№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
Жазгы үзүмчүлүктө көк чөптөр адамдын организмин түрдүү витаминдер менен байытат. Касиеттерине токтолсок, мисалы, ат кулак иммунитетти чыңдап, өт жана боор оорусунан айыгууга жардамчы. Жалбыз муундун, беде өттүн, ичегинин оорусунда колдонулуп, канды тазалайт. Алабата чачтын жана тырмактын өсүшүн жакшыртат.
«ӨЛКӨДӨ ЧЫРЫШТЫН 21 ТҮРҮ ӨСӨТ»
Мыскалай Ганыбаева, Кыргыз улуттук Илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун флора лабораториясынын улуу илимий кызматкери:– Кээ бирлер чырыш, үлкөн деп атап жүргөн өсүмдүктүн туура аталышы чыраш же кулунчак. Бирок көп жерлерде, өзгөчө түштүк жергесинде чырыш деп айтылат. Илимде Эремурус (байыркы грек сөзү, eromos-чөл, ura-куйрук) аталышын алып жүрөт. Тоо этектеринде, адырларда өсүп, боюнун бийиктиги 60-180 сантиметрге чейин жетет. Өлкөдө 21 түрү кездешет. Уругу, тамыры аркылуу көбөйөт.
Жаш жалбырактары жазында тамак-ашка колдонулат. Тамырынан желим (клей) даярдалат. Тажиктер желимди «чиряш» аташкандыктан чыраш, чырыш аталышы ошондон келип чыккан деген божомолдор бар. Тамыры, жалбырактары боёк катары да пайдаланылат. Азыркыга чейин сакталып келе жаткан илгерки айрым курулуштардын кышына чырыштан алынган желим кошулган деген жоромолдор бар.
Кээ бирлер кооздук үчүн бакчасында өстүрүшөт.Химиялык курамы толук изилдене элек. Бирок окумуштуулар организмде зат жана кан алмашууну жакшыртканы менен, бөйрөк оорусу жана кант диабети барлардын оорусун курчутуп жиберерин айтышат.ЧЫРЫШ МЕНЕН ТОКОЧ
Керектелүүчү азыктар:
Ун – 2 стакан
Сода – бир чымчым
Чырыш – 8-10 даана
Көк пияз – жарым боо
Өсүмдүк майы – 100-120 грамм
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
Эскертүү: Кычкылды жактыргандар ат кулакты көбүрөөк кошсо болот. Туурамжыга куйрук, жумуртка кошуп да бышырууга мүмкүн.
ТООК ЭТИ МЕНЕН КОТЛЕТ
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
СЫР ТОКОЧУ (СЫРНИК)
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |