№695 26-февраль-3-март, 2016-ж
«Айыл өкмөтү» тасмасында аймактык тескөөчүнүн ролун жараткан кер мурут актёр Аскат Сулайманов жубайы менен ажырашып кеткендиги тууралуу кесиптештеринин укканыбыз бар. Окуянын чын-бышыгын билүү үчүн актёрдун жубайы Элмира айымга байланышканыбызда: «Бул тууралуу эч нерсе айткым келбейт, Аскаттан сурагылачы»,- деген кыска жообун узатты. Ал эми Аскат мырза: «Көпчүлүк учурда колум бошобой калып келинчегим той-кечеге жалгыз барып калып жатат. Ошондон улам ушундай кеп тарап кетти окшойт»,- дейт. Үй-бүлөлүк турмушта кагышуулар, таарынычтар болуп турат. Көрөрмандардын сүймөнчүгүнө айланган Аскат Сулаймановдун бүлөсүндө да тынчтык болушун каалайбыз."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат!