Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Рысбек Жумабаев, актёр, манасчы: "КЕМПИРИМ МЕНИ БАЛАСЫНДАЙ БАКЧУ"

№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж

«Чыгармачыл адамдар башкача жан болушат» деген кеп дал бүгүнкү каарманыбызга таандык. «Өзүм сиздин жаныңызда отурганым менен, жан дүйнөм асманда учуп турат» дейт актёр. «Курманжан датка» тасмасында Алымбек датканын башын алган баш кесер Чотондун образын жараткан актёр, манасчы Рысбек Жумабаевдин жашоодо кандай адам экенин ачып бергенге аракет кылдык.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

  • Туулган жылы, күнү – 1961-жыл, 16-январь
  • Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Дархан айылы
  • Билими – Орто
  • Тартылган тасмалары – «Менин пирим – Алманбет» (Эрнест Абдыжапаров), «Бейиш» (Марат Сарулу), «Бешик» (Бакыт Карагулов), «Чайка» (Лиза Стишова), "Курманжан датка" (Садык Шер-Нияз)
  • Рысбек Жумабаев бала кезинен эрке өсүп, эч кимге баш бербей тентек болгонун эскерет. «Бирок эркелигимдин азабын чоңойгондо көп тарттым»,- дейт.
-Биздин Зуура деген чоң апабыз болгон. Ал түшүндө менин энемди көрүптүр. Эртеси эле үйгө келип энеме «силердин үйүңөрдө булдуруктаган бир бала төрөлөт, кийин «Манас» айтып, чыгаан чыгат» деп айткан экен. Көп өтпөй эле мен төрөлүптүрмүн. Эркелигимден 4-класска чейин энемди эмип жүрдүм. Үйгө конок келгенде энемдин жанына акырын жылып барсам, ал «аа кокуй, биздин ишибиз бар эле» деп мени эмизип койчу. Мындай жоругумду эжейим көрүп калган экен, бир күнү сабакта отурсам «араңарда энесинин эмчегин эмген барбы?» десе, уялганымдан партанын астына кире качкам. Ошол бойдон бул адатымды калтырдым. Энем айтып калчу «тилиң эки ача – чечен болосуң го, башың чоң – манасчы болосуң го, байкушум, бирөөнүн көзүн карап каласың го» деп.

«ГОЛЛИВУД, ГРАН-ПРИ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРТИСТИ ДЕГЕН НЕРСЕЛЕРДИ УКСАМ КЫЖЫРЫМ КАЙНАЙТ. АТАК-ДАҢК ӨЗҮ КЕЛСИН»,- ДЕЙТ АКТЁР.
-Бала кезимден актёр болом деп жүрдүм. Сүймөнкул Чокморовду туурайм деп буттарымды, белимди сындырдым, сууга актым. 1985-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык училищеге окууга тапшырдым. Бир жылдан кийин эле түшүмдө тишим түшүп калды. Жогору жактан мага белги берилип жатат дедим да, окуумду таштап келе бердим. Мекениме келгенде мени жыргал жашоо күтүп турбаптыр. 1986-жылдан 2003-жылга чейин ит көрбөгөн кордукту көрдүм, көп урулдум-согулдум. Сакмалда, курулушта иштедим, «хулиган» да болуп жолумду таппай жүрдүм. Мени көп кишилер шылдыңдап, кордошту. «Кебетең мындай, ууру, баңгисиң» деп да чыгышты. Же мен нашаа чегип көрсөмчү. Көрсө, ошондо Кудай мени сынап жаткан экен.
Манасчы күнүнө үч маал тамак ичкен көптүн бири эмес. Түнкү саат 3тө уктайт, каалаганда турат, каалаганын жасайт, өкүрөт, бакырат. Кыскасы, көпчүлүк көнгөн режим менен жашабайт. Манасчылыктын артынан дүйнө кезип өнөрүн тартуулаганына сыймыктанарын белгилеп өттү.
-2012-жылдан тартып Саякбай атабыз 12 жолу түшүмө кирди. Бир жолкусунда Каба Атабеков, Уркаш Мамбеталиев, Талантаалы Бакчиев болуп үйдө отурсак, эшикти ачып, мени колумдан тартып алып кетти. Мен асманда кадимкидей учуп жүрүптүрмүн. Ошентип түшүм өңүмдөн чыгып, «Манас» айтып көп өлкөнү кыдырдым. Бир кезде «Теңир-Тоо» деген ансамбль бар эле. Ансамбль менен Англия, Франция, АКШ, Германия, Испания, Италия, Сингапур, Грецияга чейин бардык.
«Курманжан датка» тарыхый тасмасында баш кесер Чотондун ролун актёр жакшы ачып берген. «Тасмадан кийин тааныштар «эми Ошко бара көрбө, ал жактагылар сени таш бараңга алышат» деп тамашалап жүрүштү»,- дейт каарман.
-Бир жолу жарыктык Сүймөнкул Чокморов түшүмө кириптир. Мени ак боз атка мингизип алып узун аркан менен тегеретип бастырып жүрөт. Андан көп өтпөй эле Эрнест Абдыжапаров «Менин пирим – Алманбет» кыска метраждуу тасмасына чакырып, ошентип киного келип калдым. «Курманжан датка» тасмасынын алдында да түшүмдө Садык Шер-Нияз аялдардын баарын чогултуп алып жоолук салып жатыптыр. Анан эле бир күнү Садык чалып, «Ырыске, «ключевой» жер болуп жатат, келип тартылып бериңиз» деп жатпайбы. Тасмадан кийин айылым дүң болду. Мен айылда көп кишинин биримин. Ал эми район, башка жерлерге барганда мага кызыккандар болот. Алардын ар бирине токтоп, көңүлү калбасын деп суроолоруна жооп берем. Базарда жүрсөм бирөө «сиз Бишкектен келгенсизби?» дейт. Айрымдарга киного тартылса эле Бишкекте жашап, Лексус мингендей сезилет экен.
 
Актёр бир жакка кетип жатканда балдары "ата, көбүрөөк жүрүп келиңизчи" деп суранышарын айтат. "Менин оокаттарым өз ордунда турушу керек. Анан да тазалыкка аябай маани берем. Ошон үчүн болсо керек, балдарым мен үйдөн кетсем абдан сүйүнүшөт",- дейт.
-Мен 1994-жылы үйлөндүм. 5 кыз, 1 уулум бар. Эки кызым турмушка узап, уулум тоо таяп, мал жандап кетти. Балаң деле, кызың деле кийин өз оокатын кылып кетет турбайбы. Биздин куракта аялы менен күйөөсү бири-бирин толуктап турса ошол бакыт экен.
Рак илдетине кабылып, 2014-жылы ашказанымды алып салышты. Химиотерапия ал дешкен эле, көнгөн жокмун. Абдрахман деген табып досум бар, ошого көрүнүп жатам. Негизи мен өлүшүм керек болчу, менин ордума Кудайым былтыр кемпиримди алып кетти. Таза жан эле, мени төрөп алган баласындай бакчу. Дале ишенбейм, үйгө кирип келчүдөй сезиле берет. Бир учурларда мага оокат-дүйнө таппайсың дегендей кылып таарынып да жүргөн. Анын кылгандарына ыраазы болуп «мени сүйбөсөң, мен жакпасам, Бишкекке барып жигит таап алчы, сага уруксат бердим» деп да айтып көрдүм, болгон жок.
Азыр жалгыз калганымдан досторумдун баары мага аял издеп башташты. Маңдайга жазганын көрөрбүз. Жакшы адамдар бар экенине ишенем.

"Манасчылардан Саякбайга мен гана жакындаштырып айтам".

"Курманжан датка" тасмасына тартылгандан кийин айыл дүң эле дей түштү".

"Өзүмдү профессионал актёр деп эсептейм".

"2006-жылы Бельгиянын Брюссель шаарына койгон концертибизде Чыңгыз Айтматов сахнага келип бизди кучактап ыйлаган эле".

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(18)
04.04.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тушумдо тишим тушту деп Москвадагы окуусун таштабай эле койсо болмок экен. Билим деген баары бир билим да...
04.04.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
sladkaja_konfetka,ошону айт
04.04.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм...Кандай десем...
04.04.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Алымбек Датканы олтургондо жакпай калган)))))
05.04.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
suarez09,терс каармандын образын ото мыкты аткарган
04.04.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жеткирип аткарат да.Бешик деген кино эсимен чыкпайт
05.04.2016. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайым жакшы туштоду корсотсун мени да жамандык торуй баштаганда тишим тушуп калат же сынып калат же канайт, ошого дайыма аллахка жалынам жакшы тушторду короюн деп
05.04.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тушу менен пландайт экенда братан, тушко не кирбейт, душман не дебейт
05.04.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он какой то странный
05.04.2016. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин айылдан сыймыктанабыз ага бар болунуз!
06.04.2016. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Агабыз озгочо жан экен ....
06.04.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыкелен,Кыкелен мен сени ушул терс каарманды аткарат же аткарды деп эч кутпогом.Чын ото эрке жан элен.Эжем байкуш жонуна которуп,жанга тенебей бакты го...Жангызымдын балдары деп башкача бакты го чиркин.Сенин суротуно карап туруп раматылык Бекен таэкеме туспол экенинди коруп чындап сен экенине ишендим.Аткарган ролунду чеберчилик менен аткарганына раазы болдум.Сенин Манас айтып жетишкениндин чекесин эжем коргондо кандай сонун болмок...Эжем жонундо эскергениди окуп,тобом коко жетти.Эжем уч уулдун о
06.04.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ортосунда жангыз кыз,суйкайган сулуу,эрке жан эле...Жездем экоо сени ото эркелетип,бакандары эсиме тушту,жездем экоо бактылуу жубайлардан эле...Сенин эсинде калбагандыр анда сен кичине суу куйду шок бала элен.
Экообуз эки бир туугандын неберелерибиз,балким эсине тушоор.
Эмне болсо да мындан кийинки жашоон жакшы болсун,бактылуу бол бир боорум...
07.04.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
raia,жангыз жалгыз болсо керек
07.04.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чотонду катыра ойногон чындап.
07.04.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актердук чеберчилдиги мыкты экен
10.04.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байке нарко бизнестердинда ролуна абдан тушкудойсуз
05.09.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Не обычныйго ото эле.Алымбек датканы олтургондо опколоп ыйладым эле.мен учун жаман адамдай сезиле берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо