№696 4-март-10-март, 2016-ж
Москва шаарында 29-февраль күнү үрөй учурган окуя болуп өттү. Өзбекстандан Орусияга келип бала багуучу болуп жүргөн Гүлчехра Бобокулова аттуу аял 3,5 жаштагы Анастасия аттуу оорукчан кыздын башын кесип алып көчөгө чыккан. Кесилген башты колуна алып булгалап, “Аллаху Акбар” деп кыйкырып ары-бери басканын видеого тартып алгандар тасманы интернетке таратып жиберишти. Бобокулова өзүн террорист атап, кимдир бирөө жакындаса өзүн жардырып жиберерин айткан. Көп өтпөй полиция кызматкерлери Гүлчехра Бобокулованы кармап, камакка алды. Маалым болгондой, ал орус улутундагы Мещеряковдордун үй-бүлөсүндө 3 жылдан бери бала багуучу болуп иштеп келген. Аны үй-бүлөдө баары жакшы көрүшчү. Кырсык болгон күнү Мещеряковдор улуу баласын алып, кичүүсүн бала багуучу менен калтырып чыгып кетишкен. Алар кетери менен Бобокулова кызды өлтүрүп, анын башын кызыл баштыкка салат да, үйгө өрт коюп чыгып кеткен. Кийин "Октябрьское поле" метростанциясына барып, жогоруда айтылган иштерди жасаган. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |
Интервьюларында даана байкалып турат психикалык жактан оорулуу экени.