Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ПАСПОРТ ЖОК ЭЛЕ ЖУМУШКА ОРНОШКОМ, АЙЛЫГЫМДЫ АЛА АЛБАЙ ЖАТАМ»

№638 23-январь-29-январь, 2015-ж

Көпчүлүк жарандар түрдүү себептерден жапа тартып, адистин кеӊешине абадай муктаж болушат. Бул ирет окурмандардын укуктук мыйзам, талаптар боюнча суроолоруна орун бердик. Суроолорго "Фемида" юридикалык компаниясынын жетекчиси Азиз Токтосунов жооп берет.

– Паспорт жана тиешелүү документтерим жок эле жумушка киргем. Жакында бошотуп жиберишти. Айлыгымды да толук алган жокмун. Документ жок деп эле кордой беришеби? Укугумду кантип коргой алам?

Алмаз, Ош

-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 64-беренесине (эмгек келишимин түзүүдө көрсөтүлүүчү документтер) ылайык, эмгек келишимин түзүүдө ишке кирип жатканда жумуш берүүчүгө паспорт же ким экенин ырастаган документтерин көрсөтүшү керек. Сиз паспортуӊузду көргөзбөсөӊүз да, жумуш берүүчү менен эмгек мамилелерине өткөнсүздөр, жасала турган жумуш, ага жараша эмгек акы сүйлөшүлдү. Демек, эмгек мамилелери бар. Айлыгыӊызды төлөбөгөнү эмгек укугуӊуздун бузулушун шарттайт. Ошол себептен сиз өзүӊүз жашаган аймактагы (шаар, район) эмгек талашын кароочу комиссияга кагаз түрүндө арыз менен кайрылыӊыз. Комиссиянын чечиминде сиздики туура болсо, сотко кайрылууга укугуӊуз бар.
«Адистин кеӊеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеӊештерге муктаж болсоӊуз, бизге кайрылыӊыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеӊиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазыӊыз.

Султан Төрөбеков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо