№696 4-март-10-март, 2016-ж
5-мартта тушоо кесүү концертин бергени жаткан Нурмат Садыров Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Ырчы мырза кубанычы менен бөлүшүп, алдыдагы концерти тууралуу айтып берди.
– Нурмат, Ардак грамота кут болсун!
– Рахмат. Күтүлбөгөн жагымдуу сыйлык болду. Жаратып жаткан эмгектерим бааланып, маданиятка салым кошуп жатканыма кубанычтамын. Бул менин чыгармаларым эл ичинде уккулуктуу болуп жатканынан кабар берсе керек. Анткени менин кол-буттан алып жардам берип чуркап турган продюсерим жок. Элдин колдоосуна, алкышына татып турганга эмне жетсин?!
– Концертиңде өзгөчөлүктөр болобу?
– Ырларымды сүйүп уккан күйөрмандарым үчүн сахнанын кооздугуна жакшы көңүл буруп, каражат аяган жокмун. Концертте оюн ойнотулуп, күйөрмандарыма белектер берилет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Элдер кызык элесинер?