Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮЙ ШАРТЫНДАГЫ ФАСТФУДДАР

№695 26-февраль-3-март, 2016-ж

Фастфуд – жумушка же бир жакка шашып жатканда, же болбосо курсак ачып чый-пыйыбыз чыгып турганда бат даярдалчу капчыкка үнөмдүү даам. Бул даам калориялуу болгондуктан адистер чени менен жегенди, курамына жашылчалардан көбүрөөк кошууну жана көк чай ичүүнү сунушташат.

«ОРОМО ПИЦЦА»

Керектелүүчү азыктар:
Калама (лаваш) – 1 даана
Тоок эти – 200 грамм
Помидор – 1 даана
Сыр – 100 грамм
Шпинат – 1 боо
• Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач тоок этин майда туурап, 10 мүнөт кууруп алабыз.
2. Каламаны 4 бөлүккө бөлүп, ар бирине куурулган тоок этин, майда тууралган помидорду, шпинатты салып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелейбиз да, оройбуз.
3. Эми үстүнө бир аз кетчуп куюп, сырдан себелеп микротолкундуу мешке салабыз же табаны майлап ысыган кезде төрт тарабын кактап бышырып алабыз.

«ЫСЫК ЧӨНТӨК»

Керектелүүчү азыктар:
Каттаманын камыры – 1 таӊгак
Сыр – 200 грамм
Колбаса – 200 грамм
Жумуртка – 1 даана
Петрушка – 2-3 тал

Даярдоо ыкмасы:

1. Камырды 4-5 миллиметр калыӊдыкта жаябыз.
2. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, колбасаны ичке кесимдерге бөлүп кесебиз.
3. Жайылган камырдын жарымына алгач колбасанын кесимдерин тизип, үстүнө сырды себелейбиз да, экинчи бөлүгүн кайрып үстүн жабабыз. Эми муну өзүбүз каалагандай өлчөмдөгү кесимдерге бөлөбүз да, майланган табага салабыз.
4. Жумуртканын сарысы менен кесимдердин бетин сүртүп, 180 градуста ысып турган электр мешине 20-25 мүнөт бышырып алабыз.


«ДААМДУУ ТҮТҮКЧӨ»

Керектелүүчү азыктар:
Камыр – 1 субала
Сыр – 100 грамм
Колбаса же сууга бышырылган эт – 200 грамм
Жумуртка – 1 даана
Кургатылган орегано

Даярдоо ыкмасы:

1. Камырдын жасалышы, жайылышы мантыныкындай эле болот. Жайылган камырды төрт чарчы (шапалак) түрүндө кесип алабыз.
2. Кесимдин теӊ ортосуна колбасанын жана сырдын кесимдерин салып, үстүнө ореганону себелейбиз. Эми камырдын үч учун ичкерини көздөй кайрып, түтүкчө түрүндө оройбуз. Кийинки учуна жумуртканын сарысын сүртүп бекитебиз.
3. Даяр болгон түтүкчөлөрдү ысып турган майга салып кызартып алабыз. Бул даамды кетчуп же атайын даярдалган соустар менен дасторконго берсеӊиз болот.

«ЧӨЙЧӨКЧӨ»

Керектелүүчү азыктар:
Калама (лаваш) – 1 даана
Фарш – 200 грамм
Пияз – 1 баш
Сыр – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
• Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач майга тууралган пияз менен фаршты 5 мүнөт кууруп алабыз.
2. Каламаны каалаган формада, тегерек же төрт чарчы түрүндө кесип алабыз да, майланган табага (кекс үчүн атайын таба) салып, ичине куурулган туурамжыны, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды салабыз. Туурамжыга табитиӊизге жараша ар кандай азыктарды кошсоӊуз да болот. Мисалы, жумуртка, зайтун ашы, консерваланган жүгөрү, буурчактын түрлөрү.
3. Эми табаны 180 градуста ысып турган электр мешине салып, 20-25 мүнөт бышырып алабыз. Бул даамды жашылчалардан жасалган салат менен дасторконго берсеӊиз болот.






Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(9)
29.02.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оңой экен, жасап көрөлү эми
29.02.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Керектуу кенеш рахмат
29.02.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каттаманын камыры деген слоеное тестобу же кандай?
29.02.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super kelinchekke kaisy wilteme arkyluu kiren korsotup koigulachy admin
29.02.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnura-94,
Саламатсызбы! Төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүз.
http://www.super.kg/vote/
29.02.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тамактар жасап уйронуш керек
01.03.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шилекейди агыздынар го...?!
02.03.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа, каттаманын камыры деген слоеное тесто
06.03.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kopton beri kaalaganym
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо