№695 26-февраль-3-март, 2016-ж
Ысык-Көл облусунда жашаган балдар салмагы жагынан Эӊ АРЫК болуп чыкты. Андан кийин Ош жана Чүй облусунда арык балдар көп. Ал эми салмагы нормага жакын балдардын көбү Талас облусунда. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
АКШдагы Кыргызстандын элчиси КАДЫР ТОКТОГУЛОВ кошумча Канадага, Кувейттеги Кыргызстандын элчиси ЖУСУПБЕК ШАРИПОВ кошумча Мароккого элчи болуп дайындалышты. Алар эки өлкөнү айкалыштыруу менен элчилик кызматтарын өтөшмөкчү.
24-февралда Калыбек Сатыбалдиевдин ордуна Ички иштер министринин орун басары болуп ДАНИЯР АБДЫКАРОВ дайындалды.
2015-жылы Кыргызстанда 63, 2014-жылы 80 аял ТӨРӨТ УЧУРУНДА кайтыш болгон. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева билдирди.Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |