№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
Бокс боюнча 8 салмак категориясында Дүйнөнүн чемпиону, 37 жаштагы филиппиндик Мэнни Пакьяо рингге акыркы жолу чыкмакчы. Ал 9-апрель күнү америкалык мушкер Тимоти Брэдли менен беттешет. Өзү: «Тимоти менен болгон беттеш мен үчүн акыркы болот. Мен бокстон кетип, өзүмдү жаңы жумушума арнайм. Беттеште Брэдлини нокаутка учуратканга аракет кылам»,деп билдирди. Бул беттеш эки мушкердин 3-ирет жолугушуусу. Мурунку эки беттеште эки мушкер бир жолудан жеңишке жетишкен. Эске салсак, Пакмэн өз мекенинде саясатка кызуу аралашып, быйыл сенатка өз талапкерлигин койгон.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |