№696 4-март-10-март, 2016-ж
Орусиялык "Россия-24" жана "Россия" телеканалдары Кыргызстанды "Ислам мамлекети" уюмунун мүчөлөрүн даярдоочу жай" деп атап, эфирден кыргыздардын террордук уюмга азгырылып жатышы тууралуу сюжет көрсөтүштү. Анда кыргыз мамлекети Орусияга аталган уюмдун өкүлдөрүнүн киришине жол ачуучу негизги каналга айланганы айтылат. "Кыргызстандын жүздөгөн жарандары учурда Сирияда согушуп жатышат, кийин алар эмгек мигранты катары тоскоолдуксуз, визасыз Орусияга кириши мүмкүн. Жакында эле Санкт-Петербургда бир нече жардыруу уюштурууну пландап кармалгандар Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Бул факт жогорудагыдай коркунуч бар экенинин далили",- дейт "Россия" телеканалынын диктору. Сюжетте "Ислам мамлекети" тобуна адамдарды тартууга шектелип кармалган Улукбек Убайдуллаев аттуу жарандын маеги, азгыруучулардын тузагына илинген жарандар тууралуу маалымат берилди. Буга катар эле 2015-жылдын июль айындагы террорчу деп аталган адамдар менен атышуу тартылган УКМКнын оперативдүү тасмасы да көрсөтүлдү. Телеканалдын баяндамачысы кыргыздар жакырчылык жана диний сабатсыздыктан улам Сирияга азгырылып жатканын айтат. "Кыргызстандыктар Сириядагы жарандары эртеби-кечпи мекенине кайтып келишинен чочулашат. Бул алар мигрант катары кыйынчылыксыз коңшу өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга да кириши мүмкүн дегенди билдирет",- дейт баяндамачы."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |