Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СИҢДИМ ЭКӨӨБҮЗ БИР АДАМДАН ТӨРӨДҮК»

№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж

«ӨГӨЙ АПАМ СИҢДИМДИ УРУП, АЛ СҮЙЛӨЙ АЛБАЙ КАЛГАН»
– 1-класста окуп жатканда апам каза болуп, 3 жаштагы сиңдимди боорума кысып кала бердим. Ал учурдагы тарткан кайгы-азапты эстегим келбейт. Атам алган аялдарынын бизге кылган орой мамилесинен улам экөөсү менен ажырашты. Экинчи апабыз сиңдимди уруп, коркута берип сүйлөй албай калганда таенем алып кетти. «Мени да алып кетсе экен» деп көзүмдү жалдыратып кала бердим. Баладай болуп ойноп-күлгөн күндөрүмдү деле эстей албайм. Андай учур деле болбоду окшойт. Классташтарым дүкөндөн бир нерсе алып жеп жатса оозумдан кара суу агып кетчү эле. Кысылып жүрүп мектепти аяктадым.
Классташтарымдын баары окууга тапшырып, шаарга кетип жатышты. Мен дагы окуйм деп айта албай түйшөлүп жүргөнүмдө таякем «окутам» деп шаарга алып келди. Ойлогонум ишке ашып, медициналык окуу жайга тапшырдым. Туугандарыма жүгүмдү артпайын деп жатаканага чыгып, сабактан кийин кафеде официант болуп иштеп, окуумду да ийгиликтүү аяктадым. Анан борбордогу ооруканалардын бирине жумушка орноштум.
Бир күнү автокырсыкка кабылып бир жигит ооруканага түштү. Ийне сайып, сакайып кеткенче карадым. Ал мени тамашакөйлүгү менен арбап алды. Ооруканадан чыккандан кийин шаардын четине стол даярдап, романтикалуу кечки тамакка чакырды. Өзүмчө толкунданам десең, бутум жерге тийбей учуп алгам. Өмүрүмдө биринчи жолу жигит менен сүйлөшүп жатканымдан ошентсем керек. Ошол күндөн тартып анын тамашасын, күлкүсүн бир күн укпасам куса болуп калчумун. Караанын алыстан көргөндө жөн басып барбай, чуркап жеткенге шашат элем. Анын бооруна кирип эркелегим келчү. Энемден албаган мээримди андан алдым. Бир жыл сүйлөшүп, анан баш коштук. Өз алдымча үй-бүлө күтүп, мени коргогон адамым пайда болгонуна кубанып жүрдүм. Жыл айланбай балалуу болдук. Эне мээримине балкып, жолдошума болгон сүйүүм мурдагыдан дагы артты.
Бир күнү таенем чалып сиңдимди окууга жиберерин айтты. Акча тартыш болгондуктан «бир жыл баламды карап тур, кийинки жылы окутабыз» деп көндүрдүм да, жумушка чыгып алдым. Баламды карап, үйүмдү жыйнап колум бир топ узарып калды.

«ЖОЛДОШУМ СИҢДИМДИ КОЛДОНУП ЖҮРҮПТҮР»
– Бир тууган сиңдим келип сүйүнүп эле калдым. Бирок өспүрүм куракта болгон үчүнбү мүнөзү бир аз түнт, оңой менен чечилип сүйлөбөйт. Жумушка үч күн кечинде, үч күн күндүз чыкчумун. Мен жокто баламды карап, жездеси менен жакшы тил табышканын көрүп сүйүнүп калам. Сиңдим келип түгөл үй-бүлө болгонума кубанып, көп нерсеге көңүл бөлбөй жүрө бериптирмин...
Жарым жылдай убакыт өткөн соң сиңдимдин кош бойлуу экенин билдим. «Кимден экенин ачык айт» деп бурчка такасам, «жездем...» деп мукактанып ыйлап жиберди. Башыма таяк менен чапкандай нес боло түштүм. Кантип деп өзүмө да, сиңдиме да суроо бердим, ызаландым, ыйладым. Ачууга алдырып сабадым. Жолдошумду каргап, өзүмдүн жанымды кыймакчы болуп, анте да алган жокмун. Жолдошумдан «итчилик менден кетти, кечир» деп башын шылкыйткандан башка жооп чыккан жок. Ажырашып кетейин деп кайра баламды атасыз өстүргүм келген жок. Сурагандарга «сиңдимди боозутуп койду, ошого ажыраштым» демек белем. Айла жок, кечирдим. Дарыгерге алып барып көрсөтсөм, «3 айлык боюнда бар» деди. Нес болуп жүрүп сиңдимдин ай-күнү жеткенин билбей да калыптырмын. Ал кыз төрөдү. Туугандарга билгизбей өзүбүзгө каттатып алдык. Азыр өз баламдан кем көрбөйм, атасы да кызына жакын. Болгон азап-кайгыны анын бир жылмаюусу жууп кетет.
Сиңдимди болсо окууга тапшыртканбыз. Жакында эле сүйлөшкөн жигити менен тааныштырды. Ата-энеси таенемдердин алдынан өтүп, сөйкө салып кетишти. Ал жигит бир тууганымдын кызы бар экенин билбейт. Кийин билип калса кечиреби? Чындык баары бир калкып чыгат эмеспи, кызы өз апасы тууралуу билсе эмне кылам? Азырынча берер жообум жок.

Жаңыл
Абды Кадыров
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(72)
04.04.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ишендим азыркы турмушта ар нерсени кутсон болот ,Автор бул Жака жазбай эле койбоптурсуз ,ар кандай комментарии беришет ,Сабыр кылын синдиниз азыркы болочок куйосуно айтпай эле койгонунар жакшы Сабыр берсин силерге
04.04.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фонтастика ойдон чыгарылгандай сезилди эмне болсо да кыныр иш качан болсо да билинет жалган жашоодо эч нерсенин жашырыштын кереги жок
04.04.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгарма болсо Ийгилик.чын болсо жаман иш болуптур. Ата эненин тарбиясын ала албаган эмне кылышын билбеген. Менин оюмча туура эле кылган. Синдиси айтса керек кыз эмес экенин. Жакшылык учун айтылган жалган жакшылего. Опытный адамдар кенеш алайын деген ойдо жазган болсо керек. Ар ким ар нерсени айтат. Жалган менен баштаган уйбулоо кандай уланат экен?
04.04.2016. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Максаты эмне эми автордун?Элге жарыя кылып эмне тапты?
09.04.2016. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Musabaeva..,
сага маниси жокпу унчукпа
кудай корсотпосун сенинда башына келиши мумкун тообо кыл
05.04.2016. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мандайына ушундай жазылган да,жаман иш болуптур
05.04.2016. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тан калбай эле койсо болот. Кайниси мн женеси калса деле кудай сакта жаман иштер болуп кетиши мумкун. Адам робот эмес. Кудай бизди жакшы билет айтканын кылсак жаман болбойбуз.
05.04.2016. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фантазия эле экен го? Кантип эле омуру карабаган таякеси кайдан жайдан эле медке окутуп калсын, анан да синдиси жоош тунт болсо жездеси мн кантип конул ачсын?! Кантип ушул окуядан кийин жигит таап алсын?! Кудай сактасын, жашоодо мындайлар болбой эле койсун!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-05 12:14:16
05.04.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sen_elen., жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
05.04.2016. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жездеси ото катта ката кетириптир жон гана кудай деп журбойбу ана кого балдызы да коз кыскан болсо керекда кунажын козун кыспаса бука жибин узбойтта туурабы
05.04.2016. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бечара келин уйбулоо деп туну кунуда иштеп журсо мно эркек сорой кантип уйундо тынч уктап жатат деймда наамысыбызга келейличи эркектер 1 сом тапсакда озубуз иштейличи
Синдиси менен куйоосун ташбаран кылып олтуруш керек негизи бул келин менен жанагы жездеси менен боп кеткен кыздын жигити жалко эчкимге колуму карматкан эмесмин деп врачтардын жардамы менен тийип кете беретта эми
05.04.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кылгансыз азырча жакшы жагын ойлоп тургула калганын коро жатарсыздар
05.04.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bars111, темадан четтебеңиз. Эскертүү!
05.04.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болоору болуптур!кечиришиптирсинер,баланы озунорго каттатыптырсынар болду да эми.Жездесинен дебей эле турмушка чыгып ажырашып боюнда келген дегиле.Эгер сый болуп дайыма катташып журолу десенер!Бала биздики дегиле.Жездесинен десенер кийин кантип бет карашасынар !
05.04.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамзаттын которо алгыс, чыдагыс арман, бул дуйно жалган...суйуп калдым кызды сага бир тууган ээй сага бир тууган
05.04.2016. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишениш ото кыйын буга
06.04.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сабыр берсин
06.04.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сабырдуу адам экенсиз. Сабырдын тубу сары алтын дейт. Ылайым Кудай сизге сабыр менен кошо бакыт берсин. Акмактык кылган куйоонуздун журогуно ыйман-ынсап толтурсун жана жасаган куноосун сезип омур бою сиздин каш кабагынызды карап жашасын. Ал эми синдиниз жаштык кылып алданган,аны кечириниз жана кызы тууралуу эч кимге айтпай эле азырынча озунуз багып турганынз дурус го деп ойлойм. Турмуш озу таразалайт.Ото акылдуу,сабырдуу,кучтуу айым экенсиз.
07.04.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin jakin taanishtarimda da ushunday okuya bolgon,degi ele kim bolso dagi erkek menen kiz boldubu etiyattash kerek,Alla baaribizga iyman bersin!
07.04.2016. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озу сактасын.
07.04.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сериал го.
07.04.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башы жок акмак экен баары жашоого болгон коз карашынар начар экен андан коро олуп алгыла лучше хм хм хм фу
08.04.2016. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сырынды саткан адамга капа болбо, себеби өзүн сактай албаган сырды эч ким сактай албайт.
08.04.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сабыр берсин!
08.04.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабырдуу болунуз, синдиниз болочок жолдошуна тушундурсун, эгер чын суйсо баш кошушат, болбосо той боло элек токтотуш керек. Куйоого тийип артынан ушак соз журсо жаман. Бойдок болсо озу бир айласын табат. Жездеси манкурт экен.
08.04.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ишенбейм
09.04.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай окуяга туш болгон кыз менен тааныш болгом.Бииир учурда.Аны колдочумун,ал азыр турмушка чыккан.балким ошол кыздыр.Бакыт каалаймын.
09.04.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомокго.
10.04.2016. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактааа кулагым укту козум корбосу
Аллах озу кечирсин айтпаныз эже
Кудай озу кечирсин деп омур бою эалынып кечирип сураныздар кудайдан
Бирок айтпаганыныз он деп ойлойм синдиниз да озунун айыбын билип куйоосуно чыдап сабыр кылып шугур кылып жашасын намаз окуп Алладан кечирим сурагыла
11.04.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жездеси менен эжеси ажырашып кеткени он. Эгер синдисинин куноосу жок болсо. Эгер синдиси оз каалосу менен ушул ишке барса анда башка тенин тапсын "Тен тени менен тезек кабы менен" деген соз бар. Боодо башка бир баланы алдап тагдыры менен ойнобой. "Алжаке кызга жалжаке куйоо" дейт озуно окшош кайнежеси менен жаткан балдар менен тааныштырыш керек.
11.04.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да жакшы иш болбоптур.Эми аллахтан туура жол корсотуусун сурап ага ишеним менен жашаган он.Кыргыз жигиттерине,эркектерине айтаар элем намысты бекем кармайлы кыргыз деген атыбыз очпосун келгиле айымдарыбызды антип катаал кырдаалга салып кыйнабайлы тескерисинче аялдар коргоого муктаж коргойлу
08.05.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ишендим! Чын эле азыр эмнелер гана болбойт! Автор Азамат Адам экенсиз ошончо нерсени тушунук, акыл менен чечиптирсиз! Сизге ийгилик, куйоонузго акыл эс!
OmurKanysh түзөттү 2016-05-08 16:31:01
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо