ДЖИ (сериал)

№697 11-март-17-март, 2016-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Москва Жанарды нөшөрлөгөн жамгыр менен тосуп алды. «Жамгыр киши»... Арууке аны ушинтип атачу. Дыбырап жаап жаткан тамчылар өткөнүн эске салды. Кандай сонун кез эле. Эч нерседен капары жок болчу. Көз алдына Аруукесине жолуккан алгачкы күн тартылды. Анда кыз көзүнө өзгөчө сулуу көрүнгөн.
– Бизде ушундай,- таксиде кетип баратып досу Нурлан Жанарга кайрылды. Терезени тиктеп бараткан Жанар ойго батып кеткен эле. Жанатан бери Нурландын сөздөрүн кулак сыртынан кетирди. Жамгырды сагыныптыр.
– Кечир, ойлонуп кетиптирмин.
– Түшүнөм. Москвага жыргаганыңдан келген жоксуң да.
– Ооба, кыскасы, намыстанып келдим. Көп акча табышым керек, өтө көп,- Жанар тамашалады.
– Баары ошентип келишет. Жакшы жашоо издешет. Бирок бул Москва. Катаал, сүрдүү анан таш боор Москва. Эбин тапсаң таптың, таппасаң сени эч ким аябайт. Сен азырынча мага жардамчы болуп тур. Суши жасайбыз. Айттым эле го, мен ашпозчумун да.
– Аа.
Нурлан менен Жанар бала кезинен тарта дос. Бирок ал окууну бүтөрү менен Москвага кетип калган. Ары согулуп, бери согулуп далайды көрдү. Эми гана акырындап иштери жүрүшүп баштаган эле. Жанар тааныш адамдын жанына жүргөнгөбү жумушуна тез эле көнүп кетти. 2 ай билинбей эле өттү. Бирок көңүлүнө толор акча чогулта албай койду. Бир күнү Нурлан экөө тыныгууда турганда кеп баштады.
– Бир нерсени өзгөртүш керек го.
– Эмнени?
– Тытынып эле иштеп жаткан болобуз. Жаныбыз тынбайт, бирок айлыгыбыз кыйратпай жатат.
– Эх, Жанар, сен мен көргөндү көрсөң, минтип сүйлөбөйт элең. Бул 5 жылдан берки мен тапкан эң жакшы жумуш. Буга чейин кайда гана болбодум. Суукта унаа жуудум, короо шыпырдым, куруучу болдум... Метродо түнөгөн күндөрүмдү эстесем азыр да ыйлагым келип кетет. Азыр болсо баары жакшы. Айлык акы жайында, иштеген жерим таза, жылуу. Айлыгымды убагында алам. Мындай жумушка жетпегендер канча? Кыйшаңдабай иштей бериш керек.
– Сен акча чогулта алдыңбы?
– Аз-маз.
– Канча?
– 200 миңдей.
– Аз экен. Бир нерсе ойлоп табышыбыз керек,- эки жигит ойлуу отуруп калышты. Бирок бир нерсе ойлоп табыш оңой эмес болчу. Күндөр өтө берди. Жанарлар жашаган үйдө дагы
башка кыргыз балдар батирде турушчу. Арасында Максат аттуу тың жигит бар эле. Тың экени сыртынан эле көрүнчү. Кийими мыкты, алдында акыркы үлгүдөгү унаасы бар. Бир ирет Жанар жумуштан келсе, Максат сыртта унаасын тазалап жатыптыр. Аны менен учурашып кыйлага туруп калды.
– Сенин бул жакка келгениңе көп болдубу?
– 2 айдан өттү,- деди Жанар.
– Ашпозчу болуп иштеп жатам дейсиңби? Жумуш кандай анан?
– Илең-салаң. Өзүмдөн ашпай жатат.
– Кээде ошондой болуп калат.
– А сен эмне иш кыласың?
– Мен деле ашпозчумун.
– Койчу?
– Болгону кошумча жумушум бар.
– Эмне жумуш?
– Мушташам. Акчага мушташам.
Максат мактанчаак эле. Ал сыр жашыра алчу эмес.
– Жакшы төлөшөбү?
– Көрүп жатпайсыңбы,- Максат унаасы тарапты карап койду.
– Мен да барсам болобу?
Максат Жанарды башынан ылдый карады. «Арыгыраак экен» деди ичинен.
– Машыгып жүрөсүңбү?
– Жок.
– Кечирип кой. Бирок ал жакта бир күн калтырбай машыгып жүргөн балдар бар. Өпкөңдү үзүп коюшат. Ден соолугуңдан айрыласың.
– Мен өзүм жакшы эле мушташчумун негизи.
– Оңой ойлоп жатат окшойсуң, ээ? Көчөдөгү жөнөкөй адам менен мушташкан, анан спортчу менен мушташкан эки башка нерсе да. Бир аз спорт залга бар. Денеңди калыбына келтир анан сүйлөшөбүз.
– Сен машыгууга кайсы жакка барасың. Мүмкүн, мени да ала барасың.
– Акысы айына он миң. Барасыңбы?- Жанар оюнда чогулткан акчасын эсептеп жиберди.
– Анан мушташкандан кийин канча алам?
– Хе, жеңсең аласың.
– Ошо канча?
– Жанар, кызыкпай эле койчу. Же ушуга чейин спорт менен машыкпасаң. Бутуңду сындырып коюшат. Ал жерде сени аяй турган эч ким болбойт.
– Ошентсе деле айтсаң?
– Мен азыр орто заар спортчумун. Жеңсем 800 долларга чейин, жеңилсем 200 доллар алам.
– Баары бир алат экенсиң да.
– Оңой ойлоп жатасың, ээ? Биринчи мушташканыңда эч нерсе албайсың. Элдин колдоосуна алынып, күйөрман топтош керек. Болбосо ар ким тепкилей берген бирөөгө айланып
каласың.
– Максат, негизи мен көп корко бербейм. Коркпосоң эле жеңесиң да.
– Туй ата, бул өзүнө жаман ишенет турбайбы.
Эртеси Жанар жумушунан чыгып Максат менен ал машыкчу жерге барды. Жанар мынчалык көп сүрдүү адамдарды бир жерде көргөн эмес. Эрдин кымтып, кабактарын бүркөп алып азыр эле уруша кетчүдөй болуп жүрүшөт. Сүрдөп кетти. Максат Жанарды кире беришке калтырып, өзү арыда машыктыруучу менен сүйлөшүп жатты.
– Тиги жигит машыгам деп келди. Көчөдө бир-эки жолу мушташса керек. Өзүнө аябай ишенет. Байкап көрүңүз, «акча тапканга көңүлүм бар» деп жатат.
Машыктыруучу Жанарды көздөй басты. Ашыкча эти жок, чымыр денелүү, кыска кара сакалы бар кавказ улутундагы адам экен.
– Ассалому алейкум! Кел, кир. Машыккың келеби?
– Саламатсызбы? Ооба.
– Акысын төлөп машыга бер. Спорт деген жакшы нерсе. Колуңдан келсе, бир да машыгууну өткөрбө. Өзүңө эле жакшы.
– Менин эмнеге келгенимди Максат түшүндүрдү да, ээ?
– Сен адегенде даярдан. Биз сени байкап көрүшүбүз керек,- машыктыруучу басып кетти.

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(20)
14.03.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кана ким биринчи.жоксунарго я.
14.03.2016. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхееей акча деген эмнелерди кылдырбайт....
14.03.2016. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз го
14.03.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне мынча аз жазышкан.Кобуроок жазгылачы!
14.03.2016. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
салтты бузбай тортунчу деп койойунчу
14.03.2016. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээээх(((
14.03.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызыксыз боло баштадыго
14.03.2016. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии, Жанар эми спортчу болуп кетеби??? Анан Аруукеге качан жоолугат экен аа, кооптон жазыныздарчы сураныч!!!
14.03.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми метродо Аруукени коруп калат окшойт э?
14.03.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча аз жазылган бир жума кутсок ушунчада жазасынарбы, сураныч кобуроок эле жазгылачы.
14.03.2016. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Залдан эми Аруукени олтургон балдарды жолуктурат,анан оч Алат алар м мушташып.)))
14.03.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечке куттум эле азго
14.03.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кош келипсин жанар москвага
14.03.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык жерине келгенде такай эле бүтүп калат, көптөн эле жазгылачы супер инфо.
14.03.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанар сал ур теп дегени кана
14.03.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанар машыгып кучтуу болуп кетет, аруукеге жолугат, анан иштин чоо жайын тушунотда тиги балдардан оз кучу менен оч алат урааа
15.03.2016. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арууке олгон гоо неле болосунар.
15.03.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арууке тируубу? Негедир бул жазганынар кызыксыз болуп кетти анча мынча жерлер окшобойда калыптыр кантип эле эн акыркы улгу автомобили бар бала квартирада копчулук менен жашап калды жок дегенде ошол машинасы бар бала квартиранын арендадател квартирант алат десенер болмок мен озум Москвада кооп жыл жашадым ошон учун айтып жатам окшошпой жатат именно Москва бойунча жазганынар спортсменинер кысказы бул ойдон чыгарылган чыгарма экенда туурабы? Мейли арекет кылыптыр жазганга чындыкты кошсо сонун чыгарма болмок
Svoboda83 түзөттү 2016-03-15 00:33:49
15.03.2016. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Svoboda83,оа кызыксыз болуп баратат, мушташып коюп эле, кандай кымбат машина алат,
19.03.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сепсан куйдум девур деп Азиз ака бекер айтпаган екен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо