МЕССИ, НЕЙМАР МЕНЕН ЖАРНАМАГА ТАРТЫЛГАН КЫРГЫЗ КАСКАДЁРУ

№696 4-март-10-март, 2016-ж

Испанияда каскадёр, акробат, актёр катары таанылган Чыңгыз Асанбек уулу – кыргыздын уулу. Ал жаштайынан спорт менен машыгып, анын өтөсүнө чыгып турган учуру. “Бийиктиктен секирүүдөн ырахат алам” деген кыргызстандык жаш каскадёр жакында 25 метрден бой таштаганы туруптур.

Туулган жери – Орусия, Санкт-Петербург шаары
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 8-май
Билими – Программист, 6 айлык каскадёрлук мектепти аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Музыка угуп, саякаттоого кызыгат

– Чыңгыз, Испанияга кандайча барып, отурукташып калдыңар эле?
– Испанияга атамдын кесибине байланыштуу келгенбиз. Атам Асанбек Кубатали Санкт-Петербургдагы Репин атындагы сүрөт институтун аяктаган. Студент кезинде Барселонага келип, бул жакты жактырып калып, окуусун бүткөн соң Мальграт-де-Мар шаарына көчүп келгенбиз. Ал учурда 4 жашта болчумун. Бул мамлекетте балдарды 3 жашынан тартып эле мектепке кабыл алышат. Мен 4 жашымдан тартып мектепке бара баштагам.

– Сен Испанияда белгилүү акробат экенсиң. Бул өнөрдү канча жашыңдан тартып өздөштүрдүң?
– Кичинемден эле жаным тынбаган, энергиям ашып-ташкан бала болчумун. Сабагым бүткөндөн кийин футбол аянтынан чыкпай, бир жылда 10дон ашык кроссовка жыртчумун. Футболду жакшы өздөштүргөндөн кийин жашаган жерибиздин командасына кошулдум. Бирок экстремалдуу спорт түрүнө кызыгуум артып, кунг-фу, каратэ, ушу сыяктуу спорт түрлөрү менен машыгып баштадым. Кийин пляжда бийиктиктен секирмей мода болуп, акробат болууга ашыктым. Бир жолу пляждагы секирген видеомду интернетке жүктөп койсом, Американын МТВ каналы сатып алууну сунуштап, 500 еврого саткам. Андан кийин мейманканаларда шоу коюп иштеп баштадым.

– Учурда дүйнөгө белгилүү “Порт Авентура” көңүл ачуучу сейил багында иштейт экенсиң. Бул жердеги жумушуң тууралуу айтсаң?
– “Порт Авентура” пляжда жайгашкан көңүл ачуучу жай. Бул жерде актёр, акробат болуп иштейм. Чет элден келген туристтерге түрдүү спектакль коюп, түркүн шоулорду тартуулайбыз. Арабызда дүйнө чемпиону болгон гимнасттар бар. Учурда эс алуудабыз. Жумушубуз марттын ортосунда башталат.

– Сен кинодо да роль жаратып, “Гауди” кино сыйлыгын алыптырсың. Кандайча тартылып калдың эле?
– Барселонада машыгууда жүрсөм, залга акробат издеп келишти. Кино тарткан топ менин өнөрүмдү жактырып, тасмага тартылып калдым. Фильмде акробат зомбинин образын жараттым. Ролум эпизоддук болсо дагы үчүнчү пландагы актёр деп “Гауди” (“Гауди” – Каталониянын кино сыйлыгы. Белгилүү архитектордун атынан коюлган) сыйлыгын беришти.

– Анан да белдүү футболчулар Месси, Неймар менен жарнамага тартылыптырсың...
– Ооба. Футболчулар менен “Катар аба жолдору” авиакомпаниясынын жарнамасына тартылгам. Видеороликте мен ниндзя болуп, эшикти тешип өткөн жерим бар. Жарнамада жүзүм анча көрүнбөйт. Мындан сырткары “Sony Xperia” жана башка бир катар компаниялардын жарнамасынан мени көрсөңүздөр болот.

– Кыргызстанга келип турасыңбы?
– Ата-тегим Ош облусунун Ноокат районунан болот. Ал жакка жыл сайын барып турчу элем, өткөн жылы жумуштан бошой албай калдым. Бөтөн жерде чоңойсом да Кыргызстанды сагына берем. Убакыт табылса бат-баттан барып турууга эмне жетсин?!

– Мени кыргыз тилин унутпаганың кубандырды...
– Үйдө болушунча кыргыз тилинде сүйлөшүүгө аракет кылабыз. Антсе да сүйлөгөндө бир аз кыйналып калам. Эне тилин билбеген мырза улуттун көрөңгөсү боло албайт го.

– Таланттуу уулду өстүргөн үй-бүлөң менен тааныштырып кетсең...
– Атам сүрөтчү, апам үй кожойкеси. Үч бир тууганбыз. Иним Адилет да каскадёрлук мектепте окуду. Ал дагы мага окшоп каскадёр болом деп жүрөт. Карындашым Нурия болсо мектеп окуучусу.

– Сен чет элде өсүп калбадыңбы, колуктуңдун кайсы улуттан болгону маанилүүбү?
– Ата-энем кыргыз кызына үйлөн дешет. Бирок баары буйруктан, учуру келгенде көрө жатарбыз.

– Маегиңе рахмат! Өнөрүң өркүндөп, бийиктиктерди багынта бер!


"Гауди" сыйлыгын тапшырганда аземге тасмадагыдай зомби болуп бардым".

"Дүйнө чемпиону болгон гимнасттар менен чогуу иштегениме сыймыктанам".

"Футболчулар менен “Катар аба жолдору” авиакомпаниясынын жарнамасына тартылгам".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(20)
07.03.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооооо ийгилик. Ноокаттын кайсыл жеринен болот екен е*
07.03.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ооо ийгилик,сонун маек болуптур.
07.03.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Маладес екенсин .
07.03.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
оо Ноокаттык экенда,ийгилик каалайм
07.03.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!! Мындан ары.да кыргыздын атын алыска таанытып журо бер!
07.03.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинонун аты кандай?
07.03.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат, кыргыздар кайсыл жерде болбосун кыйын калкпыз
07.03.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ай и Н00каттын кай жеринен болдукен
07.03.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо, ушул жигиттин видеолорун, трюктары болсо жүктөп же болбосо шилтеме берип койгулачы сураныч?
08.03.2016. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ern,туура видеосун жуктогулочу
10.03.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aikol87, саламатсызбы? Бул жерден көрсөңүз болот: http://www.super.kg/media/uservideo/163121/ http://www.super.kg/media/uservideo/163123/
08.03.2016. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец, ата-энесине таазим!
08.03.2016. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Испаниядагы кыргыз суротчусу тууралуу 5-10 жыл мурда окудум эле газетадан. Ошол кишини баласы турбайбы.
11.03.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Komrad, Ооба, мен дагы окугам, даже суроттору менен болчу. Кыргызстанга келбейт окшойт бул киши. Кыргызстан суротчулорду баалабайт деген эле, азыр заман озгорду го.
08.03.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МАЛАДЕС онорунду оркундото бер НООКАТтыктар барсынарбы
10.03.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай баланы тарбиялаган ата-энесине рахмат..... жакшы жанылыктарды укканда...сыймыктанып калам...
10.03.2016. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага только ушундай жаңлыктар жагат
10.03.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Baiastan2001 иним биринчи туура жазганды уйронсон дагы чон тамга мн жазган экенсин (молодец)...
10.03.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азаматсын. Биздин киргиздер Кыргызстанда жашап туруп кыргызча суйлой албайтко
12.03.2016. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Supersin,sıymıktandım sen menen!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо