ИНСТАГРАМДАГЫ ПОПУЛЯРДУУ АТАКТУУЛАР

№696 4-март-10-март, 2016-ж

2015-жылдын 9-октябрындагы инстаграмдын расмий сайтынын иликтөөсүндө актриса жана модель Ким Кардашьян 45 миллион окурманы менен алдыга чыккан. Кыргызстанда күлкү жараткан кыска видео тасмалары менен таанымал Элдана Сатыбалдиева аттуу колдонуучунун окурманы 500 миңди чапчыган. Ал эми кыргыз шоу чөйрөсүндө атактуулардын арасында бул тармакта 134 миң окурманы менен ырчы Анжелика, 108 миң менен Аяна Касымова, 98 миңден ашуун окурманы менен Мирбек Атабеков, 94 миңдей колдонуучусу бар Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген турат. Инстаграмга сүрөт, видео гана жүктөбөстөн, жарнама жайгаштырып акча тапкандар да бар.

Айымжан Айылчиева: “ИНСТАГРАМДЫ АКЧА ТАБУУ ҮЧҮН КОЛДОНБОЙМ”
– Бул тармакка жаңы катталганымда баракчама жазылгандар саналуу эле болчу. Кыргыз тилиндеги “Ак бата”, "Атам менен энеме" аттуу чыгармаларды аткаргандан тарта баракчама жазылгандар көбөйдү. Баракчама тез-тез көз салып турам, күн сайын жаңы окурмандар кошулуп турат. Жарнамасын жайгаштырып берүүнү сурангандар болот. Бирок бул тармакты акча табуу максатында колдонбогондуктан кызыкпайм.

Катталганына 1 жылдан ашты
Окурмандары – 95 000

 

Нурлан Насип: “БАРАКЧАҢДЫ 800 ДОЛЛАРГА САТПАЙСЫҢБЫ ДЕШКЕН”
– Инстаграмды чыгармачылыгым үчүн гана пайдаланам. Бул жеке баракчам болгондуктан тааныштарымдын, чыгармачылыктагы досторумдун концерттеринин жарыяларын бөлүшүп турам. Концерт, интервьюларымдан видео-селфи кылып күйөрмандарым менен бөлүшүп турганым болбосо, инстаграм үчүн атайын сүрөт, видеого деле түшпөйм. Окурмандарымдын саны
50 миң учурунда “800 долларга сатпайсыңбы?” деп сунуштагандар болгон.

Катталганына 1 жыл болду
Окурмандары – 91 000ден ашуун

 

Айкөл Аликжанова, актриса, модель: “ТОВАР ЖАКСА БАРАКЧАМА ЖАЙГАШТЫРАМ”
– Баракчама күнүнө 200дөн 500гө чейин адам кошулуп турат. “Сатпайсыңбы?” дегендерге каршы болом. Анткени баракчама башымдан өткөн окуяларды жазам. Ал жерде менин эмоциям, бактылуу учурларым жазылат. Мындай нерсени сатпаш керек. Жарнамаларын жайгаштырып берчи дегендердин кызматы же товары жакса, баракчама жайгаштырууга макул болом.

2014-жылы жазында катталган
Окурмандары – 90 000

 

Омар: “КАНЧА ОКУРМАНЫМ БАР ЭКЕНИН ЖАКЫНДА БИЛДИМ”
– Баракчама сүрөт, видеолорду жүктөп, кесиптештеримдин концерттерин жарыялап турам. Мындан сырткары жардамга муктаж болгон адамдардын кайрылууларын жарыялап берем. Канча адам кошулуп жатат, канча адам жазылды маани бербейм. Үч-төрт ай мурун тааныштарым “баракчаңа жазылган адамдардын саны 50 миң болуптур” дешти. Аны кайсы жеринен караарын да билбейт экем. “Сат же жарнама жайгаштырып бер” деп кайрылгандар болот. Баракчаны бизнес кылыш үчүн ачпагандыктан кызыкпайм.
2014-жылы жазында катталган
Окурмандары – 90 000

 

Эрнист Сыдыков, клипмейкер: “БАРАКЧАМДЫ 700 ДОЛЛАРГА САТКАМ”
– Мен азыр экинчи баракчамды колдонуп жатам. Биринчисин 36 миңден ашуун окурманы менен 700 долларга сатып жибергем. Азыр деле күнүнө 100дөн ашуун адам кошулуп жатат. Айрымдар атайын программалар аркылуу кишилеринин санын көбөйтүшөт экен. Антип көбөйтөйүн деп жан үрөбөйм. Жөн гана жумуштарымды баракчама илип, клиптерге сынактар болсо жарыялап турам.

Катталганына 1 жыл болду
Окурмандары – 13 000

 

МЫНДАН СЫРТКАРЫ...
Асел Кадырбекова – 85 300
Сайкал Садыбакасова – 82 200
Гүлжигит Калыков – 79 200
Чолпонай – 64 300
Арсен – 59 000
Назгүл Токтакунова – 58 000
Малика – 57 000
Неля – 51 000
Дайыр Исмадияров – 45 600
Бегиш – 41 500
Эмил Эсеналиев – 36 300
Самат Эркинбек уулу – 36 000
Каныкей – 33 600
Атай Өмүрзаков – 34 000
Нурзат Токтосунова – 32 000

 

Учурда дүйнөгө белгилүү атактуулардын айрымдарынын баракчасындагы катталгандардын саны бир мамлекеттин калкынын санынан көп.
Ким Кардашьян – 60 миллиондон ашуун
Бейонсе – 60 миллиондон ашуун
Жастин Бибер – 60 миллион
Криштиану Роналду – 50 миллион
Лионель Месси – 38 миллион
Ирина Шейк – 5 миллион
Леонардо Ди Каприо – 4 миллиондон ашуун
Тимати – 4 миллион
Бурак Өзчивит – 3 миллион
Мерьем Узерли – 1 миллиондон ашуун
Баян Есентаева – 1 миллиондон ашуун
Ли Мин Хо – 1 миллиондон ашуун
Кайрат Нуртас – 958 000

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(43)
07.03.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мен ватсапты анан одноклассникиде класс басканды эле билем, калгандарына эч эле тушунбодум да кызыкпадым да
27.03.2016. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде Инстаграмда аккаунт бар сатам 780000 подписчиги бар
07.03.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сатканын кандай түшүнсө болот?
Кимдир бирөө Эрнист болуп колдоно береби?
07.03.2016. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jemile,жок Эрнисттин фотолорун очуруп,атын озгортуп озун аты,фам.жазып озунун фото,видеолорун киргизет.
11.03.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baian,аа эмнеге подписчик учунбу?
11.03.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazgul.elhan,
Реклама үчүн
07.03.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Качан катталганым эсимде жок, эски суротумду карасам 98неделя болуптур, ошондо 2014, жаз. Жазылгандар-397. Миллиондун кереги жок)). Азыркы учурда рекламалар эле толуп кетти го.
07.03.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менда башында тушунбой бетимди былчыйта тартып киргизип алгам)))Кантип катталганым эсимде жок.Телефон жаны алган элем колдонгонду билбейм...анан очуруп салгам программаны.Кийин эжем "сени Таап алдым,мурдуну киргизип коюпсунго"деп кулгон.Азыр эми тытып калдым.Звездалардын баары эле китайдын товарларын реклама кылышып тажатышат.Кыйратып фото киргизбейм .Кирип жанылыктарды карап коем.Кыргыз жылдыздарынан Анжелика,Омар,Каникейдин жанылыктарын гана окуйм.Ой Азамат Байматовдун дагы.Болду)))
07.03.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушундан кандай акча табат?мен эч эле тушуно албадым.Жакында кон тезек чабам,жардамдашкылачы бекер бош болсонор.
07.03.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен Instagram да коп отурам , билбейм эмнеге, бирок кызыктуу. Анжелика ар минут сайын сурот киргизеби билбейм, бирок жагат. Омар тарбиялык мааниси чон, жакшы нерселерди да коп киргизет. А анын менеджер М.Эсеналиева озунун ырчыларына карата жазылган негизсиз коменттерди дароо жайлап, ордуна коюп турат)).
07.03.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Инстаграммда Назира Айтбекова кооз жерлерде тушкон суротторун киргизип турат, аябай кызыгуу менен кором. Анжелика тушуп эле киргизе берет бирине бири окшош кызыкпайсын деле.
08.03.2016. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ROZA-87,туура айтасын Анжелика отуруп туруп тушо берет, кийимдерин коргозуп, кстати супер инфо Назира Айтбековадан интервью неге албайсынар вообще эле жок болуп кеттиго акыргы жолу пусть говоряттан коргом
07.03.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Подписчигим кобойсун деп мисалы кээ бир ырчылар оздору мага запрос жоноткон)))
07.03.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омарга эмне болгон дагы 82 мин подписчигин 91 мин деп.
07.03.2016. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен да коп кызыкпадым,Анжелика тамак жесе деле киргизе берет го,
09.03.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
radyakiz,Точно Анан Анжеликага коммент жазсан бир аз сындап сразу очуруп салат же жооп жазат, обшественный адам деген туруктуу болбойбу сийген чычканына чейин киргизгенден кийин))))
07.03.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллиард болсо деле анын эмне пайдасы бар дейм да.
07.03.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тууууй ата замандан артта калыпмын го
08.03.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да кызыгып калдым инстаграмга, буйруса буга да кирип көрөбүз.
08.03.2016. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Круглосутка инстаграмда отура бербей бир саатынарды болсонор беш убак намазга кенири жетет. Албетте бул озунор учун мусулмандар!
08.03.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда кызыгып калдым
08.03.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким кардашьян екобуздуку бирдей кенго чиркин. Хехе
09.03.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Инстаграм менде деле кирем бирок мегобайт коп кетет
09.03.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Селена Гомездики 68 миллиондон ашат
09.03.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ассольчу
09.03.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да только инстаграмга кирем,жанылыктарды окуп суротторду коруп турам,мен учун кызыктуу.
09.03.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А мен да кызыкпадым коруш керек экен.
09.03.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Колдоном. Акча табуу максатында.
Pandora түзөттү 2016-03-09 20:18:06
09.03.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Айдин шерден интервью алыныздарчы жок болуп кеттиго
10.03.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jazgul.jaju, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат.
11.03.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой билбейм ай ушу инстаграммга кирсен ким ким мн дос болуп жургонун корот экенсин. Асель Касымовага жазылып алган элем аябай грубая кыз окшойт байкасам. Бактыгуль Бадыева жонокой экен аябай. Енержи диет деген бир балакет чыгыптыр бут ырчылар ошонуле реклама кыла беришет жинге тийишип!))
11.03.2016. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул инстаграммга вообще тушунбой жатам да, же кирбейт, телден регистрация кылып комптон кирсейин десем ошибка деп чыгып атат, ким билет тушундуруп койгулачы пожалуйста
11.03.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men kattalgam kandai eken dep anjelika kemsinte beret komment jazgandardy anan emnege kattalywat syn kabyl ala albagandan kn baktygul nurzat jonokoi azyr reklama bolup kyzykpai kaldym
12.03.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстаграммда Ассоль Молдокматова ар бир посту грамотно,профессионально так катасыз жакшы жазат окуганда дагы жагымдуу.Кээ бир ырчы айымдар туурайбы бирок окшошпойт ката коп кетиришет,сабатсыз экени корсотушуп..
12.03.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнур Сатылганованыкы. 294 мин..аа Динара Акулованыкы 260 минден ашаткоо...Самара Каримова окшошкон маанисиз суротторду киргизе берет...
13.03.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Benazira,Гулнур Сатылганованыкы 29400, а Динара Акулованыкы 24300. Биздин коп эле ырчылар подписаны менин страничкама. Замир Арыкбаев менен Данчик Бегалиев подписаться отписаться этише берет кечке эле) Гулнур Сатылганова дагы подписаться кылган, кайра отписаться этпесе эле. Анита Цой лайк басып турат суротторумо деп мактанып койбоюнбу)) хе-хе чыпчын))
14.03.2016. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
incognito1,хаха да чын эле мага Арсен,Азамат Байматов кошулуп кайра мен подписалась а алар)))отписались.Байматов директке коп жазат.Атакиуулардын ушундай жоругу бир кызык э?!Мээрим Атантаевада бар болчум.Жакшы корчум,Ар бир суротуно комент жазып Лайк басчум.Бир куну катуу кетти звезда,таарынып отписалась и лайктарымы алып коменттерими очуруп салдым)))Донокой кыз корунчу эле жакпай калды,кыйынсынат жон эле.А Ассол эээээн жакшы коргон блоггерим)))
12.03.2016. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимге кандай билбейм Омар ыймандуу жакшы ырчы кирип карап турам.Самаранын билдурулорун калтырбай окуп келем жакшы жазат кызыктуу нукура кыргыз тилинде.
21.03.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инстаграмда акылдуулар коп сага подписаться кылышат анан сен подписаться кылсан сенден отписка кылып ошентип толтурат экен потписчиктерин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо