно арданып
29.02.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ач коздор, Аллах жазасын берет эми алардын.
29.02.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энеси кызыктай адамго
29.02.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыркы
29.02.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына кызык, эми бул окуядан кийин Жанар ачууланып, иштеп бутка турамын деп, Москвага келип, баягы патриотторго жолугуп, анан Аруукесинин тагдырын, ошол жерден билип калып, патриоттордун иш-чараларына жолтоо болуп, алардын кылып жаткан "патриоттук" жумуштарына чек койоор бекен.
29.02.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
МенимчеЖанар эми акча топтогону Москвага келип Аруукени корот .
29.02.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арууке олбоду беле
29.02.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арууке тируу го,мурдагыларын унутуп калса керек.Эми Жанарды коруп эстейт..дей берсен
29.02.2016. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Фантазиянар жаман кучтуу а.коменттерди окуп кулуп алдым)))
29.02.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1жума кутобуз дагыыы
29.02.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чыгарманы толук окугандар барбы, бар болсо берсенер. Же болбосо саткыла
29.02.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кудаайым аай
29.02.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жагы татаалдашып кеттиго
29.02.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба мен окудум аягына чейин аябай жакшы чыгарма бирок айтып койсом кызыгы кетип калат ошондуктан ар жума кутуп окуганынар жакшы. супер админге рахмат.
02.03.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur1975,бизге да кайрылыш, ар жуманы куто берип чыдам тугонуп бара жатат
29.02.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыска жазып коюптурго
01.03.2016. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уф кыска жазып коюптур, ушуну окуймун деп кечке жумушта убакыт отпой уйго кирип эле окудумго чиркин, бат эле тугоп калды, Жанар Наргизаны таштап еле салса екен, дагы бироого жолугаар, Арууке олду.
Nazikbaigazy түзөттү 2016-03-01 02:21:59
01.03.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын ата-энесине тан калдым. Ушундай кантип болсун? Кызынызды бактылуу кылам дедиго. Жанардын мунозу да жакшы. Токтоо.
02.03.2016. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааиида Жанар кантип жолугат экен Аруукеге
02.03.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге чыгарманын аталыши ДЖИ
03.03.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulichka.milichka,Сен чыгарманын башынан баштап окусан жообун табасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо