КЕЛИНДИН КЕЛГЕНДЕГИСИ ЭСТЕН КЕТПЕЙТ

№698 18-март-24-март, 2016-ж

Кыргызда келин келсе «башыбызга баш кошулду» деп аябай кубанышат. Анын сыңарындай былтыркы жылы белгилүү, эл көзүндө жүргөн мырзаларыбыз үйлөнүп, бир башы эки баш болгон эле. Мына ушул өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон шоу-бизнестеги мырзалардын келинчектерин тыңдап, бирге сынайлы.


Эрнест Бөрүбаевдин жубайы Айгерим: «ЭРНЕСТ МЕНЕН КОШУНА БОЛЧУБУЗ»

Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 17-январь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу
Баш кошкон күнү – 6-июнь, 2015-жыл

– Эрнестти кичине кезимден бери жакшы тааныйм. Анткени алар менен кошуна элек. Карындашы Сайкал менен курбу болуп бирге ойноп, көбүнчө чогуу жүрчүбүз. Бой жетип калганда бир жолу Эрнест менен Ильяз Абдыразаковдун концертине чогуу барып, жылдызыбыз келишип калды. Ошентип ортобуздагы 17 жаш айырмачылыкка карабай былтыр жайында баш кошконбуз.
Оштун салты бир аз кыйыныраак экен, бирок азыр көнүп калдым. Ал жакка келин болуш үчүн үй иштерине тың болуш керек экенин түшүндүм. Учурда кайненем менен чогуу турабыз.
Бир жолу кайненем «памил чай демдеп кел» десе, ал эмне экен деп ашканадан издеп таппай койдум. Эрнестке барып «пампык чай дегенди апам сурап жатат» десем күлүп, «пампык эмес, памил чай десең, ал кара чай» деп мага түшүндүрдү. Көрсө, кара чай демде деген экен да. Кыскасын айтканда, «Түндүктүк келин» тасмасындагыдай эле болдум. Улуу балабыз Денис 13 жашка чыгып калды. Экөөбүз өтө жакынбыз, үйдө зериккенде чогуу ойнойбуз. "Качан төрөйсүз" деп азыр инисин чыдамсыздык менен күтүп жаткан чагы.



Жеңиш Майрамбек уулунун жубайы Нурайым: «КҮЛЧӨТАЙ ЖАСАП СЫНАКТАН ӨТТҮМ»

Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 2-август
Туулган жери – Ысык-Көл облусу
Баш кошкон күнү – 1-октябрь, 2015-жыл

– Жеңиш экөөбүз 6 жылдан ашуун убакыт сүйлөшүп, анан баш коштук. Кыз-жигит болуп жүргөндө телефон чалсам албай койчу, кийин «укпай калыптырмын» десе ишенчү эмесмин. Азыр өз көзүм менен көрүп жатам, чын эле аябай уйкучу экен.
Жаңы келин болуп келгенде күнүгө эртең менен жүгүнө берчүмүн, көрсө, Таласта анча жүгүнбөйт тура. Бирок мен азыркыга чейин Жеңиштин туугандары келип калса жүгүнүп жатам. Таласта келин күлчөтайдын камырын жайып сынактан өтүшү керек экен. Мен жакында эле бул сынактан өттүм. Апчем, тактап айтканда, кайненемдин сиңдиси сынакты кабыл алды. Көлдө камыр тамак көп жебегендиктен манты, оромо жасаганда эле камыр жайчумун. Бул жакта болсо күлчөтайдын камырына өзгөчө көңүл бурушат экен.
Жеңиш кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө биринчибиз эркек болсо дечү, азыр кыз болсо деп калыптыр. «Кыз жакшы да, сага жардам берет» дейт. Өзү 3 бир тууган, жалаң эркектер. Мен үйдө улуу келинмин, буюрса, дагы эки абысыным болот.


Бек Исраиловдун жубайы Айжаркын: «БЕК КОЛУМДУ СУРАГАНДА ОЙЛОНБОЙ ТУРУП МАКУЛ БОЛДУМ»

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 29-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Баш кошкон күнү – 4-ноябрь, 2015-жыл

– 2011-жылы «Ысык-Көлдө кадыр түн» деген фестивалга бир тууган эжем катышып колдоп баргам. Ошондо Бек да катышкан экен, экөөбүз ошол жактан, Чолпон-Атадан таанышканбыз. Анан шаарга келгенден кийин сүйлөшө баштадык. 4 жарым жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Кыз-жигит учурунда эле бири-бирибиздики экенибизди сезген окшойбуз. Таарыныша кеткенде 3 күнгө араң чыдачубуз. Ошондуктан колумду сураганда ойлонбой туруп макул болдум. Апам бир көрүп жактырган, ал эми атам «музыканттын кереги жок, жакшылап ойлон» деп каршы болду. Анан Бека менен таанышып, сүйлөшүп көргөндөн кийин «жакшы бала экен» деп макулдугун берди.
Учурда кайната-кайненемдер менен бирге жашайбыз. Эч кандай кыйынчылык деле жок, өз ата-энемдикинде жашап жаткандай эле жүрөм. Келин болуп келгенде быссымылда дегенде эле манты жасагам. Сабактан келсем кичинекей кайын сиңдим «апам сизди оромо жасап койсун деп бир жакка кетти» деди. Оромо, манты деген тамактарды үйдөгүлөр чогуу жасачубуз да, бирибиз камыр жайсак, экинчибиз фарш даярдап, үчүнчүбүз түйчүбүз. Биринчи жолу жалгыз жасап жаткандыктан бир аз жүдөдүм. Коркуп камырын да чоң жайып алыптырмын, анан оромо эмес, манты жасап салдым. Кудайга шүгүр, тамагым көңүлдөгүдөй болгон.


Добрдун жубайы Жибек: «АТА-ЭНЕМ БАШЫНДА КАРШЫ БОЛУШТУ»

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 10-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Баш кошкон күнү – 4-ноябрь, 2015-жыл

– Адилет менен интернеттен таанышкам, жолукканда эле меники экенин жүрөгүм сезген. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө мурун үйлөнүп, жылдызы келишпей ажырашканын айтып берген. Мен түшүнүү менен кабыл алып, каршы болгон ата-энемди да көндүрдүм. Алар да «бактылуу болоруңа көзүң жетсе батабызды беребиз» дешти. Адилетти ырчы болгондугу үчүн эмес, адамгерчилигин жактырып тандадым.
Башка үйгө көнүп кетүү, ал үй-бүлөнүн эрежелери менен таанышуу билинбегени менен кыйын экен. Бирок мага кайын сиңдилерим көп нерсени үйрөтүп, жардам берип жатышты.
Жолдошум өтө романтик. Сүйүү күнүндө, 8-мартта шамдарды жүрөкчө кылып күйгүзүп, белегин тартуулады. Жакында гана кош бойлуу экенимди укканда аябай сүйүнүп мени кучактап, көтөрүп, айтор, эмне кыларын билбей калды. Анан өзүнө келгенде апамдарга сүйүнчүлөдү. Талгагым аябай жаман болуп кыйналып жүрдүм. Адилеттин колдоосу менен кыйынчылыктар артта калды. Баласы менен сүйлөшүп, «уул болобу, кыз болобу аман-эсен төрөлсө болду» деп жүрөт.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Шоу-бизнестеги жаңы келиндер

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(72)
21.03.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эрнистин жубайы бар болчу баласыда ажырашып ошол 16жашар кызга уйлонгон.16жашар кызга турмуштун туйшугун ерте артканга не куч келди дейм да?Таза кыздык бойдок убакты сурбойсунбу?эрге балага деле жыйырма жашында жетишет елен просто жалко ата етендин алдында еркелеп гана журо турган убагын
21.03.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gundula,кыздын барар жери куйоо дейт.17,жаш норм убак.бактылуу болушсун.
21.03.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болсо,болду да
21.03.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи интервью берип жаткан да оздорун жакшынакай алып суйлошпойбу,жоолук салынып,келинге окшошуп алып,эми дагы тарбияланышаар,жаш да
21.03.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кубанын келинчеги татынакай,мунозу дағы жақсы ашық,пара экоо, Бек,Жеништин деле келинчектери татынашкалар,әр ким озуно сулуу,бұл жерде әні буну жазып сындай бергенден көру озунорду дұрыс қарасаң әр...
22.03.2016. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
danilka,сулуу биринчиден бул кыргызча сайт, экинчиден чогу сындайлы деп жазылып турат.Демек сындап жазганы укуктуу баары.
Musabaeva түзөттү 2016-03-22 18:20:38
SUPER.KG видео
21.03.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Beki092 ; ☺:)))
21.03.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оо Эрнист байкебиз тукумдан жаны чыккан жожону эле алып алган турбайбы? Баоасынан эле 5 жашка чон,ичи ашышпады бекен биринчи аялы менен кайын журтуна оз ата энеси менен карындашын койуп коруп.
21.03.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эрнес борубаев озу канчанчы жылкы аялы мектеп окуучусуго 98 дер 11 класс азыр
22.03.2016. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Inna_91,


оаа ии 98дер эптеп окууга отуп алсак экеен деп журсок бул жакта баласы 13ко чыгып калыптыр бир 98дин
22.03.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Inna_91,озу 80-81 болсо керек эле,точна эсимде жок.Бирок соон эле кишида
21.03.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куба деген Киииим?
21.03.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун эле келиндер экен, чоон келин бп кобойушо бергиле
SUPER.KG видео
22.03.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушунча кыздардын арасынан суйуп,уйлонуп аткандан кийин значит биз билбеген,мыкты сапаттары бар да.Бакыт каалайм.
22.03.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнистин аялы 98дейби.Улуу балабыз 13ко чыкты десе чочуп кетипмин
SUPER.KG видео
22.03.2016. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Kybanyn a9aly,kop idiw jyyw kerek eken deit go Amerikadan kelgensinp,
22.03.2016. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызымдын жаштары кармашкан колунар узулбосун
Медиа-портал
22.03.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musabaeva,
Саламатсызбы! Толук көрсөтүп жатат, браузердин кэшин тазалап кайра аракет кылып көрүңүз.
22.03.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zamira1989, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
22.03.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Замира молодец Жан дуйнон абдан сулуу экен... Юактылуу болгула...Куба экоонор бири биринерге абдан топ кклишесинер
22.03.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркекти бар кылганга аял жок кылганда аял деген соз барго келиндер куйонорду жакшы карагыла булар элдин алдына красавчик болуп чыгып журуш керек бала тапкандыкы эмес баккандыкы дегендей Эрнесттин аялы акылдуу экен баласын уулубуз деп айтканы журокту жылытты бактылуу болушсун
22.03.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силерге сынатып эле койсо. Өзүңөрдөн баштагыла сынакты. Баары эле оорду менен, жакшынакай турат. Такыр эле укмуш сынчы болуп кетесинер, тиги жери тигиндей, бул жери мындай деп...
22.03.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнест 81 окшойт да 17 жаш айырма болсо,ошондо учунчу никеси болуп калабы? Эки аял алып кетирсе керек эле.Неси болсо да балапан кыздын багын ачсын дейли
22.03.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары бактылуу болушсун балдарынардын омурун берсин кош бойлуулар эсен аман коз жарып алгыла!
22.03.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
«Түндүктүк келин» тасмасындагыдай эле болдум. Улуу балабыз Денис 13 жашка чыгып калды"Баш кошкон күнү – 6-июнь, 2015-жыл.Эрнист аганын датасы туура эмес жазылыптыр Супер инфо!!
22.03.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнест байкебиздин келинчегинин чогу ойнойбуз дегени жакты уй жасап десе сонун болмок экен
22.03.2016. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо бардык келиндердин боюнда бар экенда е.
23.03.2016. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрнист борубаевдики эркектер киносундагыдай айнааш жайнааш болуп калыптыр го
23.03.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биз кошуна болуп жашайбыз Энест Айгерим бактылуу болгула биз силер менен сыймыктанабыз бироону сындаган акылдуулар эле кобойду 17 жаш айрыма болсо эмне экен сонун парасынар.Айгерим аман эсен коз жарып алсын.
24.03.2016. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атактууларыбыз бактылуу болушсун
23.03.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эрнист Борубаев аявай жаш секелек кызга уйлонуптур, бактылуу болгулааа баарынар!!!
24.03.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
26.03.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнесттин аялы татынашка го,жаш,аруу кезинде алганы жакшы наоборот,ар кайсы жаман-жакшы эркекти коро электе алып алганы туура эле,мындайча айтканда завидую белой завистью)))
Медиа-портал
19.04.2016. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнис тин аялы жок эккенго бул жерде
21.04.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
достор ким билет ырчы Анжеликанын толук туулган кунун
21.04.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sanhco, саламатсызбы!
Жылнаамадан биле аласыз:
http://www.super.kg/jylnaama/event/583
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо