№700 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
Айрым адамдар тарабынан бийликти басып алуу жана кызмат орундарын бөлүштүрүү пландары талкууланганы тууралуу дагы бир аудио интернетке тарады. Аудиоматериалдын башкы бетине Эрнест Карыбеков, Тургун Нурматов, Дастан Сарыгуловдун сүрөттөрү коюлуп, булардан башка да эки адам сүйлөшүүгө катышканы маалымдалат. Сүйлөшүүгө катышкан адамдар бийликти алууну, андан кийинки кадамдарын, тагыраагы, өкмөттү кантип түзүү керектигин талкуулашат. Белгилей кетсек, буга чейин оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү делинген эки аудио тараган. УКМК ал аудио мыйзамдуу түрдө жазылганын айтып, 24-март күнү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду камакка алган. Алар өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган деп айыпталып, УКМКнын СИЗОсуна 12-майга чейин камакка алынды. Сүйлөшүүгө катышкандардын бири делген Апрель баатыры, оппозициячы Дуулатбек Турдуналиевге издөө жарыяланды. 25-март күнү болсо Эрнест Карыбеков ошондой эле айыптоо менен кармалып, 2 айга камакка алынды. Сүйлөшүүгө катышты деп шектелгендердин бири Дастан Сарыгуловду Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту үй камагында калтырды. Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |