Гүлнара Кахарова: «ЫРЧЫ АЯЛ ЫРДАП ДА, ЖАКШЫ ЖАР ДА БОЛО АЛАРЫН ДАЛИЛДЕДИМ»

№696 4-март-10-март, 2016-ж

Бул ырчы эжекебиз өзүн пиарлап, бат-бат интервью берген ырчылардын катарына кирбейт. Өзү айтмакчы, адам тандап көңүлүнө туура келген киши менен гана мамиле курат. Шар жүрүп, тарс-турс сүйлөгөн Гүлнара Кахарова бизде конокто.

– Гүлнара эже, тыныгуудан кийин «Айтпаса экен» деген ырыңыз хит болуп, сизди сахнага кайрадан алып келди окшойт?

– Бир кезде жолдошум "ырдабай эле койбойсуңбу?" деп каршы болгон эле. Элдин баары "Гүлнара эмнеге ырдабай калды?" деп сурай бергенинен тажап кетти окшойт. Бир күнү "ыр жаздырып, ырдап чыкчы" деп калды. Мен кубануу менен кабыл алдым. Гүлжигит Сатыбеков көптөн бери "сизге ылайыктуу бир обонум бар" деп жүргөн. Андан обонун алдым, ыргактары мага аябай жакты. Сөзүн Жыпара Исабаева менен бир ай иштеп, «Айтпаса экен» деген ыр жаралды. Эки айдын ичинде элге тарап хит болуп кетти. Эми билек түрө иштейин деп турам. Болгондо да бул жылды менин чыгармачылыгымдын жылы деп жарыяладым. Жаңы жылдын алдында үй-бүлөмө "быйыл чыгармачылыкка киришейин деп жатам, кандай дейсиңер?" десем, жолдошум баш болуп, балдарым төш болуп бир добуштан колдоп беришти.

– «Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, балдарыңыздын арасында сиздин жолуңузду жолдоп ырчы болом дегени болсо керек?

– Балдарымдын баары жакшы ырдашат, бирок ырчылык кесипти буларга ыраа көрбөйм. Ырчыны жакшы, жаман сөз ээрчийт, көз ээрчийт дегендей, аны көтөрө алабы деп эне катары аяп турам. Ошондуктан жанын оңой бага турган кесиптин ээлери болсо экен дейм. Өзүм болсо ырчы болгонума эч өкүнбөйм. Анткени мындан башка тармакка жөндөмүм жок. Ыр аркылуу элге таанылдым, бактымды таптым, жанымды бактым десем болот.

– Сиздин чыгармачылык пайдубалыңыз качан, ким аркылуу курулду эле?

– Мектепте окуп жүргөндө эле ырга шыктуу болчумун. Үйгө төрт киши келсе деле бурчка туруп алып ырдай берчүмүн. Ал эми багыт берген Акбар Оморов деген агайым болду. Фрунзеге келип эстрада жаатында окуп жүргөндө Марлен Темирбеков жардам берип, «Жетиген» ансамблинде ырдап калдым. Ошондой эле Мукан Рыскулбековдун ырлары менин чыгармачылыгымдын башаты болду. Агай «Жаңыл мырза» деген 9 мүнөттүк балладасын ырдатып көрүп, "үнүң жетет экен" деп аябай сүйүнгөн. Ошто өткөн бир сынакта ушул ырды 9 мүнөт жандуу үн менен ырдап жеңүүчү болгом. "Азаматсың, көп ийгиликтерди багынтасың" дей берчү. Кийин турмушка чыгып кетсем аябай капа болду. "Күйөөгө чыкпашың керек эле, артисттин үй-бүлөсү болбойт, эми сен ырдабай калбадыңбы" деп урушкан.
Эл арасында артистте үй-бүлө болбошу керек деген түшүнүк эмнеден улам айтылып калганын азыркыга чейин түшүнбөй келем. Мен ырчы ырдап да, жакшы жар да болорун далилдедим десем болот.

– Баарына жетишкен ырчы айым бала кезде кандай кыз болду экен?
– Капкара, боюм кичинекей, тентек кыз болгом. Талаа-түздө эркек балдар менен кой кайтарып ойноп жүрүп чоңойдум. Ишенесиңби, кыздар менен такыр ойной алчу эмесмин. Алардын кылыктанганы, чоюлуп сүйлөгөндөрү жакчу эмес. Андан көрө балдар менен топ тээп, чүкө атып ойногон мага «кайф» болчу. Кипкичинекей болсом да байкелериме болушуп, балдар менен мушташа кетчүмүн. Менин болушчаактыгым ошол кезде эле калыптанган экен. Азыр балдарымдын чогулушуна барсам да балдардын таламын талашып болуша бермейим бар. Ошондуктан мектепке дайыма атасы барат.
Анан да өтө боорукер элем. Мектептин буфетинен бир булочка алсам да сөзсүз агамды издеп барып бөлүшүп жечүмүн. Бир жолу агамды артынан көрүп калып, жарты булочканы көтөрүп барсам, бой жетип калган да, "кыздардын көзүнчө мени уят кылдың" деп урушуп салган. Анысына деле түшүнбөйм, эртеси кайра эле булочкамды көтөрүп барып калчумун.
Үйдө он бир туугандын алтынчысымын. Бөбөктөрүмдү жонума көтөрүп жүрүп чоңойттум. Топ таш ойносом деле, жашынмак ойносом деле жонумда иним же сиңдим байланып жүрчү. Оюнга кызыгып кеткенде артымда бала бар экенин деле байкабай чуркап кетчүмүн.

– Мектепте кандай окудуңуз?
– Мектепте ортодон жогору окудум. Дене тарбия, музыка, кыргыз тил жана адабиятты жалаң "5ке" окугам. Окуп жүргөндө мугалим тандамай адатым бар эле. Азыр ойлосом адамдык сапатын издесем керек да. Бүгүнкү күнгө чейин менде бул сапат калбай келет. Базарда, дүкөндө бир буюм жагып калып сатып алайын десем сатуучу жакпай турса эч качан албайм.

– Алгачкы тапкан акчаңыз эсиңиздеби?
– Кичинемден кара жумуш жасап эмгекчил элем. Биздин райондо корейлер жер алып пияз экчү. Пиязды отосок акча берип, түштө тамак беришчү. 1-класстан баштап эле корейлердин пиязын отоп акча таап баштагам. Жайы бою иштеп, мектеп кийимдерин алып койчумун. Эсимде, 5-класста бир күндө 5 сом иштегем. Ал кезде 5 сом чоң акча болчу да.

– Ийгиликтүү айымды көрө албагандар жок эле дегенде ушак чыгарат, артыңыздан айтылган ушактарды териштирип көрдүңүз беле?
– Төгөрөгүм төп келип, өзүмдү бактылуу аял деп санап турган кезим. Албетте, бул бакытка оңой жеткен жокмун. Көптөгөн бут тосуу, кыйынчылыкты көрдүм дегендей. Жашооң деле пейлиңе жараша болот окшойт. Өзүм шаңдуу жүрөм, бирөө мага карасанатайлык кылып турса да аны күлүп жеңем. Жасалма болгондор жакпайт, шыр жүрүп, ачык сүйлөгөндөрдү жактырам. Түнт адамдардан корком. Артымдан айтылган ушакты териштирбейм. Ага убактымды кетирип, башымды ооруткандан көрө короомду шыпырганым артык.

– Түшкө ишенесизби, анткени сиз курактагы адамдар түшкө маани берип калат эмеспи?
– Түшкө аябай ишенем, түштөн аян алам. Ак кар, ак пахта терсем дайыма жакшылык болот. 25 жашымда болсо керек эле, Алина Жетигенова менен гастролдоп жүргөнбүз. Түшүмдө азуу тишим ооруп, кыйналып жатып алдырдым. Оорусуна чыдабай бакырып ойгонсом түшүм экен. Ошондо апам ооруп төшөктө болчу. Дароо жолго чыктым, мен жетерим менен апам үзүлгөн.

– Сизди акыркы кезде эмне түйшөлтүп жүрөт?
– Коомдо болуп жаткан окуялар, айрыкча балага болгон зордук-зомбулуктар түйшөлтүп келет. Ошондуктан балдарым мектептен келгенче жаным чыгып кете жаздайт. Азыр энелердин баары кооптонуп жашап калдык. Өзүм каякта жүрбөйүн телефон чалып кабардар болуп турам. Кызым "апа, көп чала бербеңиз, мен маршруткадамын" десе, "чын элеби?" деп тыңшап калсам күлөт. Чоң эле балдарды ата-энеси мектепке жетелеп барып, жетелеп келе турган заманда жашап жатабыз.

– Балдарыңыз бой жетип калыптыр, өзүңүздү кандай кайнене болом деп элестетесиз?
– Албетте, жакшы кайнене болом деп ойлойм. Балама "келин келген күндөн баштап мен ошол тарапка өтөм" деп айтам. Себеби мен аны менен кайнене-келин эмес, эне-баладай жакын болушум керек деп өзүмдү даярдап жүрөм. Эми ошого татыктуу кыз келсе экен. Кызым да бой жетип, колун сурап келгендер болуп жатат. Ал токтоо, ойлонуп чечим чыгарган кыз, "апа, бир аз коё турайынчы" дейт. Кызым чоңдун баласына чыкса экен дегендерден эмесмин. Кеп байлыкта же атактуулукта эмес, үйлөнүп жаткан эки жаштын сүйүүсүндө. Нөлдөн баштап тиричилик кылган аял катары үйдө ынтымак болсо баарына жетсе болот деп айтам.

"Азыркы замандан корком, балдарым мектептен келгенче жаным чыгып кете жаздайт".

"Ырчы болгонума өкүнбөйм. Ыр аркылуу элге таанылдым, бактымды таптым, жанымды бактым".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(24)
07.03.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишинизге ийгилик,
Ыйманынызга курчтук,
Чыгармачылык эргуу,
Ырыскынызга адалдык каалайм.
07.03.2016. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсыз эжеке,баатыр эне,бактылуу эне,бактылуу жар,баары сизге жарашат,бар болунуз.
07.03.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун маек болуптур! Эже ишинизге ийгилик! Балалыгым эстедим аттуу ырынызды кунуно жок эле дегенде бир ирээт угуп уктайм.
07.03.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыгармачылыгынызга ийгилик!Балдарыныздын жакшылыгын жолошунуз менен бирге корунуз!
07.03.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бар болунуз эже. Чыгармачылык ийгилик. Ырларыныз мага абдан жагат. Айрыкча "айтпаса экен, бала суйуу деп билем" деген ырларыныз жагат. Ден-соолук, уй- булолук бакыт каалайм.
07.03.2016. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да жагат ушул эжеке, азаматсыз! Уй булоонуз менен бактылуу жашаныз.
07.03.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонунсуз эжеке
07.03.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйомун !!!
07.03.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек болуптур )кулуп жылмайып оккудум бар болунуз ))
07.03.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир созу маанилуу окуп отуруп суктандым...
07.03.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамасыз эже
07.03.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин суйгон ырчым
07.03.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада аябай жагат, бут ырларын суйуп угамын.Улгулуу ырчы айымыбыз аман болсун!Чыгармачылык эргуу каалаймын.Бар болунуз.
08.03.2016. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Айтпаса экен" деген ырын уккандан тажабайм!Ырды жараткан Жыпар Исабаевага,обонун жараткан Гулжигит Сатыбековго жана аны элге жеткире ырдаган Гулнара эжебизге таазим,чыгармачылык ийгилик каалайм!
09.03.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сизди аябай сыйлап, талантынызга баа берем. Ийгилик сизге!!!!! Унунуз укмуш!
09.03.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Гулнара калдарова башка элего
09.03.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Inna_91,ооба башка.Жакшылап окусанар Гулнара Кахарова деп турат го.
09.03.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тимеле укмуш, сонун жооп бериптир. Олло жагат да ушул эжечи. Мен ойлогондой аял экен. Бул эженин жакпаган ыры жок менде, издеп журуп таап жаздырып алам. Бул эжеге деле наам берип коюшса болот, азыркы "эл артисти" дегендерден олук одо ырдайт майын чыгарып. Дагы ырдай берин эже дагы, дагы ....
09.03.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коздорунуз соонун экен
09.03.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы сулуу экен,ылайыктуусу келсе узатын сулууну:)
10.03.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Магада аябай жагат суктанам.омурунуз узун болсун бар болунуз,балдарыныздын бактын корунуз
13.03.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гульнара эже. Талантынызга таазим этем.
13.03.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энемда "Айтпаса экен"ырын тамшанып угат ай ии Аман эле болунуз!Талантыныз соонунда сонун!
28.04.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура эне болду ал жагына соз жок бирок тынбай ырларын чыгарып толук чыккан жок да анда-санда чыгып коюп анан далилдедим дегени туурамес го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо