BEELINE МАРАТ ИСАЕВГЕ КОЛДОО КӨРСӨТТҮ

№696 4-март-10-март, 2016-ж

Телекоммуникация рыногунун лидери Beeline Москвадагы метродо аялды куткарган Марат Исаев жана анын үй-бүлөсүнө бир жылдык өзгөчө байланыш сунуштады. Ошондой эле мекенине келген Маратка заманбап түзүлүштөрдү тартуулады.

Beeline Москвадагы метродо аялды куткарган кыргызстандык Марат Исаевге колдоо көрсөтүүнү чечти. Компаниянын адистери атайын Марат жана анын үй-бүлөсү үчүн уникалдуу сунуш иштеп чыгышты – байланыш жана мобилдик интернетке бир жылдык эксклюзивдүү тариф. Мекенине учуп келген Маратты болсо брендделген смартфон жана планшет күтүп жаткан.

«Биз Марат Исаевдин жасаган эрдигине суктанабыз. Өз өмүрүн тобокелчиликке салып бейтааныш адамды куткаруу – эң зор адамдык жана баатырдык касиет. Биз Маратка жана анын үй-бүлөсүнө кубануу менен колдоо көрсөтүп жатабыз. Мекендешибиз менен абдан сыймыктанабыз. Кыргыз жергеси чынында өзгөчө инсандарга бай. Бүткүл дүйнө Кыргызстанды Марат сыяктуу адамдар аркылуу таанышсын»,- дейт Beeline’дын башкы директору Ернар Накисбеков.
Эске сала кетсек, кыргызстандык Марат Исаев Орусиянын полиция кызматкери Артём Королюк менен бирге Москвада метронун рельсине кулап кеткен аялды куткарып калышкан. Ал аялдын талмасы кармап, эсин жоготуп, рельске кулап түшкөн. Марат Артёмдун артынан секирип түшүп, аялды поезд келгенче рельстин ортосуна сүйрөп жаткырганга жетишип, өздөрү да жатууга аргасыз болушкан. Поезд «Красносельская» станциясынан кеткенден кийин жигиттер жабырлануучуну платформага көтөрүп чыгарышкан. Азыркы тапта аялдын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
07.03.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Марат аке,сыймыктанабыз сиздей эр журок кыргыз мырзасына.
07.03.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айиий мынча жакшыы) башына бакыт кушу конуптурдаа молодец!эми билайндан мегаком кем бекен деп Мегаком чыкпаса эле )))
08.03.2016. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begai93,хахахаха))
07.03.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынында азаматсыз Марат байке!сиздей жигиттер бар экен биз кыргыз кыздары эч рерседен кооптонбойбуз
08.03.2016. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Марат байке азаматсыз, Маратты колдоп сыйлаганынар Жакшы бирок, кече питерде дагы кыргыз жигиттери жаш баланы куткаргандыгы тууралуу маалымат Жакшы кетпей жатат, аларда Мараттай омурун тобокелге салып ойноп жаткан балдарын таштап суукта сууга тушкон жигиттерди да караштырып сыйлап коюу керек,
09.03.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ииий бул жыл Мараттын жылы болду го.Азаматсыз белегиниз кут болсун
10.03.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азматсын марат эмнеси болсо эрдик кылдын россиядагы кыргыздардын зоболосун которуп койдум мен дагы россиядамын
12.03.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымда ушундай эр журок уулдардын болгону кандай жакшы.Азаматсын Марат биз сендей уулдар менен сыймыктанабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо