№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
Балдар, буудайык деген куш жөнүндө уктуңар беле? Ал – канаттуулардын пири, төрөсү болот деп айтылат. Уламышта анын кебетеси, түсү төмөнкүдөй баяндалат. Буудайыктын көзү чекир (боз), жүнү чаар, үнү заар, текөөрү болот, куйругу кучак, манжалары адамдыкы сыңары бешөө, тулку бою башка канаттуулардан бөтөнчө деп сүрөттөлөт. Ошондуктан эл оозунда "куш төрөсү – буудайык" деген накыл кеп айтылып калган дешет. Султан Төрөбеков
balakai@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |