«Non-Stop» дуэти: «БИРИ-БИРИБИЗДИН ЖЕКЕ ЖАШООБУЗГА КЫЗЫКПАЙБЫЗ»

№697 11-март-17-март, 2016-ж

«Non-Stop» дуэтинин ырчылары Максат менен Чолпон өздөрүн көп тармакта сынап, учурда изденүүнүн үстүндө жүрүшөт. Акыркы кезде алпаруучулук менен алектенип келаткан дуэттин солисттери «кинодо, сынактарда, алпаруучулукта күчүбүздү сынадык, бул биз үчүн чек эмес. Алдыда өзүбүз биле элек таланттарыбызды ачканы жатабыз» дешет.

– Куш келипсиңер, Максат, Чолпон! Экөөңөр акыркы жылдары алпаруучулук менен кызуу алектенип, көп саякаттап, иш менен эс алууну айкалыштырып жатасыңар...
Максат:
– Саламатсыздарбы, ооба, айтканыңыздай эле Чолпон экөөбүз телеканалдардын биринде «Жыргал life» деген берүүнү алып барып жатабыз. Бул берүү украиналыктардын «Орёл и решка» берүүсүнүн аналогу десек болот. Негизи экөөбүз көп саякаттайбыз, эс алуудан эстелик болот деп барган жерибиздеги кызыктарды видеокамерага тартып жүрө берчүбүз. Мына ошол күндөлүк катары тартылган видеолор бизге чоң долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди десем болот. Ошол берүүнүн алкагында Чолпон экөөбүз Европанын теңин кыдырып чыктык. Чынында чет өлкөнү көрүп, андан таасирленген адам сөзсүз өзгөрөт. Дүйнөгө болгон көз карашты мындай кой, жөнөкөй эле адамдарга, досторуңа болгон мамилең өзгөрүшү мүмкүн.
Чолпон: – Чет өлкөдө адамдар ар бир мүнөттү үнөмдүү пайдаланганды билишет. Биз дагы күндө эртең менен 6да турабыз, колго камераны алабыз да, кызык жерлерди тартып жөнөйбүз. Ошентип, кантип күн өтүп кеткенин билбей деле каласың.

– «Non-Stop» дуэтине «Turkvizyon» сынагынан кийин ийгилик жылмайды окшойт...
Ч.: – «Turkvizyon» сынагына чейин атыбыз чыгып, таанылып калган болчубуз. Бирок бул жагдай сынакта ийгиликке жетерибизден кабар бербейт да. Тескерисинче, оор жүк, жоопкерчилик моюнубузга илинди.
М.: – Биз үчүн бул сынак чоң кадам болду. Профессионалдар менен иштештик, атаандаштык кандай болорун билдик. Казань шаарына конгондо мекендештер кол чаап, желек кармап бизди тосуп алышкан. Бизге ишеним арткан адамдардын үмүтүн актайлы деп жеңгенге аракет кылдык.

– Продюсериңер Алексей Сидоров менен иштешпей калганыңарды уктук...
Ч.:
– Ооба, бир жыл мурун келишимибиз бүткөн жана Алексей Сидоров өзүнүн долбоорлорунан колу бошобой калды. Башкысы, урушуп-талашпай жакшы мамиледе коштоштук, бул деле чоң жетишкендик. Эрик Баимбеков топ түзүлгөндөн бери менеджерибиз болуп иштечү, азыр ал продюсерибиз.

– Топто олуттуу чечимдерди ким чыгарат?
М.:
– Албетте, продюсер, бирок мурунку келишимди өзгөрткөнбүз. Акыркы чечимди продюсер биздин пикирибизди эске алуу менен чыгарыш керек.

– «Non-Stop» дуэтинен мындан ары күйөрмандары дагы кандай жаңылыктарды, өзгөрүүлөрдү күтсө болот?
Ч.:
– «Non-Stop» кыргыз элине дагы көп жылдарга кызмат кылат. Былтыр «Сезе бил» деген ырлар жыйнагын чыгаралы дегенбиз. Ырлардын үстүнөн жакшылап иштеш керек болуп жатат. Жакында эле Бек Борбиевдин «Алдаба» деген ырын жаңылап жаздырып, клип тарттырдык. Буюрса, репертуарды дагы жаңы ырлар менен толуктайбыз.

– Ыр тандоодо табитиңер төп келбей калса эмне кыласыңар?
Ч.:
– Максат музыканы жакшы тандайт, мен ырдын сөздөрүн тандоодо көп аралашам. Негизи ыр тандоодо ортобузда көп деле кайчы пикирлер болбойт. Эгер такыр эле келишпей баратсак, продюсерибиз чечип коёт.

– Сахнага кийип чыккан формаңар өзгөчө, кийим тандоодо биринчи жардамчыңар ким?
М.:
– Биз ар бир ырга ылайыктуу кылып форма тандайбыз. Ырдын мазмунуна, сахнада аткара турган образыбызга жараша тиктиребиз. Көпчүлүк формаларыбыз дизайнер Наиль Байкүчүковдуку, анткени биз Наилдин табитине ишенебиз.

– Маек нугун өзүңөргө бурсак. Топ түзүлгөндөн бери Максат кыз жандап, Чолпон жигит күтүп, сүйүктүүңөрдү бири-бириңер менен тааныштырган учур болгонбу?
М.:
– Экөөбүз бири-бирибиздин жеке жашообузга кызыкпайбыз. Жеке жашоо жеке бойдон калганы оң го.
Ч.: – Башынан эле ортодо достук, кесиптештик мамиле бар. Кудайга шүгүр, ошол мамилебизди сактап кала алдык.

– Топтун түзүлгөнүнө быйыл алты жыл болот, ушул жылдарда экөөңөрдө кандай өзгөрүүлөр болду?
М.:
– Чолпон башынан эле көз карашын так билдире алган жана аны коргой алган кыз. Ал сапаты азыр деле бар. Мурункудай так секирген эрке кыз жок, токтолду, оор басырыктуу болуп калды.
Ч.: – Болдубу, мен жөнүндө айтар жакшы кебиң ушул элеби (күлүп)? Максат экөөбүз тең бийкеч жылдызында төрөлгөнбүз, таанышканда эле бат тил табышып кеткенбиз. Урушканыбыздан жарашканыбыз бат, кээде буга таарынганымды унутуп коюп эле өзүм биринчи сүйлөп алып, «апей, мен сага таарынбадым беле» деп кайра сүйлөбөй коюп күлкүгө айланган учурларым болот. Анан да абдан тамашакөй. Мурун достору менен көп убакыт өткөрсө, азыр китептер менен көп убакыт өткөрүп калды. Ал эми келбетиндеги өзгөрүүлөрдү баары эле байкаса керек, имиджи, стили жагынан аябай өстү.

– Маегиңерге рахмат! Ийгиликтерди каалайбыз!

 

«NON-STOP» ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • 2010-жылы түзүлгөн, репертуарында 20дан ашык ыр, 10дон ашык клип бар. Эки кинодо чогуу роль аткарышкан.
  • Чолпон кезинде радиодо ди-джей, Максат кафеде ырчы болуп иштеген.
  • Күйөрмандар менен сүрөткө түшкөндө жалгыздан эмес, дайыма чогуу түшүшөт.
  • Жейсон Деруло, Рианна, Ариана Гранде менен чогуу ырдоону кыялданышат.
  • Бири-бирин эң эле көп дегенде 2-3 жума көрбөй калышат, болбосо жумушка байланыштуу дайыма чогуу жүрүшөт.
  • Топтун маймылдар менен байланышкан кызыктуу окуялары көп. Бир жолу Чолпондун кол телефонун маймыл жула качса, экинчисинде дублёнкасын боёк менен булгап салган. Муну ырчы кыз Максаттын маймыл жылында төрөлгөнү менен байланыштырат.

"Тurkvizyon" сынагында бизди коштоп барган команданын деми бизге шык берди".

"Соң-Көлдө улак тартыш оюнунда экөөбүз улакчылыкты жон терибиз менен сезип көрдүк".

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Non-Stop" дуэти: “Башынан эле достук мамиледебиз”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(67)
14.03.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экоонун жыргал лайфын коруп суктанам сооонун алып барышат.
14.03.2016. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маек кыска болуп калыптыр коптон бери кутуп журсо. анан кызыксыз суроолор экен.
14.03.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кантип кантип кантип эле кыз жигит эле булар мен ишенбейм ушунча жылдан бери достук болчу беле мен лично ишенбейм
14.03.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул экоо Анан нурдоолот копоев жадатышт. ТВ ны жандырсан эле ушуларды коросун
14.03.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Izdeim_seni., Тообо дайым негативный билдируулорду жазасын э? тан калам негизичи ))
14.03.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Senuchunzhashaim,чын эле☺☺☺
14.03.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен экөөнү кыз-жигит деп эле ойлойм, көрөсүңөр меники чын болот.
14.03.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Максат Чолпон ийгилик силерге!!!
14.03.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экобун бири бирине топ келишесинер да, бактылуу болгула.
14.03.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Достугунар любовь го айлансын
14.03.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чодпонду ала качып кеткенде максат окуруп бакырып жигитиндей болуп тепкиленип , отурба эле отурбаа деп жатканда билинип калган жигити экени.
15.03.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pakissstanka,качааан каяктан ошондой болду беле сен кайдан билесин же тууганысынбы?
17.03.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzatka.8884, тамаша торду көрсөң
14.03.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыз-жигитпи доспу силерге мээ деймда
14.03.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алты жылдан бери чогу ырдап,чогу журушот.Туболук бирге болушсун.Дуйнону кыдырып жер коруп,эл менен баарлашкан кандай сонун.Ийгиликтер коштосун.
14.03.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Турквизиондо эмне женишти беле булар.канчанчы местаны алышкан.жазып койгулачы
14.03.2016. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жаны чыгып баштаганда экоо кыз жигитпиз деп берген маеги бар. анан кантип суйуу кайра достукка айлансын
14.03.2016. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакпайт экоо тен жагымсыз ырдашат
Медиа-портал
15.03.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айланайындар Чолпон чон Максаттан анан кыз жигит да эмес. Суйомго ушул топтун ырларын. Чолпон бир аз токтолуп калыптыр мурун жалжандай берчу эле. Супер эмнеге силерде булардын клиптеи жок??????????
SUPER.KG видео
15.03.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Молодцы сонун группа
SUPER.KG видео
15.03.2016. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун маек.ушулар жагат
15.03.2016. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baikush ulak ((((
SUPER.KG видео
15.03.2016. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Maksat ayabay tamawakoi sonun jigit eken!ayabay kuldurdun)))rahmat!maanai jokto uwul interview'nu koruw kerek eken,cholpon krasavitsa!
SUPER.KG видео
15.03.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан сыймыктанган группа, ийгилик ар дайым.
15.03.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Экоо уйлонсо сонун пара болушат бир бирине жарашат ийгилик силерге
SUPER.KG видео
15.03.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нон стоптун ырлары медиа порталда жокпу.
15.03.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушулардыкы жыргал э иштеп, эс алып сонун жерлерди көрүп жүрө беришет, а экөө кыз-жигит эле деп ойлойм, убагы келгенде ачыка чыгарышат, Дубайда Максат Чолпонду жонуна көтөрүп, биринде жетелешип жүрүшөт.
15.03.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Супер Инфо! Элина Абай кызынан интервью алыныздаааарчы сураныч...
16.03.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ss90, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
16.03.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maksat haha bala turbaiby, tamawakoi eken abdan....jakty ekoo ten. murun kyzdyn kyigenderi jakchu emes, jaman debeim, bolgonu oto kyskany oto kop kiet, owol jeri...a tak molodsy...yigilik
18.03.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул экоо такыр жакпайт мактанчаак да экен экоо тен.
19.03.2016. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uzakova.Z.A,сен да мага жакпайсында дебейинби (Тамашаа)
19.03.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпон жагат мага уну да сулуулугу да келишкен!
Максатты жакшы бала деп угам .
20.03.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок чын еле бири бирини жакшы тушунуп калдынар жашоонордун акырына чейин бирге болгула аябай жарашыктуу тугойсунор
20.03.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматту супер Тумонбай Колдошевден да меке алгыла уй булоосу чыгырмачылыгы ябай сонун обондорду чыгарып атат
21.03.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gundula, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, Түмөнбай Колдошов тууралуу бул жерден окусаңыз болот: http://www.super.kg/article/show/32117
Медиа-портал
06.05.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Makstyn kop jyldan beri suiloshkon Aisuluu attuu kyzy bar 1995(94) jylky Saira Momunbaeva ejenin kyzy
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо