«СУПЕР СУЛУУ-2016» СЫНАГЫ СТАРТТА! ЖЕҢҮҮЧҮ БАЛИ АРАЛЫНА БАРАТ!

№699 25-март-31-март, 2016-ж

Кымча бел келишимдүү кыздар, кыштын ызгаар суугунда аптаптуу, экзотикалык өлкөдө эс алгыңыз келеби, анда чамдаңыз! Бул мүмкүнчүлүктү «Супер-Инфо» гезити түзүп берүүгө даяр. Себеби «Супер сулуу-2016» сынагы старт алды. Жеңүүчү Бали аралына барып, түркүн дүйнө кызыктарга күбө болмокчу. Сынактын башталышын утурлай биз «Супер сулуу» сынагынын мурунку жеңүүчүлөрүнө учурда эмне менен алексиз деген суроо салып көрдүк.

СЫНАККА КИМДЕР КАТЫША АЛЫШАТ?

  • Сынакка 1988-жылдан 1998-жылга чейин төрөлгөн сулуулар катыша алышат.
  • Катышуучунун бою 165 сантиметрден жогору болушу шарт.
  • Тандоо турунда ар жума сайын экиден катышуучунун сүрөтү гезит бетине жарыяланат. Гезитке чыккан эки катышуучу кыздын сүрөтү жума күнү SUPER.KG порталына жүктөлүп, добушка коюлат. Добуш берүү кийинки жуманын шаршемби күнү саат 16:00дө токтотулуп, көп упай топтогон бийкеч финалга жолдомо алат. Ал эми утулуп калган сулууларга тандоо туруунун аягында дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берилет. Интернеттен #СуперСулуу2016 хэштеги менен сынак тууралуу кеңири маалыматтарды алсаңыз болот.

Кеңири маалымат үчүн 0557 7563 54, 0312 32 33 27 номерлерине,
star@super.kg электрондук дарегине же «Супер-Инфо» гезитинин кеңсесине (Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 402) кайрылсаңыздар болот.

«СУПЕР СУЛУУ-2007» АЙГЕРИМ КУБАНЫЧБЕК КЫЗЫ
8 жыл мурун, 17жашында сынакты жеңген Айгерим Түркиянын Анталья шаарына барып эс алып келген. Ал: «Мени көбү модель деп ойлошот, сулуулар сынагын жеңсе эле модель болуп калбайт да. Сынактан кийин көчөдө таанып, сүрөткө түшүп, кол тамга алгандар да болду»,- дейт. Айгерим учурда «Тез жардам» кызматында администратор болуп иштейт.



«СУПЕР СУЛУУ-2008» ЧИНАРА КЕРИМКУЛОВА
Малайзияга барып эс алып келген Чинара: «Супер сулуу» сынагынан кийин тапкан чоң бактым – бул өмүрлүк жолдошум болду. Башынан эле модель болууга кызыккан эмесмин, андыктан чыгармачылыктын кайсы бир түрүн алып кетүүгө аракеттенген жокмун»,- дейт. Учурда эки баласын тарбиялап үйдө отурганын айтат.



«СУПЕР СУЛУУ-2009» БЕГАЙЫМ АЛИСОПИЕВА, ЖАМИЛЯ ИШЕНБАЕВА
2009-жылдын супер сулуулары Бегайым менен Жамиля Египетке барып эс алып келишкен. Ал кезде Жамиля 16 жашта гана болчу. Учурда ал Кыргызстандагы алдыңкы моделдердин катарын толуктайт. Ал эми Бегайым 2012-жылы турмушка чыгып,уулдуу болгон. «Учурда үйдө энелик кызматта иштеп жатам, буюрса, моделдик кесипке кайтышым мүмкүн»,- дейт ал.



«СУПЕР СУЛУУ-2010» БУРУЛ БАКТЫБЕК КЫЗЫ
2010-жылы «Супер сулуу» сынагын жеңип, Таиландга барып келген Бурул: «Учурда 2 балам бар, турмушка чыгып үй-бүлөлүк шартка байланыштуу моделдик кесипти таштагам. Сынак мага өзүмдүн күчүмө ишенүүгө дем берди. Кыздарга айтар кеңешим ишенимдүү, эрктүү болушса баарына жетишет»,- деп билдирет.



«СУПЕР СУЛУУ-2011» АЙСУЛУУ ӨМҮРАЛИЕВА
«Супер-Инфо» берген жолдомо менен Кытайдын Хайнань аралында эс алып келген Айсулуу: «Моделдик карьерамды жыйыштырып, подиумду үй-бүлөлүк бакытка алмаштырганыма көп болду. Учурда жолдошум, уулум менен Түркияда жашап жатабыз. Жакында экинчи наристемди жарыкка алып келем»,- дейт.



«СУПЕР СУЛУУ-2012» ГУЗЕЛЯ КЕЛДИБАЕВА
Сынакты жеңип Индиянын Гоа аралына барып эс алып келген Гузеля: «Супер сулуу» сынагы мага модаиндустриясына кеңири жол ачты, түрдүү мода жумалыктарына катышууга сунуштар түшүп жатты. Учурда «Гузель» деп аталган сулуулук салонумду иштетем. Сынакка катыша турган кыздарга коркпогула, ийгилик коркок адамдарга келбейт деп айтар элем»,- дейт.


«СУПЕР СУЛУУ-2013» ОРУНКҮЛ ШАБРАЛИЕВА
Сынакты жеңип, Шри-Ланка аралында эс алып келген Орункүл учурда өзү сулуулар сынагын уюштурат, Дүйнөлүк сулуулук жана мода лигасынын Кыргызстандагы директору. Кино-клиптерге тартылып, бул тармакта да өзүнүн талантын сынап жүрөт. «Жакында эле ыр жаздырдым, эми клип тартам» деген моделдин ырчылыкка олуттуу кадам таштап, белгилүү ырчы болсом деген тилеги бар.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер сулуу" сынагынын жеңүүчүлөрү азыр кайда жана эмне менен алек?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
26.03.2016. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Эн алгачкы Айгерим эле сулуу жана суйкумдуу корунду, калгандары эмнегедир анча эмес. Орункулдун сурмасы жасалма, озунуку эмес экени даана билинип турат... Сулуулукту косметика сактайт дегендерге эмес, чыныгы нукура сулууларга ийгилик!
SUPER.KG видео
26.03.2016. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
биринчи суйлогон эки кыздын кыргызча суйлогондору эмне дейт,обу жоктонушуп?!
SUPER.KG видео
26.03.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи маек берген кызга кантип таажы кийгизген, же 7 жыл алдын ошончолук сулуу беле, аа мага Гузеля жагат, Орункул да жагат бирок женишти уткан убакта аябай сулуу болчу, азыр кашы бузуп коюптур
Медиа-портал
26.03.2016. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дискавери отельдин ичи го
Медиа-портал
26.03.2016. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
айгерим бурул чынара орункул сулуу эмес ко
SUPER.KG видео
26.03.2016. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыныгы сулуу жокко
SUPER.KG видео
26.03.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм Орунгул эле сулуу экен чындыгында.анан бул кайсыл кинолорго тушкон.
SUPER.KG видео
26.03.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ваххах . Орусча суйлогон кыз аябай кыйын суйлоп атам Деп ойлоду окшойт ээ))) кыргызча суйлогондо Тим эле акцент кылып койот... Кыргызча суйлоалбайм дегенсип)))) ай боорду ээзди
Медиа-портал
26.03.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чымча бел деген соз жок. Кымча бел
SUPER.KG видео
26.03.2016. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апеей, ушулар сулуубу. Откон куну маек берген Жамиля жакшынакай болчу, а калгандары билбейм....
SUPER.KG видео
26.03.2016. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим сулуу дагы деле турмушун кура элек ко?Жамиля сулуу,калгандары болот.
Медиа-портал
26.03.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чинара, Жамиля, Орункул сулуу кыздар экен. Мага жакты. Калгандары деле жакшы болот. Кыргыздын кыздары баары эле сулуу.
Медиа-портал
26.03.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдун ак куулары Чинара жана Жамиля азаматсынар! Супер сулуу таажысына татыктуусунар! Уй булолук бакыт каалайм! Дагы чон ийгиликтерге жеткиле!
SUPER.KG видео
26.03.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамила гана татыктуу супер сулууга
SUPER.KG видео
26.03.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орусча укмуш суйлой алган кыз, "ради вас"- дегенде кулкумдун келгенин айт ботом )))))
SUPER.KG видео
26.03.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынаранын Ички дуйносу да сулуу.Ошондогу видеосунан кордум,аябай интеллигентная,образованная кыз экен.А сырткы келбети конкурска туура келген ,тандалган Жамиля менен Орункул.Орункул жанынан аябай сулуу экен.А камерадан Анча эмес болуп калыптыр.
SUPER.KG видео
27.03.2016. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер инфо бою созсуз 165тен ойдо болуш керекпи? Бою155 бир кыз катышкысы келген экен, таарынып отурат, жооп берип койгулачы... сооротуп коеюн
Медиа-портал
27.03.2016. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сырткы сулуулук убуактылуу..чыныгы сулуулук журоктогу жана мээдеги сулуулук...Онуккон мамлекеттердир онуккон себеби илимдин сулуулугу....илимдуу билимдуу болуш керек кыргыз... оозун боеп козун боео менен современныйбыз дегендер ге кулуш керек.. бирок оздору сезбейт..коп окуш керек керектуу билимди..
SUPER.KG видео
27.03.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эчкимиси сулуу эмес экен
Медиа-портал
27.03.2016. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2007 ж,сулуусу ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-03-28 09:44:57
Медиа-портал
28.03.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanu,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
SUPER.KG видео
27.03.2016. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер сулуу 2014; 2015 жокпу
SUPER.KG видео
28.03.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айгерим деген кыз сулуу деле эмес экен.Гузеля эч суйлошун билбейт.Сулуулар сынагында интелектуалдык денгээлин да текшерсенер жакшы болмок?
28.03.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарыңыздарга үй-бүлөөлүк бакыт каалайм, жаңы катышуучуларга ийгилик.....
Медиа-портал
28.03.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каштарын жаны эле жазатышкан окшойт.Табигый сулуу кыздар болот го ошолор катышсанар косметиканын баарын шыбанып албай.Эч жери чегилбеген кыздар катышса
28.03.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орункуля сулуу. Бирок ырдаганды жон эле койбоптурда))
28.03.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу Орункул ХХХ ХХХ. Эми кимге кандай бирок бул менин лично озумдун оюм.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-29 15:55:51
29.03.2016. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aihan77, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-29 16:25:57
29.03.2016. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орусча суйлогон кыздын интервьюсун коруп уялып кеттим...
29.03.2016. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бирида жаккан жок
SUPER.KG видео
30.03.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим кантип сулуу болуп калганына эч тушунбойм да...
30.03.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулар конкурсуна табигый сулуу кыздарын катышса дейт элем азыр каш кирпик жасалмалар кобойуп кеткен ушундайлар катышпайле койсо супер инфо сураныч
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо