Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИНДОНЕЗИЯДА АБАКТА ЖАТКАН ЖИБЕК САКЕЕВАнын ЭМГЕГИН ШААР МЭРИ САТЫП АЛДЫ

№698 18-март-24-март, 2016-ж

Эсиңиздерде болсо, 2010-жылдын 28-октябрында Индонезиядагы аэропорттордун биринен 21 жаштагы Жибек Сакеева аттуу мекендешибиз баңгизат менен кармалып, 12 жылга эркинен ажыратылганы тууралуу гезит бетине жарыяланган. Кыргызстандын күч түзүмдөрү ал чет өлкөлүк жарандар уюштурган баңгизаттарын ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун курмандыгы болуп калышы мүмкүн деген пикирде. Жакында Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинен Индонезияга барып, бул мекендешибизден кабар алып келишти.

Биз 6 жылдан бери Индонезияда абакта жаткан Жибек Сакееванын темир тор артындагы тагдыры кандай өтүп жаткандыгын билүү максатында анын бир тууган агасы Туратбек Сакеев менен байланыштык:
– Жибек менен телефон аркылуу кээде сүйлөшүп турабыз. Көбүнчө ал апама чалат. Жакында эле 8-мартта Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин кызматкери келип кабар алып, майрамы менен куттуктап кеткенин айтты. Апам кызын сагынганда эле «барып, көрүп келем» деп чыгат. Эне болгон соң кызын сагынат да. Бир жолу Индонезияга барып, карындашымдын абалы менен таанышып келген. Апама түрмөнүн жетекчилиги «кызыңыз сынактарга активдүү катышат» деп мактаптыр. Жакында дагы барам деп жатат.
Жибек абакта өткөн көптөгөн ар кандай сынактарда жеңишке жетишиптир. Бизге сүрөттөрүн жиберип турат. Карындашыма ошол жактан бир жактоочу бекер эле жардам берип жүрөт. Алар деле карындашым ак жеринен камалып кеткенин билишет экен, бирок соттун чечими чыккандан кийин өзгөртө алышпайт тура. Жибектин айтымында, ал жакта өзүнө окшоп алданып, ак жеринен абакка отуруп калгандар көп эле.


Абак кызматкери менен Жибек Сакеева. 8-март, 2016-жыл.

Жибектин агасынан Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги мекендешибизден кабар алганын угуп, элчи Кылычбек Султанов менен байланыштык:

– Кылычбек Камчыевич, жакында эле сиз жетектеген элчиликтин кызматкерлери Индонезияга барып, Жибек Сакеева менен жолугуп келишиптир. Мекендешибиз темир тор артында кандай шартта күн кечирип жатыптыр?
– 2016-жылдын 8-мартында Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин кызматкерлери консулдук-укуктук жардам берүү максатында Индонезиянын Бандунг шаарында абакта жаткан мекендешибиз Жибек Сакеевага жолугуп, ал-акыбалы менен таанышып, аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап кайтышты. Түрмө жетекчилиги билдиргендей, ага башка айыпталуучулардай эле жакшы шарттар каралган жана жетиштүү көңүл бурулат. Абак администрациясы, Бандунг шаарынын мэриясы жана Индонезиянын Адилет министрлиги тарабынан абакта уюштурулган ар кандай маданий иш-чараларга мекендешибиз активдүү катышат экен. Биздин суранычыбыздын негизинде түрмө жетекчилиги түзөтүү абагы менен толук таанышууга, Сакееванын абалын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди.

– Түрмөдө соттолуучулар үчүн кандай шарттар бар экен?
– Бандунг шаарында жайгашкан бул аялдар абагында бүгүнкү күндө эркинен ажыратылган 380 аял кармалат экен. Бардык камерада жуунуучу жай, мындан тышкары түрмөнүн ичинде мечит, китепкана, дүкөн жана өзүн өнүктүрүү үчүн ар кандай ийримдер бар.

– Жибек Сакеева өзү тууралуу эмнелерди билдирди?
– Жолугушуу учурунда Жибек Сакеева кызматкерлерибизге түрмөдө бардык шарттар бар экенин жана анын укугу бузулбаганын айтыптыр. Учурда араб, англис жана жергиликтүү калктын тилин суудай сүйлөп калыптыр. Ошондой эле бош убактысында бычмачылык жана кол өнөрчүлүк менен алектенет экен.



– Мекендешибиздин жаза мөөнөтүн кыскартууга мүмкүнчүлүк бар бекен?
– Түрмө жетекчилиги билдиргендей, 2015-жылдын август айында Индонезиянын Адилет министрлиги тарабынан Жибек Сакеева мунапыска илинип, жаза мөөнөтү 6 айга кыскартылыптыр. Быйыл да Индонезиянын эгемендүүлүк күнүнүн урматына абактагылардын жаза мөөнөтү 4 айга чейин кыскарышы күтүлүүдө.


– Ал эми Малайзияда баңгизат менен кармалгандарга кандай жаза колдонулат?
– Малайзияда жана коңшу жайгашкан өлкөлөрдүн баарында – Индонезия, Сингапур, Таиландда да баңгизат менен кармалгандарга өлүм жазасы колдонулат. Ошондуктан бул аймакка сапар алып жаткан кыргыз жарандарын дагы бир жолу баңгизаттан алыс болууга чакырам. Бейтааныш адамдын жүгүн алып, аларды кайсы бир жакка жеткирүүгө жардам берүүдө сак болуу керек. Анткени дээрлик бардык учурда жүктүн ичинен табылган баңгизатка тиешеси жоктугун далилдөө мүмкүн эмес. Жибектин окуясындагыдай жазанын салыштырмалуу жеңил болушу өтө сейрек көрүнүш.


– Мындан ары да мекендешибизден кабар алып турасыздарбы?
– Албетте. Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги мындан ары дагы мекендешибиздин ишин көзөмөлдөп, кабар алып, Индонезиядагы тиешелүү жетекчилик менен байланышта болуп турабыз.

«БОЁКТОР АРКЫЛУУ МЕН ӨЗҮМДҮ, ЖАН ДҮЙНӨМДҮ СҮРӨТТӨ ЧАГЫЛДЫРДЫМ»

Индонезиянын «koran-sindo» аталыштагы маалымат булагына өткөн жылы Жибек Сакеева тууралуу маалымат жарыяланган. Анда Бандунг шаарындагы айымдардын абагында ар түрдүү сынактар жана көрсөтмөлөр уюштурулуп турары, абактагы аялдар өз колунан жасалган эмгектерин сайт аркылуу жарнамалап, сатышары жазылган. Ошондой иш-чаралардын биринде мекендешибиз Жибек Сакеева тарткан «Көз жаш» аталыштагы картинаны Бандунг шаарынын мэри Ридван Камил жактырып, иш бөлмөсүнө илүү үчүн сатып алган. Ал эми жергиликтүү журналистке Жибек: «Мен кубанычтамын жана сыймыктанып жатам. Сүрөт тартуу кичинемден берки сүйүктүү ишим. Чоң көлөмдөгү тартылган алгачкы сүрөтүмдүн жыйынтыгы минтип эсте каларлык болду. Көрсө, мен тарткан сүрөттү да баалашат экен. Боёктор аркылуу мен өзүмдү, жан дүйнөмдү сүрөттө чагылдырдым»,- деген пикирин билдирген.

Мекендешибиз Жибек Сакеева тарткан «Көз жаш» аталыштагы картинаны Бандунг шаарынын мэри Ридван Камил жактырып, иш бөлмөсүнө илүү үчүн сатып алган.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  19 
Комментарийлер(53)
21.03.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Этият болуш керек экен..
21.03.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
БГУ да окучу жибек. Факультет европ-й цивилизацииде. Эххх убактылуу акчага кызыкпай эле койгондо..
21.03.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pakissstanka,чогуу окудунар беле? Аябай жаман иш болуптур.
21.03.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Толуп алыптыр Жибек эже!Мектепте окуп жургондо аябай арыыыык кыз болчу.Тезирээк эле бошотулса жакшы болмок.
21.03.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сабр тубу сары алтын бул кундор да отот кетет.
21.03.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кор болбой, жакшы эле шартта экени кубандырды. Тезираак чыгып келсин энекесинин жанына.
21.03.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сулуу кыз экен татынакай
21.03.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Татынакай болуп тыкан журот экен баарынан да араб,англис тилин эркин суйлойт дегени кубандырды ыйман жана сабыр берсин
22.03.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Админгул неге барган кызматкерлер андан интервью алган эмес? Же силер телефону болсо интернет аркылуу интервью алгылачы. Апасына чалып турат экен го. Кыздарга жакшы кенештерин айтса керек ишенбегиле деп эч кимге. Анан да ал жактан турмушка чыкты деп бир жерде журот турмодо. Маалымат алып бергилечииииииииииииииииииии.
22.03.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pakissstanka, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
22.03.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындап эле ак жерден отуруп калдыбы кандай болгон бул кыз именно каяка кандай максат менен учуп жоногон, ушул интервьюсун кайдан окусам болот админ, ананда кудайга мин мертебе Рахмат олум жазасына тартпабтыр.
23.03.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Nazikbaigazy, кароч, бир негр бала Бишкекте таанышып бул кызга иш сунутайт. эки мин доллар берем малазияга сумка апарып кел дейт. малазиянын аэропортунда бее тааныш бироо рюкзагымды алып отуп берчи дейт. Ага бул кыз макул дейт. Анан ошол рюкзактан героин чыгып калат. Ага чейин да бул кыз ошол негр жигиттин оной акчасына ишенип коп чет жактарга чыгып жургон. Кытайга да барып келген. Кудай сактап ошякта кармалып калбаптыр. Кытайда олум жазасын алган аялды да ошол негр жигит ишке жалдаган. Товар ташыйсын деп айтып, товарынын ичине наша бекитип салып берип жургон. Эми ал африканец качып карматпай журот.
AlbertEnshtein түзөттү 2016-03-23 01:12:43
24.03.2016. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AlbertEnshtein,Рахмат
27.03.2016. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein,анда рюкзак менее Бшкектик африканецтин кандай тиешеси бар? Демек, ал негр куноолуу эмес экен да э, мен ойлогом ошол негрдин сумкасында нашаа бар деп.
22.03.2016. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул кыздын тагдыры мени ойлонтуп журду эле Кудайга шугур аман эсен экен
22.03.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшынакай кыз экен байкуш алданыптырда. Абакта намазкана бар деген жери жактыда Аллах ыраазы болсун!
22.03.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш кыз ата энеси менен жургон,оз мамлекетинде жургон кандай сонун. Бул кызды подстава кылган го, сабыр кыл.
22.03.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш
23.03.2016. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш кыз жаштайынан ,эмнеси болсо да аман эсен келсин
23.03.2016. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
татына кыз .бактылуу болсун
23.03.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата-энендин бактына аман эсен кайтып кел
23.03.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
волчья яма же бангкок хилтонбу же билип эле тиричилик кылганбы?
23.03.2016. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандайча алданып калды экен толугураак маалыматты кайдан тапсам болот? Апасына да жаман болуптур бала учун энелер эмнени кана кылбайт ойлосо ойунан уктаса тушунон кетпей турган болуптур
23.03.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эстуу кыз экен эсен аман бошонуп келсин
24.03.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кылычбек байке ото жакшы адамсыз. Бул кызды атайын барып коруп келгенинизгн Аллах раазы болсун. Биздин жеп жутарлар деле иш чаралар менен барып турса керек Индонезияга бирок бироосунун дагы оюна келбесе керек бул кыз. Сиз президент болушунуз керек Кыргызстанга. Атайын ушул кыз учун Малайзиядан барганынызга жараша интервью алганда эн сонун болмок ((
24.03.2016. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла жардамчысы болсун!
24.03.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Намазды да уйронуп алсын эми,жакшы болот
24.03.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
канчалык условиясы бар болуп турса да турмо деген турмо да,аман эсен чыгып келип ал Кыргызстанга,экинчи оной акчага кызыкпа
24.03.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аллахым сабырдуулук берсин. Шамалдуусай кутуп жатабыз Жибек!!!
25.03.2016. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
shamalchanin,шамалдан болобу?
25.03.2016. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сураныч Жибек менен кандай байланышсам болот байкесинин телефон номерин жиберип кое аласыздарбы
25.03.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии досум сени сагындыыым кудайга шугур Аман-эсен жакшы журот экенсин акыркы кундору тушумо да коп кирип калдын Эле админ сураныч байкесинин дарегин телефон номерин жиберип кое аласыздарбы кандай байланышсам болот
26.03.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр, Туруктуулук, бир боорум... сен женесин.
26.03.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сураныч Туратбек Сакеев байкеси менен кандай байланышсам болот телефон номерин жиберип кое аласыздарбы жеке электрондук почтама мен Жибектин БГУ да бирге окуган курбусу болом
28.03.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xue, саламатсызбы? Купуяңызды караңыз.
27.03.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кудайым озу билет ар бир пендесин ар кандай жолдор менен сынайт, бул кызда кудайдын сыноосунан отуп жаткандыр, эми мындан аркы жашоосун, жакшы болуусун кудайдан тилейли. Аамин))
27.03.2016. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт.
Кудайым мындан аркы жашоосун тузоп кеткенге ыйман,ынсап берсин.
28.03.2016. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ ссылки берип койгулачы 2010 ж 28 октябры 416 сан экен карасам бул кыз жонундо жок го
28.03.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pakissstanka, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/6645
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо