Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОРУСИЯДАГЫ УЧАК КЫРСЫГЫНДА КЫРГЫЗ КЫЗЫ КАЗА БОЛДУ

№699 25-март-31-март, 2016-ж

19-март күнү Дубай-Ростов-на-Дону багытында сапарга чыккан «FlyDubai» авиакомпаниясынын учагы кырсыкка кабылып, анда болгон 55 жүргүнчү, 7 экипаж мүчөсү, жалпысынан 62 адам көз жумду. Каза болгондордун арасында мекендешибиз Жылдыз Насирдинова да бар.

АБА ЫРАЙЫНЫН КАТААЛДЫГЫБЫ ЖЕ УЧКУЧТУН КАТАСЫБЫ?
Маалым болгондой, 19-мартта Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында жамгыр жаап, секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал жүрүп турган. «FlyDubai» авиакомпаниясынын Дубайдан учуп келе жаткан Boeing 737-800 учагы аба майданына Москва сааты менен алганда 1:40та конмок. Биринчи ирет конууга аракет кылып, бирок жерге жакындай бергенде кайрадан аба жарып өйдөгө учуп чыккан. Кыязы, бул учурда Кипрдин жараны болгон учкуч Аристос Сократус учакты туура кондурарына ишенген эмес. Аба майданынын үстүндө учак дагы эки сааттай айланып, анан кайрадан конууга бел байлаган. Анын «кайрадан конгону жатам» деген сөздөрү диспетчерлерге угулуп турган. Бирок бул жолу учак аэропорттун учуп-конуучу жолунан 50-100 метр алыс жерге кулап, заматта күйүп кеткен. Интернет булактарына жарыяланган видеотасмаларда да учак дароо күйүп кеткени даана көрүнөт.
Орусиялык Эмгек сиңирген учкуч Вадим Базыкин: «Эки саат аба майданды айланып учуп жүрө берүү келесоолукка жакын»,- деген оюн билдирди. Анын айтымында, аба ырайы катаал болуп, коно албай калган учурда жакынкы башка аэропортко конуу керек болчу. Бирок бул 55 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү каза тапкан кырсыктан кийин, өтө эле кеч айтылган сөздөр.
Азыркы тапта кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат. Учактын кулашына катаал аба ырайы, учкучтун катачылыгы же техниканын жарактан чыгуусу мүмкүн экендиги айтылууда.


КАЗА БОЛГОНДОР КИМДЕР?
Жүргүнчүлөрдүн көбү эс алуудан кайтып келе жаткан адамдар болчу. Учактын капитаны Аристос Сократус жакында гана үйлөнгөнү жана келинчеги наристе күтүп жатканы белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, Аристос ушул рейсинен кийин арыз жазып жумуштан кетмек.
Экипаж мүчөлөрүнөн Максим Аудрюс Орусиянын, Круз Алехандро Алава, Каро Жавьер Алехандро Курбело Испаниянын, Алекс Доминик Йорам Конфаит Сейшел аралдарынын, Лаура Патриция Делакрус Колумбиянын жана стюардесса Жылдыз Насирдинова Кыргызстандын жараны болгон.

Маркумдун эжеси: «ЖЫЛДЫЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНЧУБУЗ»
Мекендешибиз Жылдыз Насирдинова 1988-жылы Нарын шаарында туулган. 5 бир туугандын кенжеси болчу. Нарындагы №2-Чкалов орто мектебин артыкчылык менен бүтүргөн Жылдыз Бишкек гуманитардык университетин 2012-жылы аяктаган. Жылдыздын бир тууган эжеси Назира Насирдинова төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жылдыз 5 жылдан ашык убактан бери Дубайда иштеп жүргөн. Жылына 2-3 жолу Нарынга келип-кетип турчу. Ушул жылдын февраль айында эле келип, бизди кубантып бир топ жүрүп кеткен. Чет жакта жүргөндө дайыма интернет аркылуу байланышып турчубуз. 28 жашында минтип кырсыкка кабылып отурат. Жапжаш эле, үй-бүлө кура элек болчу. Мектеп жашынан эле активдүү болуп көп ийгиликтерге жетишти. Кийин БГУнун эл аралык экономика факультетин бүтүрдү. Баарыбыз Жылдыз менен сыймыктанчубуз. Өзүнө да жумушу жагарын айтып жүргөн.
Байкелерим кырсык болгон жерге кетишти. Качан кайтып келишери азырынча белгисиз. Байланышып жатабыз, азыр эксперттер иш алып барып жатышканын айтышты.

Агасы КУМАРБЕК НАСИРДИНОВ:
– Жылдыз жаштайынан зирек болуп, сабактарын жакшы окуду. 4-5 тилде эркин сүйлөгөн, максатына жете билген мыкты адам эле. Азыр айла жок, ыйлап-сыктап жоктоп отурабыз.

ОРУСИЯЛЫК БАСЫЛМАЛАР НАСИРДИНОВА КЫЗМАТ КЫЛГАН УЧАККА РАКЕТА АТЫЛГАНДЫГЫН ЖАЗЫШТЫ
Орусиялык ria.ru агенттиги Жылдыз Насирдинова кызмат өтөгөн учак ушул жылдын башында Дубайдан Сауд Арабиясына учуп бара жатып аз жерден кырсыкка кабылып кала жаздаганын жазып чыкты. Агенттиктин маалымдашынча, учак Йемендин үстүнөн өтмөк. Йеменде көтөрүлүшчүлөр менен президент Абд-Раббу Мансур Хадинин күчтөрүнүн ортосунда уруш жүрүп жаткан. Капысынан Жылдыз Насирдинова кызмат кылган учакка жерден эки ракета коё берилген. Ракеталар учакка тийбей, жүргүнчүлөр, экипаж мүчөлөрү аман калышкан. Агенттик «Ошондо стюардесса кыргыз кызы тагдыр ага биринчи жана акыркы жолу эскертүү бергенин сезди бекен?..» деп жазат.
«FlyDubai» компаниясы 2009-жылы Дубай өкмөтү тарабынан негизделген. Ростов-на-Дону шаарында учактын кыйрашы компаниянын тарыхындагы биринчи авиакырсык. Бул авиакомпания Кыргызстанда 2012-жылдын февраль айынан тарта иш алып барып келет. Учурда жарандардын көбү аталган авиакомпаниянын кызматынан колдонуудан чочулап турушат.
Компания Жылдыз Насирдинованын туугандарына компенсация катары 20 миң доллар төлөп берет. Мындай маалымат компаниянын сайтында жайгаштырылды. Жылдыз аталган компанияда 5 жылдан ашуун администратор болуп иштеп, бир нече ай мурун стюардессалык жумушка которулган.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
28.03.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Каап жакшы ийгиликтерге жетишкен экен. Жаткан жери жайлуу топурагы торку болсун!
28.03.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жаткан жери жайлуу болсун
28.03.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жаткан жери жайлуу болсун
28.03.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жылдыз эжени бир эки көргөн эле, жана күнү сүрөтү илинип туроанын көрүп аябай шок болдум. аябай сулуу, шайыр башкача адам эле. Аллахым кунөөлөрүн кечирип бейиштен жай берсин.
28.03.2016. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр эле жанылык.н айтты. "Черный ящикти ачып, катастрофанын себебин аныктады. Эки летчик спорлошо кетип, талашып тартышып эки саат асманда учуп журо берен" деп жыйынтык чыгарыптыр.
28.03.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Асманда эки саат коно албай учуп журо бериптир.Парашют жок беле?же колдун устуно жакыныраак учса болбойт беле?Жерге тушкондо баары бир жарылаары белгилуу да.
gulkar түзөттү 2016-03-28 12:03:18
29.03.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gulkar, көп адам ташычуу учактарда эч качан парашют болбойт, анткени ал 100-200 адамдын бирөөсү да өмүрүндө парашют менен секирип көргөн эмес, жада калса парашют экипажга да берилбейт.
03.04.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RUSLAN.KG,Парашют м-н бироосу да секирип корушпосо,жанагыдай абалга туш болгондо,жанын сакташ учун секирмек да.Ар бир сидениянын алдына коюп койсо,ынгай болгон жерден секиришмек.Канча адам болбосун парашют берилсе,же адамдын омурунон да кымбат болуп кеттиби?
28.03.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кырсык каш менен кабак ортосунда, Кудайым ушул кырсыктан каза тапкандардын жаткан жерин жайлуу кылсын, кабыр азабынан сактасын.
28.03.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оюндан от чыгат деген сөздү унутпаш керек! Эч качан техника же башка нерсе менен акылсыз жоруктарга барбоо заарыл, табият менен да ойнобош керек, анын өзүнүн мыйзамдары бар, сен ага кыянатчылык кылсаң, сөзсүз жооп берет!
28.03.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Арты кайырлуу болсун.жузунон эле жакшы адам экени билинип турат.адам баласы билбейбиз канча жашаарыбызды.жакындарына сабыр тилейм
28.03.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
бул кызга коз тийген окшойт
28.03.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ошон учун олумго даярданалык туугандар намаз окуйлук сооп иштерди кылылык дааватка чыгып куйолорубуздун ыраазычылыгын алалык куйолорубуз ата энесинин ыраазычылыгын алышсын эч ким билбейт качан олум келеерин пайгамбарывыс с,а,в айткан бир жагыма салам берип бир жагым караганча жаным чыгып кетпеске кепилдик бере албайм деп
28.03.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллах таала бизди 1 эле максат менен жараткан озуно ибаадат кылыш учун а биз эмнелер менен алек болуп журобуз,бул жашоо сыноо жашоо убактылуу баары Аллахым куноолорун кечирип жаннаттан жай берсин
28.03.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун!
28.03.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы адаидын омуру кыска деген ушулда
28.03.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах куноолорун кечирсин!
29.03.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, бейиштен орун алсын, кызык дуйнодо эмне гана жок, япон кытай нелерди гана ойлоп табышпайт, ойго келбеген нерселерди адамдар ойлоп оозунду ачырат, бирок эмне учун самалет кырсыка учураганда.жургунчулорду сактап калуу жолун ойлоп чыгышпайт, самалет кырсыка учураса адамдардын баары олумго учурайт, мен ойлоймун жургунчулорго учаардан алдын ар бирине парашют тагылса, жана кырсык болоордон алдын летчиктер билетда, баары учуп тушуп кетсе, ушундай нерселерди ойлоп табышса
29.03.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине кызы калды деп окуудум эле,кызы жонундо жазылбаптырго
29.03.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.
29.03.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.! Олгондон кийин долларын деле куруп калсын.
29.03.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жакшылыкты ошол наркы чын жашоодо берсин жаннатта болсун жайы жакындарына сабыр берсин бандалик
31.03.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
31.03.2016. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Кыздардын биринчи карьерасы уй булоо. Акча бир заматта жок болду. Уйбулосу болсо кана. Мага турмушка чыкчы деп сурангандар аз эмес болсо керек эле.
31.03.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейишин аркы дуйнодон берсин.
Жаткан жери жайлуу болсун.
01.04.2016. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы убакта мындай окуялар коп катталууда учака олтуруштан деле коркосун тобоо Жылдыздын жаткан жери жайлуу болсун Аллах Таала бейишин кут кылсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо