Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мирбек Атабеков: «УУЛУМДУ КӨРГӨНДӨ ЭЛЕ БААРЫН УНУТУП КОЁМ»

№696 4-март-10-март, 2016-ж

«Ата болгон сонун турбайбы, эрте эле үйлөнүп албай деп азыр өкүнүп жатам» деген Мирбек Атабеков жубайы, уулу тууралуу кеп козгогондо тим эле көздөрү жайнайт. Ырчы мырза жашоосундагы акыркы кубанычтарын айтып, көтөрүңкү маанайда маек курду.

– Кандайсың, Мирбек? Сени менен акыркы жолу эки жыл мурун, үйлөнүү тоюңда маек курган экенбиз. Андан бери ата болдуң, жашооңдогу кубанычтарың менен бөлүшүп кетпесең болбос...
– Жакшыбыз, рахмат. Ооба, чынында акыркы эки жылда жашоомдо көп жакшылыктар болду. Сүйүктүүмө баш коштум, андан кийин уулдуу болдук. Азыр көз тийбесин, бактылуу ата-энебиз. Жеке жашоо менен эле алышып жүрө бербей, чыгармачылыкты да унуткан жокпуз. Былтыр, эсиңиздерде болсо, сахнада жүргөнүмө 10 жыл болгонунун урматына отчёттук концерт бергенбиз. Ойлоп көрсөм, эл кыдырбаганыма 8 жыл болуптур. Ошондуктан быйылкы жылды гастроль жылы деп жарыялап, Нооруздан баштап Ош жергесин кезип, андан ары Аксы, Исфана, Алайга чейин концерт коюп келейин деп жатам.

– Ушуга чейин бир топ ыр жаздырып, клип тарттырдың. Арасынан эң кымбатка түшкөнү кайсы болду?
– Клиптердин арзанын да, кымбатын да тартып көрдүк. Кээде экөөнүн айырмасы деле жок болуп калат экен. Мисалы, Москвадан тарткан «Унута албайм» клибиме 5-6 миң доллар короду. Ал эми кийинки «Мөлмөлүм» андан 2 эсе арзан түшсө да көп каралды, элге жакшы алынды. Кээде оригиналдуу болсун деп жазган ырларың элге жакпай калышы мүмкүн. Негизи көпчүлүктүн көңүлүн табыш оңой эмес.

– Жеке жашоого келсек. Идеалдуу үй-бүлө сен үчүн кандай болушу керек?
– Идеалдуу үй-бүлө болуш үчүн ар бирибиз өз кызматыбызды мыкты аткарышыбыз керек. Эгер аял киши эркектин ишин аткарып баштаса туура эмес болуп калат. Же эркек киши ушакка берилип, аялдын ишине киришип баштаса, ал да жаман көрүнүш.

– Мээримдин сен өмүр бою чогуу жашагың келген кыз экенин качан сездиң?
– Адамда ички туюм болот, мен ошого ишенем. Мээримди биринчи жолу көргөндө эле «балким, ушул кыз кийин менин жубайым болуп калар» деген ой келген. Келинчегим кичинекей кезинен эле музыка чөйрөсүнө кызыгып, интервьюларды алып калчу, көп көрүшүп, жакшы сүйлөшүп жүрчүбүз. Бир жолу туулган күнүн өткөрүп жатканын угуп, гүл берип куттуктап кеткем. Ал 18 жаштан өткөндөн кийин «ушул менин жубайым болот» деп толук көзүм жетти.

– Чогуу жашап баштаганда бири-бириңердин биле элек мүнөзүңөр ачылгандыр...
– Албетте, кыз-жигит кезде бири-бирибизге жагыш үчүн көп нерсени жашырып, кызыксыз нерсе айтып жатса да көңүл үчүн «ии, сонун» деп койчубуз. Азыр болсо жакпаса жакпайт деп дароо эле айтып салабыз (күлүп).

– Келинчегиңдин Америкада көз жарышына ал жакта тейлөө жакшы болгону себеппи же башкабы?
– Келинчегимде мага турмушка чыга электе эле АКШнын грин-картасы бар болчу. Кош бойлуу кезинин акыркы күндөрүндө Мээрим ал жакта болгондуктан, ошол жакта төрөгөн ыңгайлуу болуп калды. Апам да ал жагдайды туура көрдү. Мен апамдын суранычын аткардым.

– Ата болгонго чейинки, андан кийинки Мирбекти мүнөздөп берсең. Баалуулуктар өзгөрдүбү?
– Кадимкидей өзгөрдү. Акыл баары бир бийлеп турат да. Балалуу болууга даяр болчумун, бирок жоопкерчилик күчтүү экенин билбептирмин. Азыр «эрте эле үйлөнүп алсам болмок, кап» деп калдым. Мына буюрса, 3 ай болду, бала деген аруу болот экен. Кээде жиним келгенде Адамды карасам баарын унута түшөм. Мурун бир тааныш «сен 25 жашка чыктың, 30га чейин убакыт бат эле өтүп кетет. 30дан кийин андан да бат өтөт. Андан кийин депрессия башталат» деп айтты эле. Менимче, адам бир нерседен тажаганда депрессияга кабылат. Балким, бойдок болуп жүрө берсем, бара-бара ал жашоодон тажап депрессияга түшмөкмүн. Үйлөндүм, жыл айланып уулдуу болдум. Мындай бакыт менен бир гана ырахаттанып жашаш керек.

– Уулуңардын аты да өзгөчө, Адам деп коюптурсуңар...
– Ооба, уулубуздун атын Адам деп чоң апасы койду. Буга чейин андай ысымды эч жерде уккан эмесмин. Адамзат үчүн кызмат кылсын, адам болсун деген тилекте койдук. Угушубузча, бизден кийин баласын Адам деп атагандар болуптур. Ушул жерден бир нерсени айта кетейинчи, азыр көпчүлүк чет өлкөлүк ысымдарды балдарына коюп башташпадыбы. Ошол нерсени мен туура көрбөйм. Албетте, ар кимдин ою бар деңизчи, ошондо деле кээде кыргыздын ысымдары ушинтип отуруп жок болуп кетеби деп ойлой берем.

"Экстремалдуу эс алуудан ырахат алам".

"Адамды жаңы көргөндө өзүмө окшоштурбай жаткам. Торолуп, чоңойгон сайын менин көчүрмөм болуп баратат".

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(56)
07.03.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аял жакшы эр жакшы ...дайым бирге болушсун
07.03.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омуруу узун болсун!
07.03.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адам ошондо Америкалыктардын атыбы
07.03.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
У каждого свой вкус бирок аялы менен не пара эле корунот . Мирбек красивый такой.
08.03.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pakissstanka,сулуулук жуздо эмес. Сулуулук журокто,адепте,тарбияда.
09.03.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pakissstanka, наоборот ХХХ ХХХ аябай бири бирине окшош, парале... :)))
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-09 11:20:40
09.03.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
09.03.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, менин жазганым мазактоого эч бир жаткан эмес.... мен Мирбек менен Мээримди жакшы коруп жазганым болчу...
07.03.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аида Чоткараевадан интервью алыныздарчы Супер Инфо?!
10.03.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
magic1721, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат!
08.03.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уулунун бетин неге көргөзбөгөн
08.03.2016. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам Сайтиев,деген вольный барец бар.
08.03.2016. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Adam i Eva. Adam degen tochno kyrgyzdyn aty emes.
FSB түзөттү 2016-03-08 02:02:11
08.03.2016. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек сиз суперсиз, женем айдай, Бактылуу болунуздар Адам кыргызстанга керектуу адам болуп чонойсун оомиин
08.03.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
adam sendler
08.03.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
omurluu bolsun Adam Atabekov
08.03.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мисалы Адам и Ева дегендер бар го
08.03.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адам еврейлердин аты
08.03.2016. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качан интервью аласынар Аалы Туткучевден? Аябай чыдамсыздык менен кутуп жатам,Роза Аманова,Замирбек Усонбаев ондуу залкар адамдардан интервью алгылачы сураныч.
08.03.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула.бирок баланардын жузун жашырганынар жакпады.
08.03.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Адам деген ат море.Бизден кийин коюп калышты дейт го таза.
08.03.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
1.asel.,туура айтыпсын как будто баласы кыйлага чыгып анан артынан адамдар коюлгансып тим более Адам кыргызча ат эмес ал дуйнолук ысым аалам боло бербечи Мирбек
08.03.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адам- эн биринчи пайгамбардын аты! Адам алейхи саламдан жалпы адамзат тараган!!!
09.03.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ss90,туура айтасыз!!!
09.03.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Коз тийбесин" деген ырым менен наристесинин жузун жашырып койгондур... Бирок, ошонусу жарабай калыптыр. Ошентсе да уй-булонорду бакыт коштоп, уулунар чоон жигит болсун тилектемин.
09.03.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кругозору кыска адамдын жообу го. «Буга чейин ысымды Кыргыздардан уккан эмесмин» десе болмок, бирок анда да акылы чамалуубу дейсин, кыргызда деле Адам аттуу коп эле бар, белгилуулордун арасында деле.
«Ушул жерден бир нерсени айта кетейинчи, азыр көпчүлүк чет өлкөлүк ысымдарды балдарына коюп башташпадыбы. Ошол нерсени мен туура көрбөйм. Албетте, ар кимдин ою бар деңизчи, ошондо деле кээде кыргыздын ысымдары ушинтип отуруп жок болуп кетеби деп ойлой берем» дептир,
09.03.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам иврит аты го, ал Адам Смит, Адам Сэндлер, Адам Левин дегендер жонундо уккан эмеспи? Же Курандагы Адамды алган болсо-анда бул деле кыргыз аты эмес да,араб болуп жатат го!!!!
Azura түзөттү 2016-03-09 15:16:45
09.03.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болуңуз Мирбек байке
10.03.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы...Алайга барып келиниз...
10.03.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим Расул кызынан да алып койгулачы интервью,жоголуп кетти го
10.03.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула,уй булонордо ар дайым жакшылыктар болсун
10.03.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Мирбек Атабековдун эмгегин аябай баалайм.Уну да аябай сонун,клиптери да, ырлыры да жагат.Бирок бир да жолу Мирбектин концертине бара албадым.Мирбектин концертине барышты энсеп журуп карып кетпесем болду.Ошто бир жолу концертине барышка аябай аракет кылдым,бирок билеттин баасы 1500сом болду дешти.Бул мен учун чон акча болгондуктан бара албадым.Быйыл Кыргызстанда коп концерт берем дейт,а мен болсо быйыл Москвадамын.Москва жергесине келет бекен,кабар берип коюнуздарчы Супер инфо.Сураныч.
11.03.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйбулолук бактылуу жашоо каалайбыз.
12.03.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбектин жубайы казак кызыбы? Фамилиясы башкачаго
12.03.2016. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам-пенде арабчадан. Ад-тозок, ма-...., орусчадан.
13.03.2016. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зынк
23.04.2016. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам-кыргызча дагы мааниси бар соз. КИши, Адам, адамзат деген мааниде.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо