Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурлан Насип: ``БИРИНЧИ КЫЗДАРДЫН СУЛУУЛУГУН КАРАЙМ``

№380 12-18-февраль, 2010-ж.

Бойдоктор бурчу

Ырчы Нурлан Насип "Бойдоктор бурчу" рубрикасынын каарманы. Жыйырма жашка толуп турган бул жигиттин жары болууга кызыккан кыздар көп экенине шек жок.

"КАЛП АЙТПАШЫМ КЕРЕК"
– Азыр мен, орусча айтканда, "испытательный срок" деп коёт го, ошондомун. Жоопкерчиликтүү болуп, айтылган убакытта барчу жерге кечикпей барышым, калп айтпашым керек. Бул сыноо февралдын аягына чейин болот. Ушундай эрежелерди так аткарсам, ди-джей, продюсер Канат Кадыржан мени менен иштешүүгө макулдук берет. Азырынча кагаз жүзүндө келишим түзүү жөнүндө ойлоно элекпиз.
Учурда чыгармачылык менен алпурушкандан сырткары студентмин. Тактап айтканда, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын аяктоо алдында турам.

"НАСИП ДЕГЕН АТТЫ ЫРЫМ КЫЛДЫМ"
– Эл мени Нурлан Насип деп таанып калышпадыбы. Нурлан өзүмдүн атым, Насип деген атты чыгармачылыкта Кудай насип кылып чоң ийгиликтерге жетейин, сахнаны багындырайын деп ырым кылып койдум.

"ТАМАК ЖАСАГАНДАН РАХАТ АЛАМ"
– Негизи, бош убактым деле болбойт. Бош боло калсам эле ыр жазып, обон чыгарууга далалат кылам. Катуу чарчаганда жагымдуу музыканын ыргагында тамак жасап эс алам. Тамак жасоо аялдын иши болгондуктан, ашканага көп деле кирбейм. Ошентсе да картошка кууругандан рахат алам. Менин кууруган картошкамды жеген киши сөзсүз даамдуулугун айтат.

"СҮЙҮҮГӨ БОЛГОН КӨЗ КАРАШЫМ..."
– Сүйүү деп эки адамдын ортосундагы ысык мамилени эсептейм. Буга чейин балалык сүйүүлөр болгон. Мен сүйлөшкөн кыздардын саны чын эле эсимде жок. Анткени көп кыз менен сүйлөшкөм. Мектепке жаңы келген кыздардын баарын сүйүп чыктым окшойт. Азыр чыныгы сүйүү качан келет деп күтүп отурам. Мага, негизи, жөнөкөй, сулуу, акылдуу кыздар жагат. Ошентсе да, мен биринчи сулуулугуна карайм.

"ШАЙЫР ЖИГИТМИН"
– Жашоодо аябай шайырмын, ак көңүлмүн. Ак көңүлдүгүмдүн зыянын көп тартам. Өзүмдө жок болсо да, сурагандарга тааныштардан акча таап берип, кайра ала албай эле жүрө берем. Анан эч качан, эч кимге кек сактабайм.

Нурлан менен таанышкысы келген кыздар ырчынын Nyrlannasip@mail.ru дарегиндеги электрондук почтасына кат жазышса болот.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
18.02.2010. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сен калп айтпашым керек деп жатпайсыңбы буга чейин калп көп айтчу белең же... BLACK-0
20.02.2010. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Birinchi ozundu karap alchy ai jigit, kyzdyn suluuluguna karaim,anan tamak jazagan aiyaldyn ishi dep kaisyl chon atan aitty?Erkekter dele jasait tamakty,neobezatelno aiyaldyn ishi?Ayaldar dele jasap jurushboibu erkektin jumushu debei ele,bolgon jumushtun baaryn. Jakkan joksun....... :(:( ffffff
10.08.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tokmok, кошулам
22.02.2010. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bul jigit kim ozu?
10.08.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bibi, )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо