Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№699 25-март-31-март, 2016-ж

ИНТЕРНЕТТЕ
Трештокинг
– «таштанды» сөз же жалпак тилге салганда маанисиз сөздөр. Англис тилинен «trash» – «таштанды», «talk» – «сүйлөшүү» деп которулат. Башкача айтканда, адамдардын сөз тандабай көбүртүп-жабыртып эле айткан кептери. Бүгүнкү күндө социалдык баракчаларда, форумдарда же жандуу сүйлөшүүдө чегин билбегендерди дал ушинтип атап коюшат. Спорттук мелдештерде же бири-бири менен таймашууда трештокинг көп колдонулуп, маалымат каражаттарына жумуш табылат. Мисал катары UFC эрежесиз урушундагы мушкер, жаагы тынбаган Конор Макгрегорду белгилүү трештокер катары кабыл алсак болот.

 


КООМДО
Буккроссинг
– англисчеден «китептердин алмашуусу» деп которулат. Кимде-ким бир китепти окуп бүтсө, аны «бошотуп», башка адамдар үчүн коомдук жайга (сейил бак, кафе, поезд жана башка) калтырып коёт. Буккроссинг коомдук кыймыл же хобби катары кабыл алынып, флешмоб сыяктуу. Китептердин «саякатын» тиешелүү социалдык баракчалардан да издесе болот. Аталган кыймылды интернет-технология адиси Рон Хорнбекер 2001-жылы негиздеп, жарым жыл ичинде эле 300 миңдей колдонуучуну чогулткан. Учурда 1,5 миллион колдонуучу буккроссингдин сайтына 13 миллиондон ашык китеп каттаткан.

 

 

КИНОДО
Спин-офф –
түзмө-түз которулганда «коммерциялык айлантуу, жандандыруу». Кезинде чыккан белгилүү көркөм чыгармадагы (китеп, компьютердик оюн, комикс жана башка) экинчи планда калган окуянын же каарманынын негизинде тартылган жаңы чыгарма. Тактап айтканда, спин-оффто түп нускадагы чыгарманын орчундуу эмес окуясы же экинчи, үчүнчү пландагы каарман баш каарманга айланат. Мисалга алсак, чаяндар падышасы каарман катары «Мумиянын кайтып келиши» тасмасында башкы ролдо эмес, бирок кийин өзүнчө тасма болуп чыккан. «Икс адамдарынын» спин-оффу – «Росомаха» тасмасы, «Шрек-4түн» спин-оффу – «Өтүкчөн мышык» жана башкалар.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
21.07.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конор эн мыкты мушкер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо