Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН ӨКМӨТ ЧЕЧПЕСЕ, БИЗ ӨЗҮБҮЗ ЧЕЧЕБИЗ» ДЕП ЭЛ КЫЖЫРДАНЫП ТУРАТ

№699 25-март-31-март, 2016-ж

Өткөн аптада Аксы менен Ала-Буканы бириктирген жолго Өзбекстандын аскерлеринин күтүүсүз кирип, мыйзамсыз түрдө блокпостторду коюп алганы коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Кыргыз өкмөтү кырдаалдан чыгуунун аракетиндебиз дейт, ал эми чек арадагы абал өзгөрүүсүз калууда. Коңшулар бул кадамды «Нооруз майрамына карата коопсуздукту күчөттүк» деп түшүндүрүп, майрамдан бери 4 күн өтсө да жолго коюлган блокпостту алыша элек.

18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Аксы менен Ала-Бука райондорунун ортосундагы Чаласарт аймагына Өзбекстан күтүүсүздөн 2 БТР, 2 КамАЗ үлгүсүндөгү аскердик унааларын жана 40ка чукул аскерин киргизишти. Андан соң алар «Маданият-автожол» көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү бир тараптуу токтотту. Кербен–Ала-Бука жолуна өзбекстандык чек арачылар блокпостторду орнотушуп, жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерип башташты.
Таң эрте болгон окуяга Кыргызстан кечке жуук араң реакция жасады. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовго Кербен–Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы менен нота тапшырды.
Блокпостторду алып салуу талабы аткарылбаган соң 19-мартта Кыргызстан дагы бул аймакка 2 БТР жана жоокерлерди койду.
Ал эми Бишкек шаарында болсо бул күнү 50гө чукул активисттер Ак үйдүн алдына Аксы районундагы чек ара маселесин тактап берүү талабы менен митингге чыгышты. Бул топ менен жолугушууга өлкө жетекчилигинен да, Жогорку Кеңештин депутаттарынан да эч бирөө чыгышпады.
20-мартта интернет желелерине «Аксы районуна баргыла» деп элге чакыруу жасаган видео жарыяланды. Анда кыргыз улутундагы атуул унаасын айдап бара жатып: «Аксы районунун аймагында болуп жаткан чек ара маселесин бийлик чечпесе, өзүбүз барып чечебиз. Ноокат районунан 200гө жакын жаштар бара жатышат. Өзүн патриот деген атуулдарды чакырабыз, Аксыда жолугушабыз»,- деген кайрылуу жасаган. ИИМ буларды чагымчыл аракеттерди жасады деп айыптап, кайрылуу жасаган адамды жана аны видеого тарткан шеригин кармап, алардын үстүнөн кылмыш иши козголгондугун билдирди.
Ала-Бука жана Чаткал райондорун «сырткы дүйнө» менен бириктирген жалгыз жолдо мындай абал 5 күн бою сакталганда гана премьер-министр Темир Сариев Аксыга барып, 22-мартта жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Жергиликтүү тургундар Аксы–Ала-Бука жолундагы блокпосттордо турушкан өзбек чек арачылары «Өзбекстаныбызга кош келиңиз» деп жол жүрүүчүлөрдөн ID-карт эмес, жалпы жарандык паспорт сурап жаткандарын билдирип, кыжырданышууда.


Өзбек тараптын аскердик техникалары жана чек арачылары турган аймак.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
28.03.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошентип чакыруу таштайт да жигиттер 5кун бою былк этишпесе бийлик,тан калам окмотко акыры озунун жашай турган,кылымдарга байырлай турган Мекени го неге жан талашып аракет кылышпайт же кунумдук откат учун жашайбы!?
28.03.2016. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озбек бийлиги ,биздин пайдасыз,коркок бийликтин журогуно бир аз болсо да "кол салып" койду,"Эсинерге келгиле" дегендей кылып.
28.03.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин милиция бизге эле чон элди жерди коргойбуз деген эр азаматтарга кайра кылмыш ишин козгоп.Оздору бара албайт барам дегендерди камайт ошол кантип болсун позор уят эле
29.03.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эсинер ооп дагы отуруп турбайт беленер Атамбаев кеткенде ошого шылтап коет эленер да " сатып жиберди" деп.
30.03.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыраткансыган акмактар экоону жоопко тартат имиш!
Мыйзамсыз чек араны бузуп кирген [moderated]га унчуга алышпадыго!
Мин наалат ушундай атка минерлерге!
24.06.2016. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир эл ошол окмотто иштеген адамдардын уйун басып жашагандан кийин чондор тушунот кандай акыбалда элдер жашап аткан элита уйлорду алып оздору тынч жатса болду да азыркы чондорго. Окмотто иштегендерге ошол чек арадан уй болуп ошол жерге жашатыш керек ошондо оушунот алар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо