Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КАНЖАЛАГАН МУШТУМ АЙЫГАТ, АЛ ЭМИ ЖҮРӨКТӨГҮ КАРА ТАК КАЛА БЕРЕТ»

№699 25-март-31-март, 2016-ж

-Менин бир курбум бар. Ал жолдошу менен сүйлөшүп жүрүп чоң той берип турмуш курушкан. Ал күйөөгө кеткенден бери көп көрүшпөсөк да, телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Көпчүлүк келиндердей эле кайын журтунун ага начар мамилесин айтып даттанып калат. Кечээ ошол курбумду 8-Март майрамы менен куттуктап жатып, жолдошу аны кантип куттуктаганы кызык болду. Буга чейин болбогон нерсе үчүн күн алыс аялын токмоктоп келген адам 8-Мартта аны куттуктап жатып кичине өкүнүп калды бекен?
Буга чейин билим деңгээли, тарбиясы төмөн эркектер гана аялга кол көтөрөт деп ойлоп жаңылышыпмын. Билимдүүлөр деле билегинин күчүн анча-мынча аялдарынан чыгарып турат экен. Курбумдун жолдошун көргөндөр мыкты жигит деп айтса айтат, бирок аялына кол көтөрөт деп эч ким ойлобойт. Албетте, бир тарап күнөөлүү дегенден алысмын. Анткени курбум деле дарт десе балээ дегендерден. Бирок кандай гана жагдай болбосун, эркектин аялга күч колдонгону анын алсыздыгын далилдейт. Дегеле күчүн аялынан чыгаргандардын баары ошондой.
Эркекмин деп төш какканы менен күнүмдүк жашоодо эмоцияга моюн сунуп, аялына карата зомбулук кылган эркектерди көрүп эле жүрөбүз. Эл арасында «аялга кол көтөргөндүн колу шал болот» деп айтылганы менен, андайлардын колу тескерисинче узарып баратат. Алсак, кечээ жакында 8-Мартты утурлай Ысык-Көл облусунун 40 жаштагы тургуну үйүнө мас абалында келген аялын жыгач үстөлдүн буту менен уруп өлтүргөн. Аялынын жансыз денесин байкаган эркек өзү да асынып өлүп, 3 баласын жетим калтырды. Өспүрүм балдарына карабай өзү да асынып өлгөнүнө караганда ал аялын өлтүрүп алам деп ойлогон эмес го. Колуна тийген буюм менен аялын башка чапкан эркектер биздин айылда да жашачу. «Аялым менин менчигим, урамбы, коёмбу ал өзүмдүн ишим»,- деп аялын көк ала кыла сабагандарды көргөн чыгарсыз.
Коомдо аялдарга караганда өз өмүрүн кыйган эркектердин саны көп экендиги айтылып жүрөт. Ал эми адистер «жумушсуздук сыяктуу социалдык көйгөйлөрдүн кесепетинен стресске кабылган эркектер өз өмүрүнө кол салганга барат» дешет. Бирок акыркы убакта социалдык маселелер бул жакта калып, эркектер кызганычтан улам аялына кол көтөрүп, өлтүргөнгө чейин барып жатат. Билем, менин бул ойлорум гезитке жарыяланса, «бардыгына аял күнөөлүү» деп беттен алган эркектер чыгат. Бирок аял мас болуп келеби, эркектин намысына тиеби, аны ур-токмокко алып, өмүрүнөн ажыратууга эч кимдин акысы жок. Ошондой эле көпчүлүк учурда мындан да жаман жоруктары үчүн эркектерди аялдары ур-токмокко алып, өлтүрүп коюп жатышкан жок го?!
Эркектин аялга кол көтөргөнү өз энесине, карындашына кол көтөргөн менен барабар деп эсептейм. Чыныгы эркектин эркек экендиги анын билегинин эмес, мүнөзүнүн күчтүүлүгүндө. Анткен менен акыркы жылдарда кризистик борборлорго кайрылган эркектердин саны эки эсеге көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети маалымдаган. Мисалы, 2013-жылы кризистик мекемелерге кайрылган эркектердин саны 3300 болсо, 2014-жылы 6897 адамды түзгөн. Демек, стресске туруштук бере албаган эркектердин көбөйүшүнөн улам коомубузда төбө чачты тик тургузган окуялар болуп жатабы деген суроо жаралат.
Артында акылман жана күчтүү аялы жок алсыз эркектер пайда болууда дегенибиз менен, ишинде ийгиликтүү, төгөрөгү төп келген, бирок күйөөсүнүн зомбулугуна дуушар болгон айымдар да жок эмес.
Коомдо болуп жаткан зомбулук окуялары эркектер да психологдордун жардамына муктаж экенин көрсөтүп жаткандай. Аялдарга карата зомбулуктун булагы эсептелген эркектерге моралдык колдоо көрсөтүү маселеси өкмөттүн да көңүлүн бурган. Эркектер үчүн атайын кризистик борборлор ачылган. Бирок алар жетиштүү деңгээлде иш алып барбай жатабы, айтор, алардын кызматы тууралуу толук маалымат интернетте жокко эсе. Менимче, аталган борборлордун санын көбөйтүп, эркектерге психологиялык колдоо көрсөтүү зарыл. Албетте, психолог бир заматта маселени чечип жибербейт. Чыныгы эркекмин деген адам күнүмдүк маселелерди зомбулук менен эмес, сабырдуулук, акылмандык жана эрктүүлүк менен гана чечүүгө аракет кылышы керек. Албетте, психологго баруудан намыстанган эркектер да чыкпай койбойт. Андайлар аялга болгон ачуусун дубалды он муштап чыгарып алганы эле оң. Канжалаган муштум бир жумага жетпей айыгат. Ал эми жүрөктөгү кара тактын кетиши кыйын.

Алия Самидин


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(26)
28.03.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жоопкерчиликти кобунчо аялдар оздоруно алышат. Анткени алар эне. А кээ бир эркектер бир аз кыйынчылыка чыдабай ичип кетет же уй-булосун таштап кетет, аялы ажылдаса токмоктойт маселени чечкендин ордуна.
28.03.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Иши кылса АЯЛ болуу отоооо кыйын иш да...
28.03.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ооба, чын эле денедеги кок Ала тактар канча бир убактан кийин кетээр, бирок журокто чоон тактар чонойо берет Жана кетпейт дагы...
28.03.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арак арам аны ичкен адам жакшылык корбойт ошон учун кыздар арак ичпеген чекпеген эркекти тандагыла турмуш курарда анан кийин арызданбай
12.04.2016. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Erlan_92,ичпеген,чекпеген деле коп эле эркектер кол которуп жургондору баарыбызга маалым. Андай "эркек" имиштер четтен чыгат.
28.03.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Эркек шого>“< эркекк>“< да
28.03.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
жашоодо тан калыштуу нерселер коп болот. Мисалы азыркы учурда аял менен эркек тен укуктуу. бирок бул нерсени эркектер моюнуна албайт. айымдарга сабыр берсин аллахым, эркекмин деген эркек коп бирок анын милдетин аткарган эркектер аз. Замандын талабына жараша айымдар кээ бир эркектерден кучтуу. Жакшы балдар деле бар жок эмес бирок аз. Кудайым эркек адамды аракетчил кылсын ыйманы менен болсун. Аял кишини урбай деле башкарса болот.
29.03.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
may102015,ошо баляянын баары тен укуктуулуктан чыгып келиватат,сен иштейсин мен иштесем болбойву сен ичесин мен ичсем болбойву деп аялдарывыс тенелевис деп оздору каяка баратканын билбей калышат
29.03.2016. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
raiana53,кайсы тилде жазгансын?
29.03.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
aikokul14,уйронуп ал кыргызча))
28.03.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Курбунузга телефон чалып сурадынызбы анан?
28.03.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эркектерге кризис центрде балээ барбы, намаз окуп динге конул бурсун. Бактылуулук Ислам дининде. Канчалык интелегент болуп окуган болбосун, эгер дин менен жашабасы баары бир бактылуу боло албайт.
28.03.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
sonka89.,сизге кооооп эле "+" басайын дедим бирок бир эле жолу берет экенда созунузго 200% кошулам
29.03.2016. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
пайгамбарывыс с,а,в айткан аял алтындан да маржандан да кымбат деп аял кишини сыйлаш керек ошондо аялдын куйоосуно болгон суйуусу артып куйосуно жакшы мамиле кыла баштайт,аялды урган эркектерди алсыз деп ойлой,ал эми аялдар да кичине тилин тартып журуу керек куйон жинденгенде унчукпай калсан эч жерин кемип калбайт чоон баляядан кутуласын ортодо да сый урмат калат,тозокто 80 пайыз аялдар тил учун ошондо да кандай болбосун аялды урган болбойт эркектер силердин акынар жок
30.03.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектин нанын жеш учун,аялга темирдей бекем тиш керек деген чын,эркек менен жашаш ото татаал.Албетте жакшы Куйоокелер да бар,коруп,билип журобуз,бирок мунозу татаал,ачуусу чукул эркек менен жашаш учун жогоруда айтып откондой темирдей бекем тиш керек,Негизи бактылуулук динде.Бирок намаз окуп алып,аялын ургандар да жок эмес,мен аларды илими жок,такыбалыгы жок,шарият андоосу тайыз адамдар деп айта алам!
30.03.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйуктуу Пайгамбарыбыз САВ дын насааттары кандай гана тугонгус кенч,Аялдарынарга жакшы мамиледе болгула!деп керек болсо козу отуп жатканда да,акыркы крээздеринин бири Аманатка алган аяларынардын акысынан корккула!деген эле,Аял бактылуу болсо,бут уйбулоону бактылуу кыла алат,ал эми аялындын акысына кирип,уруп тууп алгансып,керек болсо эмгеги синген энеси чеккеден чертпеген аялына кол которгондон коро,келинчегинин конулун алса дурус болмок!
30.03.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ислам менен жашаган аяшым бар аялын кок ала кылып сабай берет!
Дин жолуна киргени жакшы бирок дееринде бир нерсе болуш керекго деп ойлойм.
Исламда "талак" ты эркеке берген себеби эркек ачууга алдырбаган, сабырдуу болгону учун! Азыр андай эркектер азайып, башка аял алып алам, чекеден чертип дегендер кобойду!
30.03.2016. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Живой мисал мына мен, менин куйоом сабачу, уйлонгонубузго 15 кун боло электе баштаган, балам боюмда барда, 8-9 ай болуп калганда сабачу, мен жалдырачумун, боюмдан тушот урба деп, ал андай деле карангы эмес, мам.кызматта иштейт, 4 диплому бар, сабачу адамга айла жок окшобойбу...
01.04.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ммм
Атам жинин апамдан чыгарчу..Биздин козубузчо сабачу.
Эстесем,атамды жек коруп кетем
02.04.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен мындан 3 жыл мурун кризистик цетрге бардым.Ал кезде аябай каргашалуу окуя башыма тушкон эле.Эмне кылаарымды билбей, жашоомдон умутум очуп бараткан.Синдим ошол цертге алып барды.Мен ошол кризистик цетрге барганыма дагы деле окуном.Мени кабыл алган аял.илимдин кандидаты экен.Жакшы специалистке туш келдим деп ойлогом, акыбалымды айта баштадым.Мени угуп буткондон кийин,жарама кайта туз сепкендей болдум.Себеби, мага кенеш берип же акыл айтыштын ордуна устумдон кулгондой болгон.Ушундай окуя.
08.05.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул турмушта озунду тушунгон, ачуунду баскан, кулкунду коштогон, жашынды арчып, суйууно дем береер адамды табуу ото,ото эле татаал экен. Жанылыштым, адаштым, мудурулдум, кыйналдым, чыдадым! Мен оз адамымды таптым десем болот! Ким гана адашпайт. Баарыбызга озубуздун тенибизди жазыптыр кудайым! Мен мактанып айтпайын Уруш такыр болбойт эмес болот! Кимде гана болбосун. Болгону сабыр менен женебиз. Мен ачуулансам куйоомдо сабыр Ал жинденсе мен. Мындан бизде орустар айткандай "Любовь и гармония&q
10.09.2016. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тема башка эмес беле. Жазганынызга караганда башыныздан откон окшойт
16.07.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin kuioom ichpeit bolchu birok soo turup urat ele.Sebebi kyzganat eken kimden bilbeim kechke uido otursam apasy mn.Jawai algan jokmun.Azyr kyzym bar kyzymdyn omurun,baktysyn bersin kudaiym.
17.07.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх ушу эркек соройлордун азабы отту
17.07.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин да куйом намазын калтырбай окуйт , бирок ашатып согот , оозунан ирик создун бары чыгат, айтпаган созу калбады мага. Ичпейт, чекпейт, урбайт. Бирок мен ага роботмун иштеп акча табышым керек и ещё уйдогу иштердин барын кылып жетишим керек барына, кээде туруп бутуму жуубайсын, носкийими жуубайсын деп да нааразы болуп кетет, андай аял уйдо отурат десем моюнуна албайт. Жеткен эгоист только озунун каалоосу аткарылыш керек. Мурун жакшы элен унчукчу эмессин дейт Чубак ажы айтмакчы озу ошого жетки
17.07.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Natura2018, бул жерге жалайык кылып Кудайга куноокор болбой ажырашып кет да. Же жип менен байлап алганбы? Бир нерсеси жакканы учун журосун да. Ошо нерсени кучтондуруп куйооно дем бер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо