Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Султан Садыралиев: «АЯЛГА БАШ ИЙИП КАЛЧУ ЭРКЕК ЭМЕСМИН»

№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж

Султан десе сахнада домбра кармап «Кудача кыз» деп ырдаган баланы элестетчүбүз. Андан кийин чыгармачылыгы солгундай түшүп, өзү айтмакчы, кагылып-согулуп жүрдү. 3 жыл мурун чыккан «Кыргыз бийи» деген ыры Султанга кайра жаңы дем бердиби, айтор, ырчы мырза кайрадан эл оозуна алынып, тойлор ансыз өтпөй калды.

– Султан, кышында Акбар Сүйүнбаев, Мирбек Иманбеков үчөөңөр берген концерт купулуңа толдубу? Ушул концерттен кийин өзүң жыйынтык чыгарсаң керек...
– Бул концертке жакшы даярданбай, бири-бирибизге ишенип таштап койдук. Чуркап уюштурганы эле Акбар болду. Мен эч нерсе кылган жокмун, формамды көтөрүп барып эле ырдап бердим. Жандуу ырдагандыктан ырларымдын сөздөрүн жаттаганга жетишпей, кагаздан караганым да чындык. Муну трагедия кылуунун кереги жок. Чыгармачылыкта өйдө-төмөн боло берет. Бир кезде жылына канча концерт берсем да аншлаг менен өтүп, жылдыз оорусуна катуу кабылган элем. Концертим ар дайым ушундай болот деп ойлосом керек. Бир жолу Кара-Балта шаарына барсам, эл залдын жарымы болуп калса болобу?! Ошондо көзүм ачылып өзүмө келип, бул жашоодо ак-кара деген бар экенин билип катуу чыйралгам. Көрсө, турмуш өзү эле кагылтып-согултуп жатып тарбиялап коёт экен.

– Ошондо чыйралып, ак-караны ажыратып калгандан кийин катуу иштей баштадыңбы?
– Мурун ай сайын жаңы ыр жаздырып, ойлонбой эле ырдай берчүмүн. Азыр маанисине карап тандап калдым. Фонограмма менен ырдагым келбей калгандыктан концерт да бербей жүрөм. Жаш өткөн сайын өзүңдү сын көз караш менен карап калат экенсиң. Токтолуп, сахнада мурункудай жулкуна албайм. Бирок кээде бийлегим келет, ошондуктан бий ийримине катышып жатам.

– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең. Балдарың деле чоңоюп калса керек? Сени тартып чыгармачылыкка жакыны барбы?
– Балдарым чоңоюп калышты. Акмырза 5ке чыкты, кызым Айсанат 3 жашта. Чынын айтсам, өнөрлөрү жок. Болгону кызым балама караганда тың болгондуктан кээде ырдап калат. Баламдан чыгармачыл адам чыкпаары көрүнүп эле турат. Ал эми келинчегим жөнүндө айтсам, эки окууну бүткөн, кесиби экономист, юрист. Азыр бир компанияда иштеп жатат, андан сырткары кайнатам адвокат, ошого жардам берип сотторго катышат. Үй-бүлөнү өзүм эле багам, аялдын акчасы менен жашаган, аялга баш ийген эркек эмесмин. Кудайга шүгүр, азыркы жашоомо ыраазымын. Жашооңду артка кайрыса барат белең десе, ойлонбой туруп жок демекмин.

– Сен үчүн идеалдуу үй-бүлө кандай болушу керек, үйдө өзүң түзгөн мыйзамдар барбы?
– Идеалдуу үй-бүлө деген – бул уул-кызың, жакындарыңдын жаныңда болуусу. Анан да жубайыңа болгон сүйүү жылдан жылга күчөп турса идеалдуу үй-бүлө деп ойлойм. Албетте, үй-бүлөмдө өзүбүзгө тиешелүү мыйзамдар бар. Мисалы, 14-февралды, туулган күндөрдү майрамдабайбыз.

– Аялзатынын баркын качан биле баштадың эле?
– Апам менен келинчегимдин, деги эле аялзатынын баркын кыздуу болгондо түшүндүм. Аялзаты назик, табышмактуу, акылдуу өзгөчө жан болот эмеспи. Кыздуу болгондон кийин апамды мурункудан да сыйлап, келинчегимдин да баркын билип сүйүп, эркелетип калдым. Себеби кызым чоңоюп турмушка чыкканда аны да күйөөсү мен сүйгөндөй сүйсө экен дейм.

– Атагың таш жарып турган кезде үй-жай алып алсам болмок экен деген ой келеби? Анткени азыркы жаш ырчылар биринчи кезекте үйлүү болуп жатышпайбы?
– Ал кезде продюсер менен иштешип, тапканың экиге бөлүнчү да. Азыр деле Кудайга шүгүр, жер там салып жатам. Бишкекке жаңы келгенде эле жер тамда жашасам деп ниет кылып койгом. Бак тигип, эшиктин алдына суу сээп, чарпаяда уктаганды каалайм. Балдарды тарбиялаганга да жер там ыңгайлуу. Кабат үй аарынын уюгундай болуп тар болот, кысылып кетем. Бүтө элек болсо деле үйүбүзгө бат-бат барып балдарымды ойнотуп, шишкебек жасап жеп эс алып келебиз. Байлыкка кызыкчу эмесмин, көрсө, балдарыңа шарт түзүү үчүн акча да керек экен. Эң негизгиси, эки балама жакшы билим берсем дейм. Байлыкты талаадан эмес, баладан изде дешет эмеспи. Балдарыбызга жакшы тарбия берип алсам, өлкөбүзгө пайда келтирип, эл «ушул баланчанын балдары эле» деп айтышса, мага мындан өткөн байлык жок. Үйүмдү бүтсөм, ата-энемди алдыртам. Анткени ата-энемден мен алган тарбияны балдарым да алса дейм.

– Калп айткан учуруң болобу?
– Калпты 100 пайызга жакшы айтам. Калптын да пайдалуу жактары бар. Мисалы, эки адамды бири-бири менен жараштырыш үчүн калп айтса болот. Зыяны тийбесе, айта берсе болот деп ойлойм.

– Акыркы жолу качан ыйладың эле?
– Ата-энемди жоготуп алуудан корком. Апам улгайганына байланыштуу көп ооруп калат. Мындан 2 жыл мурун бөйрөгүндө таш бар деп операция болуп 4 саат ойгонбой койгондо аябай ыйлагам. Баарын ордуна койсо болот, бирок апаны ордуна кайтара албайсың. Өчүп баратсаң, 1 жыл ырдап мурунку калыбыңа келип жылдыз боло аласың. А эне дегенди кайдан тапмак элек?

– Байкасам, бир топ токтолуп калыптырсың, жаш кезде кетирген каталарыңа өкүнөсүңбү?
– Жаш кезде көп ката кетиргем. Мурун ачуум келгенде оюма келгенди жасап аша чаап кетип, эртеси көчөгө чыга албай, уялып үйдө жатып калчумун. Студент болгондо чылым чегип, ичкилик ичкенди үйрөндүм, жаштыгым армансыз өттү. Бирок булардын баарын айтып, жаштарга терс тарбия бергим келбейт. Азыр эмоцияны башкарып, сабыр кылганды билем.


"Бул жашоодогу байлыгым – үй-бүлөм. Булар үчүн бардык кыйынчылыктарга даярмын".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Султан Садыралиев: "Кыздуу болгондо апамды мурдагыдан да көбүрөөк сыйлап калдым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(64)
04.04.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне ката кылды экен а окунгудой.Мурда да бир окудум эле
04.04.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Izdeym_seni. Чын эле аябай негатив адам экенин билинип турат.Ичинди кенен кылчы байболгур,ылайым жузго чыккыр.
04.04.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булоонуз менен бактылуу болунуз
04.04.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mela, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
SUPER.KG видео
04.04.2016. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо бул жумада жыргаттыңар.сонун кишилерден маек алып.Султан брат молодец
04.04.2016. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура издейм сени ото начар адам экенсин......
04.04.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А Султан красавчик уй булолук чексиз бакыт каалайм
04.04.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы, жакшыныкай экен. Балдарыныздын омуру узун болуп, бактылуу болунуздар!
04.04.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Начар эмесмин
04.04.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик брат
04.04.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayabai toktolupsuz , sonun maek boluptur beriluu mn kordum ui bulonuz mn baktyluu bolunuzdar
05.04.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялды сыйлоо, баланын баркын билуу, ата энесин дайыма ойлоо, баардык эле эркектердин колунан келбейт
05.04.2016. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Баарынардын эзилген комментариилеринерди окуп Султанынар хаха тээп атса керек. А вообще бул ырчы бала ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-05 12:21:58
05.04.2016. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Izdeim_seni., siz owol choyrodogu ele bir bechara ekeniniz korunup turat (((
05.04.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Izdeim_seni., кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
05.04.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kirgiz biyi, andan son Tuwtuk kizi degen iri da jakshy chykti ))
05.04.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayushka, Alfiya, Beka.kaba, Aidowi, ар ким өз пикирин эрежеге ылайык жазууга укуктуу, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү!
05.04.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур,биздин кээ бир эркектерда, ушундай ой жугуртуп калса кана,бакыт,байлык акчада эмес ,уй-булоодо экенин билип.
05.04.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур.Токтолуп,маанилуу суйлогону жакты.
05.04.2016. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх Султаан Султан...
Жаштыгын укмуш оттугоо бирок балдарга ошол учурдагы канын отту да ... ген аркылуу
05.04.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султандын суроту жаман чыгып калган экен . Буту кыска болуп. Значит не опытный фотограф тарткан бейм. Кайгылуу ырларды жеткире ырдайт. Молодец.
SUPER.KG видео
06.04.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец токтолуп калганго ар бир созун орду менен суйлоп.
06.04.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султандын ырларын баарын жактырып угам. Ийгилик каалайм!
06.04.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан мырза!Сизди сыйлайм.
06.04.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур ушундай эркектер коп болсо.
08.04.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсода артист да
SUPER.KG видео
08.04.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талант,акыл,жонокойлук 3 асыл сапатты тен озуно кесип кылып алганын байкаса болот,ушу мырзадан.Дагы деле ийгилик каалайм,осо бер!
SUPER.KG видео
08.04.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай жакшы маек болуптур.
09.04.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан молодец токтолуптур намаз окуп дин жолуна тушконго менимче
10.04.2016. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үнү ушунчалык уккулуктуу. Ийгилик сага Султан.
10.04.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Издейм сени сен ырчы же шоу дуйносуно аралашам деп жерде калып кеткен неме окшойсун баары эле жаман го сен учун тооба
03.02.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultandyn dooru otupturda toktolup ui bulo kurup. Azr shou duinodo Nurlan menen Nurmattyn dooru
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо