«АПАМ ЖАТКАН КӨРҮСТӨНГӨ СИӉИП КЕТКИМ КЕЛЕТ»

№695 26-февраль-3-март, 2016-ж

– Азаптын тузагына түшүп, ыза мени күн санап муунтуп барат. Турмуштун мындай ур-тепкисине кабылганыма аз гана күн болду. Апам рак илдетинен каза болуп, 40 күн өтпөй атам үйлөнүп алды. Болгондо да апамдын курбусуна. Курбу болбой куруп кетсе гана?! Апамдын табытын үйдөн алып баратканда жер кучактап, кайра туруп ыйлап жатканымда ушул жексур жанымда турган. Анын өлүктү кубанычтуу узатып карап турганын эстесем азыр да денем муздай түшөт. Топтолгон эл:
– Жаш кетти, байкуш.
– Эми жалгыз кызына эле кыйын болот го. Жакшы адам эле...- деп айтып үшкүрүп жатышканда ушул аял гана жүзүнөн нур чачып сүйүнүп турган. Көрсө, апамдын өлүмүн күтүп жүргөн экен. Атам апамдын кыркын өткөрүүгө шашылып, 20 күн араӊ чыдады. Туугандарыбыздын каршылыгына карабай бул аялды үйгө алып келип жашап алды. Дүйнөм аӊтарылып, апамдын элесин издеп жүрсөм, атам экөөнүн эч нерсе болбогондой жашап жүргөнүнө таӊмын. Ууртунан жылмаюу кетпей, кыӊылдап ырдап жүргөнүн көргөндө каӊырыгым түтөп кетет. Атамда болсо санаа жок. Акыркы күндөрү өзүнчө эле бактылуу болуп жүрөт. Алардын күлкүсү жүрөгүмө сайылган канжар сыяктуу. Экөөнүн күлкүсүн укканда жерге бүк түшүп отуруп өксүп ыйлайм. Башка аргам барбы? Апам жан берген бөлмөдөн чыккан күлкүлөрү анын көрүнөн чыккан ыйдай угулат. Андайда күн болобу, түн болобу боз топуракка оронгон мазарга барып, апамдын мүрзөсүн кучактап алып көкүрөгүм бөксөргөнчө ыйлайм. Тирүүлөй күйүт отуна куйкаланганча көздөн аккан жашым менен кошо көргө сиӊип кетсем экен деп тилейм. Бугумду чыгарып, арманымды апама айтып болгон соӊ кайра үйгө келем. Мурункудай жылуулук жок, көрксүз үйгө кирер замат муздай баштайм. Апамдын мээримин издейм. Сөздөрүн, күлкүсүн, элесин сагынам. Жытына куса болуп кийимдерин моокумум канганча жыттап алам.
Бүгүн дагы адаттагыдай мазарга барып ыйлап, апам менен сүйлөшүп келдим. Асылым өлөр алдында «кызым, чоӊойгондо киесиӊ, жакшы көрүп алдым эле, кийбей калдым» деп көйнөгүн берген болчу. Ал көйнөктү кийгим келип кийимдердин арасынан издеп таппай койдум. Кечинде атам экөөнүн жетелешип келе жатканын көргөндө моюнумдан бирөө кыскандай буулуп, көзүмө жаш толуп калтырап чыктым. Апамдан эстеликке калган көйнөктү кийип алганын көргөндө үстүнөн сыйрып алгым келди.
– Көйнөктү эмне кийип алдыӊ?!- ачуулуу үнүм менен кыйкырдым. Тезинен чеч! Сендей көӊүлү арамдар апамдын бет аарчысын да кармоого татыксыз!- дедим. Эч нерсе болбогондой:
– Атаӊ белек кылды,- деп шылдыӊдай карап бөлмөсүнө кирип кетти.
Мени жат кишидей карап турган атамды кучактап:
– Апамдын арбагын кордобоӊузчу,- деп жалдырап ийдим. Ал:
– Аиданы мурдатан эле жакшы көрчүмүн. Апаӊды сүйгөн эмесмин. Ал өлдү, унут!- деди кесе сүйлөп.
– Апам мен үчүн өлбөйт, ал тирүү. Арбагы кордолгон үйдө жашагым келбейт,- деп үйдөн чыгып кеттим. Апам калтырган көйнөктү кийбей, жытын искей албасам да, ал менин жүрөгүмдө жашайт. Ушул ойлорго жетеленип мазарга баратам. Бүгүн менин апама айтчу акыркы сөзүм бар. Үйгө баргым келбейт. Көрүӊө батырып алчы, апаке. 

Мээрим

Абды Кадыров
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(15)
29.02.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Апаларыбыз аман болсунчу.
29.02.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
эххх,мен да ата-энемдин мурзосуно барганда,жерди чукуп жанына жатып алгым келет((((,ушунчалык сагындым аларды,жытын сагындым,мээримин сагындым..Ата-энени козу барда сыйлай жур...
Stervamyn түзөттү 2016-02-29 10:00:14
29.02.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Катын олсо кайгырба,кайра тошок жанырат,деген созду бироодон угуп тан калган элем,чындыгында эле эркектер жылына чейин дагы чыдашпайт.
29.02.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aikokul14,беш кол тен эмес,аялымдын ордун эчким баса албайт деп уйлонбогондорду деле коргом
29.02.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аралар аман болсун
29.02.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте оюна толугу менен кошулам.
29.02.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аялымдын оордун эчким баса албайт деп,эркектердин минден бири гана айта алышы мумкун,а так эркектин бети жер менен барабар дегенге даагы бир жолу ишендим.Энелер узак жашагыла, айланайын аялзаты,эрими байытам,эрими кийинтем,эриме машина алып берем деген аялдар айрыкча,ашыкча тытынбагыла,ден соолукту карайлы,баардыгын жыйнап,олуп кетсек,балдарга деле ыраа корушпойт дунуйонду,башка бироо келииип,уялбай басып калат ушинтип,,,,Энелер узак жашайлы!!!!!
29.02.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окуп буткучө ыйладым.
29.02.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эри олсо аялдар турмушка чыкпай так отчудой болуп комментарий жазыпсынар
01.03.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Altyn10076,
Кудай сактасын эри тируу болуп ажырышсада, эрге тийбей балам деп откондор аз эмес!!! Кичине ойлонуп сулосонуз?! Сизиди да апа алып келген бул жарыкчылыка! Ушул даражага кочодо журуп жетпесениз керек!
01.03.2016. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелерибиз эсен болсун
01.03.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактыма алтыным АПАМ бар эле болсунчу, алты саны аман, ден-соолугу таза, омуру узууун болуп торубуздо жалан жакшы кундорубузду коруп журо берсинчи!
06.03.2016. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхххх Апа Апа!!!!оу балам деген созуно зар болдум Апа!!!!!!!!!!!!
06.04.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"атасыз жетим,гул жетим.энесиз жетим,кор жетим."-деп,бекеринен айтылган эмесго
29.05.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуулукту берсин сага аябай ыйладым Аллахым ОЗУ колдосун (((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо