№697 11-март-17-март, 2016-ж
8-март күнү орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова тыюу салынган каражат колдонгонун айтып чыкты. Быйылкы жылдан баштап Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги тарабынан тыюу салынган мельдоний каражатын колдонгону үчүн эми ал 4 жылга чейин спорттон четтетилиши мүмкүн. «Мельдоний дарыгерим тарабынан жазылып берилген, аны 10 жылдан бери колдонуп келем. Ал каражат 2016-жылдан тарта тыюу салынганын байкабай калыптырмын. Спорт менен ушинтип кош айтышууну каалабайм, мага дагы мүмкүнчүлүк берилерине ишенем»,- деп билдирди Шарапова."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |