Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭҢ МЫКТЫ СМАРТФОНДОР КЫРГЫЗСТАНДА! SAMSUNG GALAXY 7 ЖАНА S7 ЕDGE

№699 25-март-31-март, 2016-ж

Дүйнө жүзүн мыкты смартфондор менен камсыздаган Samsung Electronics компаниясы кардарларын сүйүнтүүнү улантат. Ушул жылдын 17-мартынан баштап акыркы үлгүдөгү Galaxy 7 жана S7 Еdge смартфондору Кыргызстанда сатыкка чыкты. Аталган компаниянын биздин өлкөдөгү өкүлчүлүгү атайын иш-чара өткөрүп, жаңы смартфондор менен тааныштырды.

«АРТЫКЧЫЛЫКТАРГА БАЙ СМАРТФОН»
Атактуу корей компаниясы жыл сайын кайрадан иштелип, жаңычылдыктар менен толукталган смартфондорду чыгаруу менен кардарларды кубантат. Технологиянын өнүгүүсү бир орунда турбайт, андыктан Samsung Electronics бул жаатта дыкаттык менен иштөөнү улантат. Буга Galaxy 7 жана S7 Еdge смартфондору далил. Аталган компаниянын Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Дайырбеков заманбап смартфон тууралуу мындай дейт:
– Samsung дүйнө жүзүн техникалык жаңы ачылыштар менен таң калтырып келген компания катары белгилүү. Аталган компания 1 жыл мурун премиум-класстагы S6 моделин чыгарса, учурда уникалдуу саналган Samsung Galaxy S7 жана S7 Edge смартфондору менен кардарларга жагымдуу белек тартуулады. Булар акыркы жылдагы жетишкендиктер менен заманбап технологиялардын артыкчылыктарын кошуп, элеганттуу жана мезгилдин талабына жооп берет. Мунун технологиялык мүнөздөмөлөрүн азыркы компьютерлер менен салыштырса болот, ал эми ылайыктуу көлөмүнө көркөм дизайны жарашып, башкалардан бир топ айырмалантат. Ошондой эле Galaxy S7 смартфону виртуалдуу реалдуулукка өтүүчү Samsung Gear VR көз айнеги, Gear 360 камерасы жана Samsung Gear S2 cааттары коштолгон жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Смартфондор алгачкы жолу ушул жылдын февраль айында Барселонада өткөн Mobile World Congress көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргызстанда Samsung Galaxy S7 жана S7 Edge смартфондору 17-марттан баштап расмий түрдө сатыла баштайт.

ЖАҢЫ СМАРТФОНДУН 7 АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Караңгы жайда да тунук сүрөттөр
Жашооңуздун кызыктуу учурларын күндүз гана сүрөткө тартсаңыз, эми бул смартфон менен бардык учурда тунук кадр тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Galaxy S7 жана S7 Edge камералары Dual Pixer Sensor технологиясы менен жасалып, караңгы түндө да тунук сүрөт тартууга болот. Эми кыймылдап бараткан объектти тартканда да ачык, жарык жана жандуу сүрөт чыгат. Андыктан F1.7 жарык күчтүгү менен түндө да эсте калчу селфи кылсаңыз болот.


Суудан коргойт
Galaxy S7 жана S7 Edge смартфондорун сууга түшүрүп алсаңыз, коркпой деле койсоңуз болот. Анткени суу тийсе да эч нерсе болбогондой иштөөсүн улантат. Эми бассейндин жанында ойноп, пляжда селфи жасоо же жаан жаап жатканда да такси чакыруу сиз үчүн кыйынчылык туудурбайт. Смартфондорго IP 68 даражадагы коргоо стандарты киргизилген, бул смартфондор 30 мүнөт 1,5 метр суу тереңдигинде чыдай алат дегенди билдирет.


Кеңейтилген эс-тутум
Жаңы телефондун оперативдик эске тутуусу 4 Гб жана камтылган эси 32/64 Гб. Galaxy S6`тен айырмаланып бул смартфондорго MicroSD карталык эске тутуу слоту киргизилди. Бул гибриддик слот болгондуктан, ага кошумча MicroSD же экинчи SIM-card кошуп койсо болот. Эми эске тутууну кеңейтүү үчүн сүрөт же видеону өчүрүп отуруунун кереги жок.

Зымсыз кубаттоо
S-сериянын жетинчи версиясынын аккумулятордун көлөмү чоңойтулган, андыктан кубаты алда канча күчөтүлгөн. Зымсыз толугу менен кубаттоо үчүн 2 саат керектелет. Бул үчүн Qi жана PMA стандарттарына жооп берген бардык кубаттагычтар менен иштейт. Ал эми зымдуу кубаттоодо 66% кубатына жетүү үчүн жарым саат гана керектелет.

API Vulkan оюндары
Galaxy S7 жана S7 Edge бардык мультимедиялык файлдар менен иштөөгө ылайыкташтырылган. Эгерде оюндарга кызыксаңыз, анда API Vulkan сизге жардам берет. API Vulkan мобилдик индустрияга алгачкы жолу пайдаланылып, оюндардын графикаларын, ылдамдыгын жаңы деңгээлге чыгарат. Муну менен өзүңүздүн оюндарыңызды көчүрүп, скриншот кылып досторуңуз менен бөлүшө аласыз.

Виртуалдык дүйнөгө кошулуу
Заманбап смартфондор Gear VR, Gear 360 жана Gear S2 техникалык дүйнөсүнө өткөргүч. Gear VR – бул виртуалдык дүйнөгө жетелеген түзүлүш. Ага Galaxy S7 жана S7 Edge`тин туташуусу менен мультимедиялык файлдарды реалдуу учурдагыдай көрүүгө болот. Gear 360 – видеолорду жаздыруудагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу камера. Эми 360 градуста да ылайыктуу кадр тартууга болот. Ал эми Gear S2 акыркы үлгүдөгү акылдуу саат Galaxy S7 колдонуучунун колуна куп жарашат.

Samsung KNOX коопсуздугу
KNOX коопсуздугу менен Samsung Galaxy S7 жана S7 Edge сатып алган күндөн тарта сизге кызмат кылат. Тагыраагы, KNOX системасы дароо туташтырылып, маалыматтарды башка бирөөлөрдөн сактаганга кепил боло алат. Жеке жана иш бөлүгүн өзүнчө бөлүү, смартфондун жайгашкан ордун табуу жана уурдалып же жоголгондо телефонду блокко түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бар.

МЫКТЫ ТАПКЫЧКА СМАРТФОН БЕЛЕК
Иш-чарада көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан учур – Galaxy S7 смартфонун утушка ойнотуу учуру болду. Утуш ээсин аныктоо үчүн кызыктуу оюндар уюштурулуп, туура тапкан тапалак утушка ээ болду.
Samsung Electronics кыргызстандыктар үчүн атайын Beeline мобилдик оператору менен биригип, «Акчалар кайтарылат» акциясын өткөрүп жатканын кошумчалады. Жаңы смартфон алганда чалууларга жана мобилдик интернет үчүн колдонууга мегабонуска ээ боло аласыз. Акциянын катышуучуларынын жалпы бонус суммасы 55 000 сомго чейин жетүүсү мүмкүн. Башкача айтканда, Samsung Galaxy S7 edge смартфонунун баасына тете. Ал эми Galaxy S7 смартфонунун баасы –
49 500 сом.

Samsung Galaxy S7 жана Galaxy S7 Edge смартфондору сиздин эң ишеничтүү жардамчыңыз болоруна шек жок. Андыктан мезгил менен тең жарышып, дайыма алдыда болууну каалагандар убакытты өткөрбөй, компаниянын продукциясын сатып алууга шашылыңыздар!

Адилет Керимбек уулу


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
28.03.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кемчилигини айтсам арткы крышка жагы ачылбайт. Ал крышкада сыйдан колунда кармалбайт кожа крышкасы жакшы болчу. Ал эми симка флешка чыгарып салуу учун жанында дайым кичинекей ийнече журуш керек.
31.03.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сони телефондору жонундо да жазгылачы
28.03.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Баасы кандай болду экен?
28.03.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eliraat1413, 49 500 сом
28.03.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliraat1413,жакшы окусан баасын да жазган
28.03.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сүрөттү аябай жакшы тартат экен, мага жакты...
28.03.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кымбат экен. Кризис болуп жатканда жон эле жургон жакшы)))
28.03.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушундай теле алсам омур бойу котормок элем
28.03.2016. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми жаңысына жетсен жаңысы чыгат .эмне кылыш керек өзү
28.03.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир айфонго жетпейт
29.03.2016. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде простой нокиа бар, супер инфо окуш учун ар 1-кун синдиме жалдырап ал уктаганда алып окуймун, акчам топтоп журом алганга жараша ушундай телефон алайын деп...
29.03.2016. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1жыл чыдасанар 25000.30000ге аласынар
29.03.2016. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени самсунг Эйплдин идеяларын урдоосу менен аябай эле тан калдырат, самсунг галакси s7 Уурдап кетсен оной эле ачып алсан болот, жана ээси таппай калат. Эс тутумдагы баардык нерсени очуруп салсан болот. Ноуд 5 баасы кымбат бирок Сапаты ошо баага татыктуу эмес смартфон.
29.03.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
50 000 сомго бир телефон алып көтөргүнчө, анын 5000 ине эле телефон көтөргөн жакшы, экөөсүндө тен бирдей эле байланыш.
29.03.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
NargizaM, Даа, телефонду негизинен байланышка которуп жургонунбуздон кийин
29.03.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janat.kg, Nurdaulet, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү!
31.03.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде простой тел. козду жеп коет.
01.04.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сифравой фотоапаратын болсо,мындай кымбат телефонду которуунун кажети эмне? Бул телефонго камерасына жана сууга тушсо эчнерсе болбоосуна гана кызыгып албасан а жон эле кызыкпайт башкасына,бул рекламада бул да болсо бизнеста товар отсун деп,телефонду укмуш мактап кызыктырсада кризис мезгилде эчким албайтго дейм ))
28.05.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekush,
башка сайттарды жарнамалоого жана ага шилтеме калтырууга тыюу салынат. 5 күнгө БАН!
Модератор admin_media түзөттү 2018-05-28 16:56:53
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо