Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ШАМ – ШУМ ЭТКЕНГЕ ТАТТУУ БУЛОЧКА

№698 18-март-24-март, 2016-ж

МЕЙИЗ МЕНЕН

Керектелүүчү азыктар:

Даярдоо ыкмасы:

  • Сүттөн 5 аш кашык алып калып, калганын жылытып, ага ачыткыны эзип алабыз. Үстүнө 1 стакан ун кошуп, жакшылап аралаштырып, камыр көтөрүлсүн үчүн үстүн жылуулап жаап, 1 саатка жылуу жерге коёбуз.
  • Мейизди жылуу сууга 15 мүнөт салып койсок, ал көөп чыгат. Анан суусун сарыктырып, кургата аарчыйбыз.
  • Жумуртка аралашмасы. Бул үчүн 2 жумурткага кумшекер менен ванилинди кошуп көбүргөнчө чалабыз.
  • Камыр көөп чыкканда ага эритилген каймак майды, жумуртка аралашмасын жана 1,5 стакан унду кошуп жууруп, ийлеп, жылуу ороп 1 сааттай тыныктырып коёбуз.
  • Көпкөн камырды калыңдыгы 0,5-0,7 сантиметр кылып жайып, үстүнө мейизди себелеп, кол менен рулет түрүндө оройбуз. Рулетти 2 сантиметрден кылып кессек, бир нече булочка жаралат. Буларды 10-15 мүнөт тыныктырып коёбуз.
  • Электр мешинин табасына пергамент кагазын төшөп, булочкаларды салабыз.
  • Калган 1 жумуртканы алып койгон 5 аш кашык сүткө кошуп чалып, бул аралашма менен булочкалардын бетин сыйпап чыгабыз.
  • 180 градуста ысып турган электр мешине салып 20 мүнөттөй бышырабыз. Булочкалар даяр!

КАРАГАТ КЫЯМЫ МЕНЕН

Керектелүүчү азыктар:

Даярдоо ыкмасы:

  • Идишке ачыткыны, кумшекерди салып, жылытылган сүттү куюп, жылуу жерге 25 мүнөт коёбуз. Анан үстүнө эритилген маргарин менен унду кошуп камыр жууруп, камырды целлофан баштыкчасына салып, сыртынан сүлгү менен ороп, муздаткычка түнү менен коюп коёбуз (же 6-8 саат).
  • Камырды алып чыгып, аны 20дай бөлүккө бөлөбүз. Ар бирин тоголоктоп, калыңдыгы 0,5-0,7 сантиметрдей кылып жайып, камырдын ортосуна рюмканы коюп, тегерек кылып кесип алабыз. Ортосу кесилген бөлүктү 8 санындай формада келтирип алып, үстүнкү бөлүгүн тегерек камырдын үстүнө коюп, астыңкы бөлүгүн кайрып анын үстүнө жайгаштырабыз. Чыгып кетпеши үчүн камырдын четтерин кол менен чымчып бекитебиз.
  • Бетине пергамент кагазы төшөлгөн электр мешинин табасына булочкаларды салып, оюкчаларга кыямдан куябыз. Булочкалардын бетин жумуртканын сарысы менен сүртүп, камыр көтөрүлө түшсүн үчүн 15 мүнөттөй тыныктырабыз. Анан 180-190 градуста ысып турган электр мешине салып, бети кызарып бышкыча кармайбыз.

БУЛОЧКАНЫ ТҮРЛӨП ЖАСАҢЫЗ
Жогоруда берилген булочканын камырынан төмөнкүдөй формадагы булочкаларды жасоого болот.

Камырды калыңдыгы 0,7 сантиметр кылып жайып алып, бир четине кыям, быштак же повидло салабыз. Анан камырды ороп тоголоктоп, ийип банан формасына келтирип, бетине
жумуртканын сарысын сүйкөп бышыра беребиз. Бышкандан кийин бетине кант упасын себелейбиз.

Тоголоктолгон камырды сүйрү жумуру формага келтиребиз. Анын тең ортосунан аягына жеткирбей бычак менен тилебиз. Кесилген бөлүктөрдүн башын ичкери карай ийип бириктиребиз. Ортосундагы чуңкурчага быштак же повидло салып, булочкалардын бетин жумуртканын сарысы менен шыбап, электр мешине бышыра беребиз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(7)
21.03.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Көрүнүшү оңойдой эле, жасап келсең эле татаал боло калат. Рахмат чоң!
21.03.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жасап кором го.
21.03.2016. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
En sonun.Tamagynar tattuu bolsun!!!
22.03.2016. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда жасайм ,туну камыр кылып койуп эрте менен сонун болуп калат ,журокко окшош болот суроттогудой эмес бирок))Жакшынакайыраак .А суроттогу каттуудай корунот экен .кооп ийленген камырга окшоп корунуп калыптыр,
22.03.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу силерге эч нерсе жакпайт!!!
22.03.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы кобуроок бергилечи
06.07.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мага жакты жасап кордум кыздарым суктанып жешти силерге рахмат супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо