Саламат Садыкова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «КҮЗҮНДӨ ЧОҢ САХНАДАН КЕТЕМ»

№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж

Саламат Садыкова унутта калган фольклордук чыгармаларга "жан берип", дүйнө элине оболотуп келет. Сахна үчүн жеке жашоосун курмандыкка чалып, кыргыз музыкасына чоң салым кошуп келаткан ырчы айым быйыл 60 жылдык мааракесин белгилейт. Чыгармачылыкка 30 жылдан ашуун өмүрүн арнаган Кыргыз Республикасынын Эл артисти жаш муунга тажрыйбасы менен бөлүшүп, быйыл чоң сахнадан кетерин билдирди.

– Саламат эже, чет өлкөгө көп гастролго чыгасыз, жакында эле Индиядан келиптирсиз...
-Индияга Нооруз майрамына карата барып келдим. Мусулман өлкөлөрүнөн чогулган чыгармачылык топ менен бирге бул майрамды белгилеп, дасторкон жайып ыр-күүбүздү тартууладык. Көптөгөн өлкөлөргө барып, Индияга бутум баса элек экен. Индиянын эли тилибизди түшүнбөсө да, ырыбызды кунт коюп угушту. Бизден барган бийчилер жалаң индия бийин бийлешти. Мен ашкере мекенчил окшойм, Кыргызстандан барган соң кыргыз бийин кериле бийлешсе деп өкүнүп калдым. Албетте, алар өздөрүнүн бийин көрүп өтө ыраазы болуп, жакшы кабыл алышты.

– Чыгармачылыгыңызга түрткү болуп, жол көрсөткөн инсан катары кимди айта аласыз?
-Кара-Буура районундагы маданият үйүндө чыгармачылыгымдын башаты башталды, тушоом кесилди. Менин тагдырым жомоктогудай болуп, Кудайым касиеттүү адамдарга жолуктурду. Дарика Жумагулова эжебиз болбосо мен сахнага чыкпай калат элем. Жаш болуп ар кимдин көзүнө түшүп турган кезим окшойт, Дарика эже көсөмдүк кылып «сен талаада каласың, ар ким жетелеп кетет» деп мени колуна алды. Эже май жесе май жедим, чай ичсе чай ичтим. Үй-бүлөсү да кабагым-кашым дебеген сонун адамдар экен. Бул кишинин менин чыгармачылык тагдырымда ойногон орду опол тоодой болгондуктан, ага эки дүйнөдө тең ыраазы болом. Соңку жылдарда эже менен жакын катышып, жакшы жерлерден сүрөткө түшүүгө аракет кылган элем, жакшы кылыптырмын, өткөн жылы көзү өтүп кетти.

– Кыздарыңыз комузда кол ойнотуп, элдик чыгармаларды созуп өнөрүңүздү аркалабай калганына өкүнбөйсүзбү?
-Эки кызым жолумду улап жаркырап сахнада жүрө турган кыздар болчу. Экөө тең өнөрлүү, бири кыл кыякта, бири комузда кол ойнотушчу. Бирок эмнегедир менин жолум абдан татаал болду, атактуулугумду көрө албагандар көп ызалантты. Көтөрүмдүү экенмин, ошолор менин ордумда болушса көрөт элем. Көшөгөнүн артындагы мына ушундай катаал турмушумду көрүп калган кыздарым өздөрү сахнадан кетенчиктешти. Мен дагы каршы болдум. "Сахна үчүн мен турмушумду курмандыкка чалдым, силер жакшылап билим алгыла" дедим. Туура кылыптырмын, улуу кызым Кундуз журналист, окутуучу, кичүү кызым бир нече тилде эркин сүйлөйт. Экөө тең турмушта өз ордуларын таап, үй-бүлө курушту.

– Сынып калган учурлар болдубу?
-Жаш кезде болгон. Айрым гезиттер көрбөй туруп мен жөнүндө «баланчаевдин баланчасы» деп тындырбай жазып турду го. Алардын чекесине чыккан чыйкан болчумун. Ошол «баланчаевдерден» эч нерсе калган жок. Алардын жазганы чын болсо, карапайым турмушта жашабайт элем да. Бек да кетти, хан да кетти, Саламат Садыкова болсо элине адал кызмат кылып, карапайым эл кандай жашаса ошондой эле жашоодо жашап жатат. Мен айтар элем, адам кичинекей иш жасап жатабы, эмгек сиңирип жатабы, эң биринчи анын адам деген атын сыйлап, этият болушубуз керек.

– «Бектер кетти» деп айтып калдыңыз. Экс-президент Аскар Акаев сиздин чыгармачылыгыңызды баалачу дешет. Жубайы кызганып, сизге бут тоскон деп айтылган кептер чынбы?
-Ушул жашка келип бир нерсени түшүндүм. Көрө албастар өмүрүнүн акырына чейин сени менен тымызын күрөшүп, «кайсы жерден көлөкөмдү түшүрүп жиберсем?» деп турушат. Душман алыстан келбейт, өзүңдүн чөйрөңдө болот. Ханышага мен жөнүндө ар кандай аңгемелерди айтып, мага түркүн түстүү боёкторду сүртүп, анын көңүлүн алган адамдар болгон. Мына ошол кишилер мени жайлады. Азыр ал эжеке кимдин ким экенин билип турган учуру. Жогору жактагы адамдарга менин таарынычым жок. Бактылуу адамдар бирөөнүн жашоосу менен иши жок болот. Ыр түнөгөн жүрөктө кир түнөбөйт. Муну менин репертуарымдагы жагымдуу ырларым даңазалап турат.

Атагыңызды колдонуп иш бүтүрүп көрдүңүз беле?
-Жок. Ушуга шыктуу болуш керек экен. 1995-жылдары артыман жүгүрүп, сөз айтып жүргөн азаматтардын бирөөсүнө акыры макулдугумду берип, жалгыз жүрө бербейин деп жакшы жигит менен жашап калдым. Анын бир сөзү жүрөгүмөн кетпейт, балким, ал туура айткандыр. Ошол кезде анын сөздөрү өөн учурап, түшүнө албай жүргөм. Ал «сен өзүңдүн Эл артисти деген наамыңды пайдалана албайсың, оокат кылганды билбейсиң. Бул жакка кирип сурабайсыңбы?!» деп урушар эле. Мен болсо «уят эмеспи» дечүмүн. Ал «азыр уят деген сөз жок, уятты жыйыштырып оокат кылыш керек» дечү. Сурооңо ачык жооп берейин. Бир дагы «падышага» кирип оокат сурабаптырмын. Эми да сурабайм, Кудайдын буюрганын көрөйүнчү деп эле келе жатам.

– Башка адам менен турмуш куруу тууралуу ойлодуңузбу?
-Биздин курагыбызда үй-бүлөлүү адамдар жолугат экен да. Мен азыр ыйык дасторкон четинде отурам. Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузайын, тартып алайын деген ой менде болгон эмес. Ушул мүнөзүм менен куру жалак калдым. Болбосо эжекеңе далай мыкты жигиттер көз салышкан. Башы бош эр-азаматтар, чынын айтыш керек, жолуккан жок.

– Маегибизди жакшы нотада жыйынтыктайлы. Быйыл, буюрса, 60-күзүңүздү мааракелик концерт менен белгилейт экенсиз...
-Мени колдоп келген элиме, «Камбаркан» ансамблине, үзөңгүлөш болгон чыгармачыл чөйрөгө ыраазычылыгымды билдирип, биротоло чоң сахнадан кетейин деген максатта концерт берем. Жетимиштен ашып үнү чыкпай калса да чоң сахнага жатып алып элди алдап элеңдеп жүргөн ырчылардын катарына киргим келбейт. Ушунча жыл филармониядан баар таап иштеген адам катары ордумду сыйым менен тапшырайын деп турам. Бирок коомчулукта болуп жаткан салтанаттардан алыс болбойм, өсүп келе жаткан жаштарга жардам берем. Анын үстүнө адам өзү үчүн да жашаш керек экен.

– Рахмат, буюрса, мааракеңизде жолугалы.


«Кыздарым, 4 неберем турганда менде арман бар десем туура болбой калат. Адамдын өмүрүндөгү чоң бакыт – балдарынын бактысына күбө болуу».

«Көптөгөн өлкөлөргө барып, Индияга бутум баса элек болчу».

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Саламат Садыкованын аялдык бакыты, өкүнүчү жана жетишкен ийгиликтери

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(53)
SUPER.KG видео
03.04.2016. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мыкты инсан экенсиз!!!Оркунунуз осо берсин!!!
Медиа-портал
03.04.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кандай соонун маек ...ар бир созунун мааниси терен.кээчке эле угуп отургун келет
SUPER.KG видео
04.04.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандай гана чынчыл.эркек муноз кыйын аял.омурлуу.ден соолукта болунуз.сизди аябай сыйлайм
04.04.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Маекке бир аз калп кошулуп калыптыр
05.04.2016. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Izdeim_seni.,азаматсын
05.04.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni.,ачыгын айтпайсынбы анан чындыкты,кайсыл жеринде калп кошулуп калыптыр?биз да билип алалы
tursunbaev2016 түзөттү 2016-04-05 02:08:16
04.04.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бири кем дунуйо, баары бар куйосу жок. Баланын, неберелеринин оорду башка ал эми жолдошу болгондо мындан да бактылуу болмоксуз деп ойлойм.
04.04.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
жакшы бар чыкпай койсон да мейли
04.04.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бар болунуз Саламат эже! Ар дайым ден-соолукта болунуз!
04.04.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Каныкей Эралиева эжекеден да маек алыныздарчы,ырлары,уну аябай жагымдуу...
04.04.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ayaza, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
04.04.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт да,жаш кезинде жакшы эле ойноп кулду окшойт уну менен арбап.
04.04.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
radyakiz,жумурткадан кыр издеген бир байкуш калкпыз да(((.
04.04.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыр туногон журокто- Кир тунобойт !!! Кызык соз экен биринчи жолу угуп атам
04.04.2016. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маек эн сонун болуптур Саламат эже коп жашан, орубаныз дайыма ууртунуздан кулку нуру кетпесин.
(Суйлогон ар бир созу маанилуу балалыгын турмуш жолун элестетип козумо жаш тегеренди)
aichurok5 түзөттү 2016-04-04 16:30:47
04.04.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суйлогон созунузго суктандым. Бар болунуз эже. Эн сонун маек болуптур. Ден- соолукта болуп, аман болунуз.
04.04.2016. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
555555555555555555555555555555555555555555555555555555555555
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-05 12:06:50
04.04.2016. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jakshy
04.04.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа! Аябай таланттуу чыгармачыл эже! Кетип атканыныз жаман экен. Кантседа ийгилик бар болунуз ден соолукта болунуз!
04.04.2016. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Izdeym seni ойунуз эч эле жакшы жака бурбайт экенсиз да эч кимди коро албайт окшойс.
04.04.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз! Бут тосуу болгон учун, алга жылуу кыйын болуп калат,бирок ожорлунуздон ушул жаражага жеттиниз. Омурлуу болунуз !
04.04.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра келдим деп келип калса керек артистердин баарыле ошентишетко
SUPER.KG видео
04.04.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коруп отуруп кино тартса болотекен деп койдум аман болунуз ежеке берилуу мене кордум Аллах ОЗУ колдосун сизди .
05.04.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламат Садыкова Улуу инсан дайыма бар болунуз!!!
SUPER.KG видео
05.04.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да берилуу мн кордум...ыйлагым келди тагдырын угуп отуруп...Аллахымдын ырайымдуу экенине дагы бир далил...бар болунуз...
05.04.2016. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeym seni неге баардык эле шоу чойросундогулорду коро албайсын!
05.04.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз эжеке!Чыгармачылыгына туртку болгон инсандарды эске алып, алар менен сыймыктанып сыйлагыныгызды азыркы жылдыз болумуштарда сизден орнок алышса. Бираз элге таанылгандан кийин устаздары менен кырылышпай.
06.04.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз эли сыймыктанган, мыкты инсансыз. Чыгармачылыгынызды баалайм. Ар бир созу орду менен маанилуу.
06.04.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой кетпейт кетпейт коросунорго кеттим деп кайра эле чыгармачыл адам уйдо отура албайт экен сахна менин жашоом экен деп чыгат.
09.04.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец эжеке, жакшы адам экен суйлогонуну орду менен. Былтыр кайсы кор албастар акчасын уурдады, табылбай калды окшойт, ак эмгеги менен тапкан акчаны да коралбай уурдап кетишти, квартирамды чонойтуп алайын деген акчам эле деди эле, табылбай эле калды окшойт.
SUPER.KG видео
16.04.2016. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх!Кандай кана керемет адамсыз!
Медиа-портал
24.04.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламат эже ийгилик сизге.
Медиа-портал
20.07.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amanatym:Tarbiyasyz tabachyl akylyn ozuno buirusun salamat sadykovadai bolgucha akylyndan adashpasan bolgonu .
Медиа-портал
20.07.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
izdeim_sen:kalyp koshulup kalsa salamat sadykovanyn jashosundagy sen bilgen chyndykty aityp berchi bizda bilip alaly
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо