№697 11-март-17-март, 2016-ж
10-марттан тарта ишкерлер үчүн товарларды импорттоого байланыштуу алдын ала маалымат берүү жобосу ишке кирмек. Башкача айтканда, ишкер сырттан алынып келүүчү товары тууралуу Салык кызматына бир ай мурун маалымат бериши керек болчу.
Бул жобо 2-марттагы ишкерлердин өкмөт башчы Темир Сариев менен болгон жолугушуусунан кийин кайрадан иштелип чыкмай болду. "Сырттан алып кирилген товарлар тууралуу бир ай мурун маалымдоо жобосу бизнес тармагынын сунуштарынын негизинде кошумча иштелип чыгууга муктаж",- деп билдирди премьер. Алдын ала маалымдоо жобосун жеңилдетүү боюнча вице-премьер-министр Олег Панкратовго тапшырма берилди. Ошондой эле Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлду.Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |