Алтын Камчиев, ди-джей: «РАДИОГО ИШТЕЙМ ДЕП ОШТОН БИШКЕККЕ КЕЛГЕМ»

№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж

Үналгыда кайсы ди-джей сүйлөп жатканын үнү аркылуу гана аныктайбыз. Өзгөчө жагымдуу үндүү Алтын Камчиев ди-джей, телеалпаруучу, «Большие люди» долбоорундагы Чыпчын Чынайткановдун образын жараткан универсал инсан катары калың элге тааныла алды.

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы-күнү – 1977-жыл, 13-март
Билими – ОшМУнун экономика факультети
Үй-бүлөлүү, 3 уул, 3 кыздын атасы
Учурда – Ди-джей, алпаруучу, шоумен

– Алтын мырза, сиз мектепти бүтөрүңүз менен эле ким болоруңузду билчү белеңиз же ордуңузду табуу үчүн көпкө издендиңизби?
– Мектепте окуп жүргөндө «Пирамида» деген радио ачылып калды. Ошондо эфирде жаңырган ырларды, ди-джейлердин үнүн, сүйлөгөн манерасын аябай жактырчумун. Ушундан таасирленип «чоңойгондо радиодо иштесем» деп кыялданар элем. Мен ал жакты өзгөчө адамдар иштеген кызыктуу дүйнөдөй элестетчүмүн. Кийин барсам кыйшайган шкафтар, анын ичи толо кассеталарды көрүп башкача болгом. Ошентсе да радио сыйкырдуу атмосферасы менен арбап алды. 1997-жылы Ошто студент болуп жүрүп «Алмаз» радиосуна жумушка орноштум. Кийин 2000-жылы «Европа+» сынак жарыялаганда досторум «жүрү, сенин колуңдан келет» деп мажбурлап Бишкекке алып кетишкен. «Мага бул жер жагат, барбай эле коёюнчу, анын үстүнө каражат да керек. Барганга акчам жетет, эгерде сынактан өтпөй калсам өзүңөрдүн акчаңарга жөнөтөсүңөр, моюнуңарга отурам»,- десем макул болушту. Ошентип сынактан өтүп, 2 ай стажёр болдум. Биринчи айлыгымды алгыча досум Арстанбек Абдыманов мага каралашып жүрдү.

– Биринчи эфирге чыкканыңыз эсиңиздеби?
– Биринчи эфир менде көп жолу болгон. Себеби ар бир жаңы иштеген радиого биринчи чыкканда сүрдөйсүң, толкунданасың. Айта турган сөздү кагазга жазып алып даярданып, 80 жолу кайталайсың да, микрофон күйгөндө адашып кетесиң.
Оштон жаңы келген кезимде «Ошто 11:40 болду» деп адашып алган күндөрүм болду. Эфирдин жүрүшүн текшерип турган кызматкер чалып, «Алтынбек, качан көнөсүң? Сен Бишкекке көчүп келдиң, болду эми, Ош дей бербе» дечү (күлүп).

– Орус тилдүү радиолордо иштеп, тил жагынан кыйналган жоксузбу?
– Ата-энем орус тилди үйрөнсүн деп орус тилдүү бала бакчага, мектепке берген. Ошондуктан орус тилдүү радиолорго жумушка кирчүмүн. Бир жолу жаңылык окуганда жетекчим «сен жаңылык окуганда акцент менен сүйлөгөн сөздөрүң байкалып жатат. Буларды жойбосоң биз сени менен иштешпей калабыз» деген. Ошондо акцентимди жоюш үчүн бир жыл кыргызча сүйлөбөй койдум. Бирок эне тилди унутуп калбаш үчүн акылдуу адамдар менен кыргызча баарлашып, жакшы деңгээлге көтөрүп алдым.

– Учурда көбүнчө шоумен катары да таанылып жүрөсүз...
– Бул жаатка кокустан эле келип калдым. 2002-жылы Салтанат Саматова зордоп эле бир кечеге «менин өнөктөшүм болосуң» деп чакырып калды. Мен тырышып «тажрыйбам жок, барбай эле коёюнчу» десем болбой, «бас, менин жанымда эмерек болуп туруп бересиң, эч нерсе кылбайсың» деп көндүрдү. Айтканындай эле эмерек болуп туруп бергем (күлүп). Ошондон кийин досторумдун, туугандардын кечелерин алып барып жүрүп уланып кетти. Костюмдаштырылган тойлор кызыктуу өтөт. Өзүм ак парик кийип Мюнхгаузен, ковбой болуп алып барам.

– Сөзгө болгон чечендик ата-энеңизден өткөнбү?
– Сөзгө чечендигиме китеп окуу түрткү болгон. Биздин үй-бүлөдө билим, илимге аябай маани берилет. Китеп окуганды ушунчалык жакшы көрөт элем. Атам күндө түшкү тамакка берген тыйындарды чогултуп, «Изумруд шаарынын сыйкырчысы» («Волшебник изумрудного города») деген китепти сатып алып, бат эле окуп койдум. Анын экинчи томун алайын десем акчам жок. Ошол кезде 4-класста окучумун, жок дегенде китепти сыртынан көрүү үчүн мектепке баратып да, келатып да дүкөнгө кире берчүмүн. Муну билип калган атам ошол китептин төрт томун тең үйгө көтөрүп келгенде аябай сүйүнгөм.

– Китепти сүйүп окуганыңыз менен, чыгармачылыктан алыс кесипти тандаптырсыз...
– 3-курстан тартып бала кезде кыялданып жүргөн радиодо иштеп кеткендиктен дипломумду атама белек кылып бердим (күлүп). Атам «Европа+» радиосуна киргенге чейин «балам, олуттуу жумушка кирсең болмок, 5 жыл окуганың текке кетеби?» деп айта берчү. Алпаруучулуктун артынан бутума туруп кеткенимди көргөн ата-энем азыр ыраазы.

– Маегибиздин нугун жеке жашоого буралы. Бишкекте төрөлгөнүңүз менен, жогорку окуу жайды Оштон бүтүрүптүрсүз...
– 1988-жылы атамды жумуштан Ошко которуп, Союз таркаганда ошол жакта калдык. Кичүү иним студент, менин колумда. Башка инилерим үй-бүлөсү менен Бишкекте, Санкт-Петербургда жашашат. Үйдө апам жалгыз аялзаты болгондуктан баарыбыз жардам берчүбүз. Атам «бизде кыз жок, апабыз жалгыз кыз, жардам бере турган силерсиңер» деп түшүндүрчү. Оюнга алаксып кээде жумуш жасаганды унутуп калсаң кулагыбызды бурачу. Апам жоош, жумшак, чынчыл киши. Бул жакка конокко келгенде муну алып берейин, бул жакка алып барайын десең да бизди аяп жок дей берет. Алдап эле бир нерсе алып бербесең, бизди дагы деле кичинекей баладай көрөт. Телефон менен сүйлөшсөң «тамак жедиңби, көчө суук болуп жатат, жылуу кийиндиңби?» деп турат.

– "Ийгиликтүү эркектин артында күчтүү аялзаты турат" дешет. Өмүрлүк жарыңыз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Биринчи таанышканыбызда Гүлнур 11-классты бүтүп жаткан кыз болчу. Ал мектепти бүтүп, Бишкекке окууга тапшырганы кеткен. Мен болсо Оштогу окуу жайда окуп калдым. Бир топ убакыттан кийин, Кудайдын буйругу экен, жолугуп калдык. Келинчегимди ата-энем аябай жакшы көрөт. Анын ата-энеме кылган жылуу мамилесин карап ушундай да болобу деп таң калып кетем. Ошондуктан келинчегиме ыраазымын.

– Заманбап үй-бүлө кандай болуш керек?
– Үйлөнөрдө махабат, сүйүү өңдүү эмоциядан мурун, үй-бүлө эмне менен бааланарын билип алыш керек деп ойлойм. Жубайлар бир куштун канатындай эле болот экен. Бир канат менен куш уча албайт да. Ошондо аял өз тарабынан колдоп, күйөөсү аялына жардам көрсөтүп камкор болуш керек. Илгеркидей «мына, мен пил алып келдим, тамак жаса!» деген болбойт. Баарыбыздын карындашыбыз, эжебиз бар, аларга күйөөсү келип катуу сүйлөгөнүн элестетип көр, кандай жаман болуп кетесиң. Сенин аялың да бирөөнүн кызы. Мен аялыма көп жардамдашам. Идиш жууш керек болсо кой дегенине болбой жууйм. Аны эмне үчүн кылам? Аны балдарым көрүшү керек. Аларга «аялзатына жардам бериш керек турбайбы, бул бир гана аялдарга тийиштүү жумуш эмес экен, эркек кылса эч жери кем болуп калбайт турбайбы» деген нерсени көрсөтөм.


"Жубайым Гүлнурдун ата-энеме кылган мамилесине ыраазымын".

"Кечелерди ак парик кийип Мюнхгаузен, ковбой болуп алып барам".

"4 бир туугандын улуусумун. Апам, инилерим менен".

Динара Абдыкадырова
(Сүрөттөр Алтын Камчиевдин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Алтын Камчиев, ди-джей: “Радиодо өзгөчө адамдар иштейт деп ойлочумун”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(23)
Медиа-портал
08.04.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтылган создор. Китеп коп окуш керек. Убагында Алтындын фанаты болчу элем))) Волшебник изумрудного города 6 китептен турат болуш керек адашпасам.
Медиа-портал
08.04.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Molodez!
Медиа-портал
08.04.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
men taanychu emesmin bul baikeni, birok abdan sonun adam eken korunup turat. Iygilik! Emi taanyp jurom :)
SUPER.KG видео
09.04.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай жонокой,тушунуктуу озу айткандай классный инсан экен.эн жакшы маек.бар болунуз.
Медиа-портал
09.04.2016. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да таанычу эмесмин капыстан кирип маегин коро калып билимдуу киши экенин байкадым. Азыр кайсы радиодо иштейт экен билгендер болсо айтып койгулачы угуп коройн эфирди кандай алып барат экен байкап коройн.
Медиа-портал
09.04.2016. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушунчалык приятный адам экен келинчеги бактылуу болсо керек кана кыргыздын эркектери баары ушинтип аялдарын сыйлап турса дегеле аялзатын
SUPER.KG видео
09.04.2016. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул инсандын атын угуп калчу элем. Бирок озун эч корбой, унун укпаптырмын. Билимдуу, маданияттуу, жонокой, жагымдуу адам экен. Бар болунуз, бактылуу адамдардын катарын толуктап журо бериниз деген аруу тилегимди чын журогумдон билдирем.
Медиа-портал
09.04.2016. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен мектепте окуп жургондо Европа+ ту алып барчу аябай тез орусча суйлочу ошондо укмуш башкача элестетчумун азыр да орусча суйлосо керек десем жок кыпкыргызча тунук бирок бираз акценти бар экен албетте кечке орусча суйлосо азаматсыз! Азыркы заманда 6бала багуу оной эмес, улгулуу уй було экен бар болгула!
SUPER.KG видео
09.04.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынчалык денгээлде кыргызча билет деп ойлобоптурмун.Аялын орус дешчу эле го.
Медиа-портал
09.04.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турмушту абдан оной,жагымдуу ,позитивдуу алып кеткен мырза экен , кана баардык аял затына ушундай эркек туш болсо ,бул адам билим менен тажрыйбаны айкалыштырат экенда .Биздин копчулук эркектерибиз билимсиз жада калса гезит да окубайт ,интернеттен видео же кино менен чектелишет да кругозору да ошого жараша болуп калган .Соз жок азамат мырза экен .Ийгилик сизге бир гана ,а бактылуу болушту озунуз билет экенсиз.
SUPER.KG видео
09.04.2016. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жагымдуу маек.Жакшы инсандан.Аябай суктандым 3 уул,3кыздын ата-энесине жана ушундай жолдоштун жубайына.Эки дуйно бактылуулук каалаймын.
Медиа-портал
09.04.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соонун маек болуптур, угуп эле отургун келет го.Ар бир суйлогон созу жасалма эмес чын журогунон айтып жатканы билинип турат.Азаматсыз ишинизге ийгилик,уй булоонузго бекемдик каалайм,бар болунуз!
Медиа-портал
09.04.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эне тилди кадырлаганына баа бердим! Ар Кыргыз уул кызы Эне тилибизди ботон тилдердин арасында кемсинтпесек!!! Бар бол! Осо турган жигит экенсин!!!Уй булолук бакыт каалайбыз!
11.04.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин корпоративди алып барган коңур үнү жагат. Азаматсыз,кыргыз кызына жетээри жок,ата-энеңиз ыраазы экен бактылуу болуңуз.
11.04.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
таланттуу инсан, кучтуу тамада экен. Ошто Хбкада жашачу мурун. Ийгилик.
11.04.2016. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кичинекейинде Алтын Камчиев жана Салтанат Саматова менен чонойдум радиодон угуп, ундорун укпай калсам сагынчумун.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-11 16:49:12
11.04.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Радио Алмазда иштегенде,укчумун,уну аябай соонун,приятный,ал кезде мектепте окучумун,классташ кыздар болуп,озунчоле унуно ашык болуп калчубуз
11.04.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы орус айым эле го...
13.04.2016. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай граммотный адам экен,ушундай инсандарыбыз бар экени суйунтот
13.04.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо бул бала ОшМУда эмес ОшТУда окуган болуш керек
SUPER.KG видео
16.04.2016. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Классный отец,любящий муж бар болунуз)))Жопжонокой инсан экенсиз))
18.04.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Алмазда"иштеп жургонундо биз мектепте окучубуз.Ошондо эле унуно суктанчубуз кыздар.Азаматсыз,аялынызды аярлап турат экенсиз.Бар болунуз!
Медиа-портал
18.04.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,Мына чыныгы эркек!!! деп айтаар элем,азыркы заманда аз мындай адамдар,ишине ийгилик жана уй булоолук бакыт!!!,Ар дайым теле,радионун жузу болуп журо бериниз!!!Дагы бир жолу Азаматсыз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо