Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭТТИ ТҮРЛӨП БЫШЫРУУ

№697 11-март-17-март, 2016-ж

КАРА ӨРҮК, ЖАҢГАК КОШУЛГАН ЭТ РУЛЕТИ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Сулп этти калыңдыгы 1,5 сантиметрдей кылып жалпак кесимдерге бөлүп, үстүн клеёнка менен жаап, ашкана балкасы менен ургулап жумшартабыз.
  • Жумшарган этке туз, мурч себебиз да, бетине 1 аш кашык каймактан сүйкөп тыныктырып коёбуз.
  • Кара өрүктү ысык сууга жибитип, анан аарчып кургатып, майдалап кесебиз. Жаңгакты майдалап кара өрүккө кошобуз.
  • Каймак сүйкөлгөн эт кесимдеринин бетине кара өрүк менен жаңгактын аралашмасынан себелеп, тегиздейбиз. Этти рулет сыяктуу кылып оройбуз. Рулет жазылып кетпеши үчүн тиш чукугучтар менен ар жеринен бекитип койсоңуз болот. Рулеттердин үстүнө 1 аш кашыктан каймакты сүйкөп, бир аз туз, мурч себебиз.
  • 180-200 градуста ысып турган электр мешинин табасынын бетине каймак сүйкөп, эт рулеттеринин жабыштырылган жерин ылдый каратып тизип, үстүн фольга менен жабабыз. Меште 20-30 мүнөт кармайбыз. Анан алып чыгып, бетиндеги фольганы сыйрып, кайра меште 5 мүнөттөй бети кыпкызыл болгуча кармайбыз. Даяр рулеттерди тегерек кесип тарелкаларга салып, дасторконго коё берсеңиз болот.

 

АПЕЛЬСИН МЕНЕН ТООК ЭТИ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Тоок этин анча чоң эмес бөлүктөргө бөлүп, туздап, мурч себебиз. Көмөч казанга каймак май менен зайтун майын куюп, тоок этин салып күчтүү отко кызаргыча кууруйбуз.
  • Апельсиндердин кабыгын аарчып туруп тегерекче кылып кесебиз. Үстүнө тимьяндын 2 бутакчасынын майдаланган жалбырактарын, бир аз туз жана мурч себелейбиз.
  • Пиязды майда туурап, сарымсакты жанчып алабыз.
  • Көмөч казандан тооктун этин алып чыгып, ордуна пиязды, тимьяндын калган бутакчаларындагы жалбырактарды салып бир аз кууруйбуз. Анан үстүнө куурулган тоок этин салып, шарапты куюп аралаштырып кууруй беребиз.
  • Шарап бууланып, тамактын түбүндө суюктук азыраак калганда тоок этине зайтун мөмөлөрүн кошуп, үстүнө апельсин кесимдерин коюп, буу чыгышы үчүн тамак бышкыча казандын капкагын жаппай бышырабыз.

 

 

ЭТТҮҮ ОМЛЕТ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  • Пиязды орточо, сарымсак менен укропту майда туурайбыз.
  • Күрүчтү чала бышырып, сырды сүргүчтөн өткөрүп алабыз.
  • Көмөч казанга май куюп, пиязды салып, бир аз куурула түшкөндө фаршты кошуп жиберебиз. Туз, мурч, сарымсакты кошуп дагы бир нече мүнөт кууруп, анан бир аз суу кошуп, суу соолугуча бышырабыз.
  • Аралашма. Бул үчүн жумурткаларга сүт, татымына жараша туз кошуп чалабыз. Үстүнө күрүчтү кошуп аралаштырабыз.
  • Эми табанын бетин майлап 180 градуста ысып турган электр мешине ысытып алабыз да, ичине аралашманын жарымын куюп, мешке 3 мүнөткө салабыз. Чыгарып, омлеттин үстүнө фаршты салып, үстүнө калган аралашманы куюп, 20 мүнөт меште кармайбыз. Кайра чыгарып бетине укропту, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды чачып, мешке дагы 5 мүнөт кармайбыз. Апельсин менен үстүн кооздоп коёбуз.
    Тамак даяр.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
14.03.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооо сонун тамактар экен. Супер инфо рахмат!
14.03.2016. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жасап көрүш керек экен
16.03.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жасап коруу керек экен
18.03.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыы экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо