Жамиля Ишенбаева: «СУПЕР СУЛУУ» СЫНАГЫН ЖЕҢГЕНДЕН КИЙИН ИЙГИЛИКТЕРГЕ ЖОЛ АЧЫЛДЫ»

№698 18-март-24-март, 2016-ж


Жамиля Ишенбаева мода тармагында иш алып барган чет өлкөлүктөрдүн көзүнө түшүп, испаниялык журналдардын жүзү болууга жетишти. Билим менен моделдик карьераны бирге алып кеткен сулуу бийкеч мындай жетишкендиктери менен башкаларга үлгү болчудай. Кыргыздан чыккан сулуулардын саналуусу гана жеткен мындай ийгиликтер бул Жамиляда «Супер-Инфо» гезити уюштурган «Супер сулуу» сынагынан старт алган.

Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 26-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КУУнун кыргыз-европа факультетинде 4-курста окуйт
Бою – 173 см
Салмагы – 53 кг
Параметри – 85-60-90
Жетишкендиктери – «Супер сулуу-2009», «Азиянын супер модели. Кыргызстан-2011», «Дүйнөлүк туризм сулуусу-2011», «КУУнун сулуусу-2013»

– Жамиля, Испанияда окуп да, модель да болуп кантип жетишип жаттың?
– Негизи, мен жөн жүрө албайм. Жашоом кызыктуу окуялар менен коштолуп турушу керек. Испанияга мен окуган окуу жайдын билимди тереңдетүү максатында уюштурулган программасы аркылуу баргам. Ал жакта чогуу окуган бир бала мени карап, «башкачасың, сулуусуң» деп суктана берчү. Ал мода индустриясында иштеген досуна мен жөнүндө айтып, кулагына куя берчү экен. Ошол досу «жакында мода жумасы болот» деп кастингге чакырып калды. Келбетим башкалардан өзгөчөлөнүп тургандыктан кастингден өткөм. Камеранын алдында иштегеним фотографтарга жагып, «Life Magazine», «Summer» деген журналдардын биринчи бетине чыккам. Кыргызстанда ал сүрөттү жакшы кабыл алышкан жок. Интернеттеги баракчама ошол сүрөттүн алдына толтура жаман комментарийлерди жазышты. Эгер сен фотосессияда бир бала менен кучакташып түшүп койсоң, жашоодо да аны менен кучакташып жүрөт деп ойлоп калышат экен. Образ деген нерсе бар. Сага жаман кыздын образын көрсөт десе, ошону аткара бересиң. Ал эми жашоодо жөнөкөй, түз жолдо жүргөн кызмын. Ошондуктан эл образ менен жеке турмушту айырмалай билишсе жакшы болмок.



– Ал жакта калып, карьераңды улантууну каалаган жоксуңбу?
– Испанияда моделдик агенттиктер келишим түзүүнү сунушташкан. Окуумду узартып, ал жактан улантуу мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок ата-энем чакырып алышты. Анын үстүнө быйыл окуумду аяктамакмын. Буюрса, кызыл дипломумду колума алам.
Жакында Дубайга барып Херш Чада (ред. кыргыз студенти Талгат Субаналиев дал ушул фотографтын сынагын жеңип, Антарктидага саякаттап келген) деген фотограф менен 10 күн фотосессия кылып, ийгиликтүү иштешип келдим.

– «Супер сулуу» сынагы сага ийгиликке көпүрө боло алдыбы?
– Албетте. Анткени аталган сынак мен катышкан сулуулар сынактарынын алгачкысы болгон. Өспүрүм курактагы бул жеңишим өзүмө болгон ишенимди арттырган. Кыялыңа умтула берсең, баары орундалат экен деген ойдо калгам. Бул сынактан кийин элге таанылып, ырчылар клиптерине тартылууну сунуштай башташты. Ошентип ийгилик өзүнөн-өзү уланып кете берди. «Супер сулуу» сынагын жеңгенден кийин ийгиликтерге жол ачылды.

– Жакында интернет баракчаңа «мени берилип, чын дилинен сүйгөн адам сен болдуң» деп жазган элең. Жеке жашооңдо абал жакшы окшойт...
– Ал казакстандык жигит. Аны менен дос катары эле сүйлөшөм. Бардык майрамдарда белегин жөнөтүп турат. Досторума мен тууралуу «ал бөлөкчө жан» деп айтат экен. Азыр жигитим жок, өзүмдүн адамымды таба элекмин.

– Ал казак актёру, телеалпаруучу Тауекел Мусилим эмеспи?
– Жок, ал башка жигит. Мурда Тауекел менен мамиле курганым жазылганда көбү пиар деп ойлошкон. Кайдагы пиар, биз чын эле сүйлөшчүбүз. Бизди интернет табыштырган. Ортобузда сезимдер болгон. Мен Испанияга кетип жатканда Тауекел сериалга тартылып бошобой калгандыктан коштошпой калганбыз. Ал «1 жылга кетип жатсаң эмнеге коштошпойсуң?» деп экөөбүз урушуп жүрүп сүйлөшпөй калдык.

– Казак кыздары ал жигит менен сүйлөшүп жүргөнүңдө сенден аны аябай кызганышкан экен...
– Аларды түшүнсө болот, жаман көрсө да жарашат. Мен деле келишимдүү кыргыз жигити казак кызы менен сүйлөшүп жатса, кыргыздан кыз табылбай калдыбы деп айтмакмын. Бирок «сымбаттуу жигит каяктагы кыргыз кызын таап алган?» деп жаткан казактарга биздин кыргыздар да кошулуп алып жамандаганы күйгүзбөдүбү. Башында түтөп, аларга жооп кайтарып жүрдүм.



– Убагында айтылбай калган сөздөргө кыжалат болосуңбу?
– Ооба, мисалы, апама жооп кайтарганда ал дароо «айтышпа» дейт. Мен болсо өзүмдүн оюмду жеткиргим келет. Оюмду айтпай калганымда ичимден буулугуп, жаман болуп кетем. Менимче, адам өз оюн сөзсүз билдириши керек.



– Интернетке кирбей канча убакыт жашай аласың?
– Бир да күн жашай албайт болушум керек. Азыр интернет биз үчүн бардыгы болуп калбадыбы. Ойгонуп алып эле дароо интернетке киребиз. Мен ансыз жүрө бермекмин, бирок интернетке кирбей калган маалда эл жаман нерселерди жазып салышабы деп корком. Айтылган сөздөрдү жүрөккө жакын кабыл алам. Ал жакта менин тааныштарым, сиңдилерим да болгондуктан негативдүү комментарийлерди алар көргүчө өчүрүп салышым керек. Туугандарым мен тууралуу ушак сөздөрдү угушун каалабайм.



– Эрте турмуш курууга көз карашың...
– Эрте турмуш курган деле жакшы. Балдарың эрте чоңоёт. Бирок эрте баш кошкондор бат эле ажырашып жатканын көп көрүп жатам. Кыздар башка балдар менен сүйлөшпөй тийип алып «жинди экенмин, мунун жаман бала экенин билбептирмин» деп өкүнүп отуруп калышат. Мен жок дегенде эки адам менен сүйлөшүп, аларды салыштырып көрүш керек деп ойлойм. Мурда 22-23 жашымда күйөөгө тийгим келсе, бул куракка келип калгандан бери 24-25 деп улам жылып баратат (күлүп). Мен карьеранын артынан куубайм. Эгер жакшы адам табылып калса, азыр деле турмуш курууга даярмын.



– Жарандык нике азыркы жашоонун жетишкендигиби же көйгөйүбү?
– Көптөргө менин ой-пикирим жакпайт болуш керек. Бирок мен жарандык никени туура эмес деп эсептебейм. Албетте, ал биздин менталитетке туура келбейт. Ошондуктан аны жаман жорук катары кабыл алышат. Бир четинен караганда, жарандык никеге тургандар бири-бирин таанып жатышат да. Анткени турмуш деген башка нерсе. Сүйлөшүп жүргөндөгү «конфет-букет» маалы эмес. Эгер жарандык нике кеңири жайылса, ажырашуулар аз болмок деп ойлойм. Бирок мен эч качан антип жашамак эмесмин. Себеби мени ата-энем ушундай тарбиялашкан.


"Бош убактымда спорт менен машыгам".

Испаниялык журналдардын биринчи бетине тартылган сүрөттөр.


"Казак актёру, телеалпаруучу Тауекел Мусилим менен сүйлөшүп жүргөндө көбү пиар деп ойлошкон".

Дубайда белгилүү фотограф Херш Чада уюштурган фотосессия учурунда.

Динара Абдыкадырова
(Сүрөттөр Жамиля Ишенбаеванын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


“Модель десе эле элдин баары бузулган кыз деп ойлошот” дейт “Супер сулуу-2009” сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(61)
21.03.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамаша капа болуп калба сулуу кыз. Ата энендин айтканын кылып уй булонду ойлогонун эн туура. ушунуна беш. анан кыргыз жигиттен тап макул.
21.03.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кыз экен... Ыйман жолун туура тушундурсо тушуно турган ,ички дуйносу таза кыз экен....Адам айлана чойрого карап осот да.... Испанияда кунумдук турмуш да, жарым жыланач жургондук....жарандык нике туура эмес.... тазикте сузгонду уйронгондой эле... турмуш чон океан... толкундары да чон...жарандык нике туура болсо Америка Европа жыргап кетет эле го...
21.03.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмне үчүн натуральный сулуу кыздар жок бизде. Кашы чийилген, чачы боек, тырмактары бүркүттүкүндөй. Бишкекте бардык кыздар окшош макияж, окшош чач жасалгасы, каштарын окшош кылып чийдирип алышат экен. Ошолордун бири.
22.03.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
vivaldi, эмнеге жок, бар... Мисалы, менин
кашым татуаж эмес, тырмактарым өзүмдүкү (бүркүттүкүндөй эмес))),кирпик да өзүмдүкү,чачым да өзүмдүкү (кошулган эмес), демек, мен натуральный сулуу экенмин да )))
Мэри түзөттү 2016-03-22 10:26:38
28.03.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэри,tuura meniki kawym brejnevdikindei))))
Tamasha.birok 4ynle boelbou etpei tatuaj emes ozumku 4a4ym da ozumku tak 4to baardyk kyzdar emes kee bir kyzdar desek bolot))))))
03.04.2016. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэри,ooba kuday jaratkan suluulugunuz buyrusun. Surotunuzdu da koyup koysonuz sonun bolmok
21.03.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Картан кыз деп ойлогом да.
21.03.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
албетте ийгиликтерге жетишет неге дегенде ага кызыккандар кобойуп баштайт! ( бирок бай адамдар) азыркы кыздар акчага оной эле алданатда!
21.03.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baary ele suluu ech bir jonu jok
21.03.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Койгулачы кайдагыны айта бербей. Жамиляхон удачи тебе во всем!
21.03.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодо да ушундай болушса.Элдин козуно жакшына ыймандуу болуп корунуп,жашоосундо ит жийиркенерлик ишти кылышат коп кыздар.Ал эми внешносттон сулуу эле кыз экен.
21.03.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурунку интервьюсунда жактырбай калган элем.Азыр осуптур,чоноюптур.Чырактай кыз,ийгиликтерди жарата бер!Жагып калды)))Ачык муноз,ак конул экени корунуп эле турат,азамат кыз.
22.03.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон эле окуп журо бербей иштеш керек....
22.03.2016. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен калтырган билдируу канааа
22.03.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daiyrbekov_91, Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
22.03.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2014_samat_DJ, bemka.703, nursultan67, Taalaibek., кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-22 16:27:40
22.03.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmira96, такталбаган маалымат жазып кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-22 16:27:08
22.03.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик!
22.03.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
marat009, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!!!
22.03.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакпады булар убактынчалык
SUPER.KG видео
22.03.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а быйыл сулуулар конкурсу болбогон учун супер инфонун концерти болбой калдыбы
23.03.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
take04, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген, кемсинткен билдирүү калтырууга тыюу салынган! Эскертүү!
Медиа-портал
24.03.2016. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
модель болсо озун туз алып журушту билсе керек.мага букуройгондой сезилди
24.03.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
обычный эле кыз татуаж,наращивание,тонна косметика...но все таки молодец!!! удачи тебе...тиши мага да жакты:)))
Gulmira015 түзөттү 2016-03-24 13:24:14
25.03.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кой, казактарды эмне кыласын? Туура кылыпсын суйлошпой. Ошондой ХХХ ХХХ. Кыргыздын каймактай мырзалары турганда ХХХ ХХХ. Жаш экенсин синдим. Келечегин алдыда. Биринчи орунга уй-булону койгонун жакшы. А карьера оз орду менен кете берет.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-25 17:51:56
25.03.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
biikech0, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
25.03.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ROZA-87, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
SUPER.KG видео
26.03.2016. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ozunchole jakwy adam bolup koiuptur go
SUPER.KG видео
26.03.2016. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tv kayguulda mastar menen ozu da mas bolup jurot ko
26.03.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми динин ислам болсо антип кийинбейле кой озун билесин бирок
27.03.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтер коштосун
28.03.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahtynkulu, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган!
Медиа-портал
01.04.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.азамат кыргыздардан ушундай кыздар чыгып чет олколорго таанылып жатканы кубандырат
SUPER.KG видео
27.04.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын сулуу кыздары коп болсун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо