ДЖИ (сериал)

№699 25-март-31-март, 2016-ж

 (Башталышы өткөн сандарда)

– Жанар, сен сурандың, мен алып келдим. Болгон окуя ушул жерде гана калыш керек. Бул жерге жөн адамдар келбейт. Капчыгында акчасы толо, бийлиги, аброю бар адамдар. Сыртынан интеллигент көрүнүп жатышпайбы, бирок адам деген баары бир жырткыч. Ал маданияттуу, заманбап ойлонгондой көрүнүшү мүмкүн. Антсе да анда жырткычтык мүнөз болот. Дал ошол жырткычтык турпатынын моокумун кандыруу үчүн алар ушул жайга келишет. Бул жерде кан, былчылдаган муштумдан таанылбай калган жүздөр, сынып түшкөн тиш, бири экинчисин аёосуз жанчып жаткан адамдарды көрүү үчүн мына ушул «маданияттуулар» сен өмүрүңдө көрбөгөн акчаны сапырып турушат. Жан талаш! Жеңгенге аракет кыл. Көчөдөгү, машыгуудагы мушташтарың чынында азыр сен туш боло турган «жиндиликтин» жанында баланын оюну болуп калат. Ошондуктан жан талаш! Келиштикпи?!
– Сен жүрөгүмдү түшүрүп салдың,- Жанар жылмайып койду.
– Жанар, мен сага ишенип турам. Жакшылап аракет кылып коюшуң керек. Сен чыдамдуусуң! Ашыкча эле! Мен муну байкадым. Сенин көзүрүң ушул!
– А мен канча алам?
– Жанар, түшүн, тыныгуулар болбойт. Киресиң, мушташасың, же сен, же каршылашың жыгылып, эсин жоготкуча! Жан соога сураганда токтотуп коймой жок. Акырына чейин! Алган акчаң сенин урушуңа жараша. Эгер мушташың кызыктуу болсо, жеңип чыксаң, ар түрдүү бонустар болот. Сен башкысы жеңип чык! Жарым жылдык айлыгыңды жарым саатта табасың. Кеттик, бизди чакырып башташты.
Жанар Расулду ээрчип жөнөдү. Жанагы ээнсиреп турган жайга жык-жыйма эл толуптур. Кымбат кийинген мырзалар жанына сулуу бийкечтерин ээрчитип алышкан. Жаркыраган жарыктар көздү уялтат.
Кара костюмчан жигит Расул менен учурашып, кулагына бир нерсе шыбырады. Жанар алардын сүйлөшүүсүн уккан жок. Экөө бири-бирине башын ийкеп, макулдашкандай болду.
– Жанар, азыр катуу музыка чыкканда эле тиги торго чуркап киресиң. Анан башталат...- деди.
Аз өтпөй кулак тундурган добуш чыкты. Жанар жеңил чуркап тордун ичине киргенде бет маңдайында андан кыйла бойлуу, күржүйгөн орус турган экен. Кимдир бирөө катуу үн менен сүйлөп жатты.
– Кыска кара шымчан азамат «Барс», ал эми анын каршылашы мыкаачы жана кан ичкич, көпчүлүктүн сүймөнчүгү «Ганнибал!» Баштагыла!
«Хе, демек, мен Барс экенмин да...» Жанар ичинен күлүп койду. Анда коркуу сезими жоголуп кеткендей. Орус дароо эле чабуулга өттү. Тынымсыз сокку жаадырып, Жанарды торго кептеди, кекиртегинен бир колу менен кармап, экинчиси менен былчылдата ургулап баштады. Ал абдан тез кыймылдайт экен. Жанар тыңыраак коргоно албай койду. Былч-былч... Барскандай муштумдар башы-көзүнө катуу тийип, сыздатып жатты. Бир убакта эсин жоготту.
Жанарга кылым өтүп кеткендей болду. Башы каңгырап ооруп жатты. Колун бетине алып барды. Чулчуюп-булчуюп шишип чыккан экен. «Оо, Кудай! Ушунча да таш боор болобу?! Аяп койбойбу?!» Жанар өзүн-өзү шылдыңдады.
– Бул эмне деген шумдук?! Ал кыймылдап жатат!- кимдир бирөөнүн катуу добушу чыкты. Алып баруучунун үнү экен. Жанар эми гана дале тордун ичинде жатканын байкады. Уруш бүтө элек болчу. Жанар 20 секундга гана эсин жоготуп койгон. Бул учурда тиги орус жеңишин майрамдап жибергенге жетишти. «Тиги үлбүрөгөн азиат тынчыды» деп ойлогон. Бирок ал темтеңдеп боюн түзөп баштаптыр. «Аа» кыйкырып келген Ганнибал Жанарды көкүрөктөн ары тепти. Бирок ал кулап түшүп кайра тура калды да, анын бутуна асылды. «Эптеп жыгып алышым керек» деди Жанар. Бирок орус анын бөйрөктөрүнө койгулап эзип салды. Жанар акыркы күчүн топтоду, каршылашын буттарынан таптак өйдө көтөрдү да, күп эттире жерге кулатты. Тиги жан талашып бошонууга аракет кылып жатканда Жанардын колуна орустун манжалары урунду. Шап кармады. Мындай мүмкүнчүлүктү коё бербеш керек. Атайын ыкмага салып, тескери кайрыды. «Кырс» эткен үн чыкты. Кыязы, бир манжасы сынып кетти окшойт. Жана эле күпүлдөп жаткан орус талылуу жерин тарттырып жиберип, бош колу менен сокку жасаганга аракет кылып, анысынан майнап чыгара албай жатты. Жанар токтогон жок, каршылашын бакыртып колун кайрый берди. Сөөктөрдүн сынганы даана байкалды. Көрүүчүлөр ызы-чуу түшүп «өлтүр» деп кыйкыра башташты. Жанар качан гана тигинин колу жараксыз болгонуна көзү жеткенде каршылашын коё берип, туруп кетти. «Өлтүр!» көпчүлүк кыйкырып
жатты. Жанардын жырткычтык мүнөзү эми ойгонгондой. Оонап жаткан орусту бет талаштыра бир тээп эсинен тандырды.
Ал бөлмөдө башын жерге салып отурду. Денеси оорлоп, шайы кетип калган. Расул кирип келди.
– Азамат! Мына карма!- деп Жанардын колуна жашыл акчаларды чапты. – Баары сени баалашты. Бул жерде далайынын үшүн алган Ганнибалды биринчи беттеште жеңгениң үчүн бонус. Абройлуу кишилерден жакшы мушташканың үчүн өзүнчө сыйлык.
– Канча?
– 3 миң!
– Аа...- Жанар ыраазы боло түштү.

ххх

Күндөр шуулдап өтүп жатты. Жанар эки жумадай өзүнө келе албай жүрдү. Бирок жумушун калтырган жок. Антпесе айдап жиберишет. Машыгууларын да кайрадан баштады. Анын жашоосунун бир бөлүгү метродо өтчү. Азыр да метронун вагонунда ойго батып отурат. Дал ушул учурда анын жанынан кимдир бирөө өттү. Бейтааныш адамдын жыты ага өтө эле тааныш учурап кетти. Ооба, бул Аруукесинин жыты болчу. Жүрөгү шуу дей түшүп өйдө карап, арыда турган кызды көрүп селейип катып калды. «Кантип? Кантип?» Көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй тостоюп, денесин майда калтырак басты. «Сен өлбөдүң беле?! Мен өз колум менен көмдүм эле го сени... Кантип?!» ал ордунан козголо албай койду...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 678-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(35)
28.03.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына биз көптөн бери күтүп, айтып жүргөн жолугушуу, кызык жеринен бүтүрүп коюпсуңар да, эми дагы бир жума...
28.03.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызыктын баары эми башталат окшойт
28.03.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне ошондо олгон эмесби? Ошондой эле болсо го!?
28.03.2016. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
алтынчы
28.03.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыгына келгенде бүтүп калдыго
28.03.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
качан бутот болду экен????
28.03.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
11 бутот окшойт эмики жума
28.03.2016. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум шуулдап кетти)
28.03.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыгына келди кутуу керек
28.03.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коптон эле жазгылачы супер инфо
28.03.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Метродогу чын эле Арууке экенби
28.03.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызыгына келгенде бутту го
28.03.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен айткам Арууке тируу деп эмнеге аны олду деп айтылганын айтсам силерге кызыксыз болуп калат ошондуктан калтырбай окугула озунор кубо болосунар.Аруукени олтургон балдарды таап сабайт деген окурмандарга айткам адашасынар Арууке тируу деп Эстесенер Аруукени метродон жолуктурат деп жазылгагын баарын билесин Чыгарма Арууке менен кызыктуу туурабы откон жумада окуп кызыгы кете баштады бул жумада окуп кызыгы кете баштаганда Аруукени окуп баарын кайрадан кызыга баштадынар туурабы себеби буну чыгарма дейт.
Svoboda83 түзөттү 2016-03-28 13:21:32
28.03.2016. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Svoboda83, мен да ошентип ойлогом өлүп калса чыгарманын кызыгы кетет гооо....
28.03.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо тируу бекен же тугойу бар болду бекен?
28.03.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адмиин кызыгына келгенде бутуруп койосунардаа калганын менин купуяма жонотуп койгулаа
28.03.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арууке тируу болсо алып барып комгон кыз ким
28.03.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3

Bermet_Kasymova 16.10.2015. 17:04 0
А менимче кыздын эгизи бар. Кыз олуп калат. Анан метродон коруп калат. Анан ал экоо такыр башка адам. Апасы торогондо кедей болуп ошол учун кызын бироого.







Ушул колдонуучу айткандай болуп журбосун.жаны санынан таап окуп келдим.
28.03.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызыктар эми башталдыго
29.03.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар мушташып баштаганда такыр кызыксыз болуп калды эле мен учун,мушташты жактырбайм, билгем Аруукенин тируулугун, эми дальше кандай болооот, дагы бир жума
29.03.2016. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олук тириги али белгисиз гоооооо.
29.03.2016. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каерден окуп жатасынар бул чыгарманы мен даа таап окуюн эмки санына чеин чыдабайм
29.03.2016. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кызыктуу чыгарма калтырбай окуйм.
29.03.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарманы ким жазды ле? Китепке чыгабы булар?
29.03.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аруукенин эгизи тууралу буга чейин эч кандай соз болгон эмес элего.эмиэле кайдан пайда боло калат деймда.
29.03.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык Арууке тируу болсо анда кимди жерге беришти
30.03.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресиздер админ.Джи сериалынын авторун айтып коюнуздарчы сураныч.
31.03.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Йе айланайиндаар,кутуп турсанар кичине,Аруукеби же тугойубу кийинки сандарында билебиз
31.03.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кызык жерине келгенде бутуп калыптыр чыдамсыздык мн кутом уландысын
01.04.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аруукесине окшош кыз Аты жаннна казакстандын жараны болуп жазылган супер инфодон окудум жаны чыгыптыр бугун
02.04.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан жытынан бери окшош бекен, кызык го тааныш жыт десе Арууке деп ойлогом
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо