Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Марат Исаев: «БЕЛГИЛҮҮ БОЛУП КЕТКЕНГЕ КӨНӨ АЛБАЙ ЖАТАМ»

№697 11-март-17-март, 2016-ж

Ушул жылдын 11-февраль күнү Москванын "Красносельская" метросунун станциясында рельске кулап кеткен аялды куткарган мекендешибиз Марат Исаев көпчүлүктүн алкоосуна татыды. Өз өмүрүн тобокелге салган 28 жаштагы мигрант бүгүнкү күндүн каарманына айланган кез. Президент Алмазбек Атамбаевден баштап көптөгөн бийлик өкүлдөрү тарабынан сыйланган Марат Исаевди 10-мартта Орусиянын ажосу Владимир Путин да кабыл алып, аны "Өлүмдөн куткарып калгандыгы үчүн" медалы менен сыйлады.

– Саламатсыңбы, Марат? «Качандыр бир убакта журналисттерге интервью берип, белгилүү адам болом» деп кыялданчу белең?
– Саламатчылык! Бала кезде миң түрлүү кыялдар болот эмеспи. Белгилүү адам болом деп деле ойлогон эмесмин. Жашоодо атымды чыгарып, эл көзүндө болууга умтулбайм. Бейтааныш аялды куткарып калганымды эрдик же баатырдык деп эсептебейм. Бул адамдык милдет деп билем. Бир заматта эле белгилүү болуп кеткенге көнө албай жатам. Бир гана Кыргызстанга эмес, Орусияга таанылганыма кубанычтамын.

– Орус телеканалдары сени байма-бай көрсөтүп жатты. Кыргызстанга келгенден кийин дагы бир программага тартылуу үчүн Москвага кайра барып келипсиң...
– Кыргызстанга келгениме эки күн өтпөй «Звезда» телеканалынын «Поступок» аттуу берүүсүнө катышып берүү үчүн чакыруу алдым. Компания жол акысын төлөп беребиз дешкенинен бир күндө барып тартылып келдим.

– Дарегиңе жылуу пикирлер айтылып, ата-энең да уулу менен сыймыктанып жатса керек?
– Мен тааныган, тааныбаган кишилердин чын дилинен айткан каалоо-тилектери, аталардын-апалардын баталары, албетте, жүрөктү жылытат. Социалдык тармактардан келген каттардын аягы суюла элек. Бул окуяга чейин Фейсбукта 100 досум болсо, бир айга жетпей 1500дөн ашып кетти.

– Кыргызда эл назарына түшкөндө кан чыгарып, түлөө өткөрүп, бата алчу эле...
– Ооба, биз дагы ал жөрөлгөнү аткардык. Үйдөгүлөр көпчүлүктүн көңүлүнө түштүң дешип, 150 адамды чакырып түлөө өткөрдүк, бата алдык.

– Жубайың Орусиядан депортация болуп келип, бул маселени элчилик көзөмөлгө алган экен. Чечип бердиби?
– Ал үчүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине арыз жөнөтүш керек дешти. Бирок биз арыз жибере элекпиз. Учуру келсе бул көйгөйдү бүтүрүп алууга аракет кылабыз.

– «Тамашоу» долбоорунда калыс болдуң. Сен тууралуу даярдалган видеону көрсөткөндө жубайың жашып кетти...
– Видеону көрүп залдагы элдин баары туруп кол чапкан учурдагы толкундоону, кубанычты сөз менен жеткире албайм.

– Алдыда кандай пландарың бар?
– 9-мартта Москвага келдим. Азырынча мурунку эле жумушумда иштеп жатам. Өзгөчө деле пландарым жок.

– Жакындарың «Кыргызстанда эле иштей бер» дешсе керек?
– Туугандарым Кыргызстанда эле иштей бер дешкен, бирок азырынча Орусияда иштөөнү туура көрдүм. Ал жакта фирмалардын биринде курьер болуп иштейм. Сааты чыкса Кыргызстанга барып жумушумду баштайм деген ниетим бар.

– Марат Исаев кандай үй-бүлөдө өскөн?
– Карапайым үй-бүлөдө эле чоңойгом. Ата-энем мугалим. Беш бир туугандын улуусумун. Жубайым, 4 жаштагы кызым бар.

– Максаттарың орундалып, иштериңди ийгилик ыроолосун!

"Бизди тарбиялап өстүргөн ата-энеме алкыш айтам".

Орус ажосу мекендешибизге өз колу менен медаль такты.

АЙТТЫ ДА КОЙДУ

МУРАТ ЖАЛИЕВ:
«МЕН "ТАМАШОУ" ДОЛБООРУНА КАЛЫС БОЛУШ ҮЧҮН 6 ЖЫЛ ОШ-БИШКЕККЕ КАТТАДЫМ. СЕН ПОЕЗДДИН АЛДЫНА ШАП ЖАТЫП, ШАП ТУРА КАЛЫП КАЛЫС БОЛУП КАЛДЫҢ».

4-мартта "Тамашоунун" "Ак калпак" кубогу үчүн болгон таймашта Мураттын аткарган тамашасынан алынды.

Султан Төрөбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(36)
14.03.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азамат,кыргызымда сендей уулдар кобойсун!!!
14.03.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азаматсын кыргызымдын сиздей уулдары кобойо берсин.Поезддин алдына шап жатып шап тура калышда ар кимдин колунан келе бербейт Мурат байке.
15.03.2016. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aizesh,аны эми тамашага салып айтты го дейм суктануу менен
15.03.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baku24,аман эле болсун ошо муратынар оозуна эмне келсе суйлоп коюп журот
16.03.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
amanatym,тамашаны тушунбогон адам,тамашоуга байланыштуу эч нерсе окубай эле койунузчу!
16.03.2016. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aizesh,туура ар кимдин колунан келе бербейт ! Бирок бул Тамашоу да тамаша!!! Менин оюмча ичи куйгондугунон айтпаса керек
14.03.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ха ха Мурат жайлайтда!
14.03.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чыныгы жигит жакшы жактары менен элге таанылат жана улгу боло алат. Азамат!
14.03.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахым берген жакшылыктарга чексиз шугурлор болсун , Кудай берген экен бактылуу кундорду
14.03.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тамашоудагы видиону кпнтип коро алса болот Марат тууралуу
14.03.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурат сен поезддин эмес арабанын эле астына жатып корчу, анан билет элен жандын шириндигин. Тилде соок жок депэле суйлой бербе.
14.03.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Угушума караганда Мурат менен Марат классташ болсо керек
14.03.2016. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туугандар,Мурат болгону тамашалаганда.Тамашаны тушуно билсениздер.
14.03.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Азамат экен! Мен коп жыйындарга катышам. Жетекчилер кол астындагыларга суроо берсе коздорун алайтып, мышык болуп калышат. Министр мырза да "генерал болууга татыктуу экен Марат. Силер эмне эле байкуш болосунар? Кремилде Марат Путин менен корпостон, килемде маданияттуу басып барып медаль алды. Ошол эле бойдон кетпестен Путинге "мен да суйлосом болобу?",- деп сурап да улгурду" деп аябай ачууланып урушуп кирди. Азыркы бийликтегилердин эч кимисинин буга эрки да кучу да мээси да жетмек эмес.
14.03.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
biikech0,кимге аябай ачууланып урушту
21.03.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
leili1, министр жыйынга келип кол астында иштеген кызматкерлер менен жолукту. Анысы сыр болсун. Мамлекеттик мекемеде иштегендер. Жолугушуу учурунда суроо узатты аларга. Алар ар бир созундо "жолдош, Тукунчоевич"-деп эле сууга тушкон мышыктай, куноолу адамдай боор оорута тарган абалда туруп араан жооп берип жатты. Бул корунуш министрдин эле эмес, баарынын эле кыжырын кайнатты. Анан ачууланып "эмне эле бужундойсунор? Эмне коркосунар?"-деген таризде Маратты улгу кылды. Эми тушунуктуубу?
14.03.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жогорку окуу жайды буткондо ушул жигитке бир чон кызматты карматышмак экен. Азаматсын, ушунундан жазба. Кыргыз элинин эр журок экенин бир корсоттун башкаларга
14.03.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жанагы патриот сыяктуулар улгу алышпайбы, мына чыныгы эркектик!
14.03.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым берем десе берип коет ме деп эле ким ойлоду дейсинер ушундай атактуу болорун.азамат Марат.
14.03.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мурат экоо классташ. Мурат ал созду тамашалап эле айткан,жазылып эле турат го тамашоудон алынган тамаша деп. Дагы сонун тамашаларды айткан)))
15.03.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
luna28,видеосун каяктан корсо болот... Рахмат
15.03.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edelveis0088,видеосун билбейт экенмин. Тамашоуго барган болчубуз...
14.03.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!
14.03.2016. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат
14.03.2016. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кара-Кулжанын кулунуда
15.03.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай гана бактылуу жана баатыр адам... мындай эрдик ар бир эле адамдын колунан келе бербейт
15.03.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешенесине жазган экен жакшылыкты, чын эле копчулукко (кыргыз мигранттарына айрыкча)дем-куч болот копко)))
16.03.2016. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийкеч айым оюңуз чаржайыт болуп эле жазып коюпсузго?


Андай эле көрбөгөн "Звезда" каналына кое койсом Марат акени көрсөтүп атыптыр, пультту кармаган боюнча көзүм жашылданып бүткүчө бир сүйүнөм...

Ошондон бери ал каналды жакшы көрүп калдым... :) :) :)
jemile түзөттү 2016-03-16 23:51:58
21.03.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jemile, сиз оюнузду бир жерге коюп окусаныз жакшы тушунмоксуз да)))
17.03.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага окшогон адамдар кобойо берсин ийгилик.
17.03.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик кыргыздын чыныгы мырзасы.
17.03.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун.Иштериңизге ийгиликтер.
17.03.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мараттын ата-энесинен Аллахым ыраазы болсун! Анын эр журок жардамы- бул жигит учун эле эмес,баарыбызга ар-намысыбыздын бир тепкичке жогорулашына себеп болгондой сезилди. Ушундай сыймыктана турган кыз-жигиттерибиздин саны коп болсун.
18.03.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат мырза экен. Абдан жонокой,маегине ичим жылып калды. Эн негизгиси аман болсун!
18.03.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха ха )))) шап тура калып шап жата калып эзиптирго ))) албетте бул тамаша.
18.03.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ушундай мырзалар коп болсо патриоттор ушудан улгу алышса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: