Аида Даниярова, актриса, модель: «КИНО МЕНЕН МОДЕЛДИК КЕСИПКЕ КОКУСУНАН КЕЛИП КАЛДЫМ»

№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж

«Салам, Нью-Йорк!» тасмасында Эриканын ролун аткарган модель, актриса Аида Тулебаева учурда кызын тарбиялап, аны менен бирге жарнамаларга тартылып жүрөт. Аида «хобби менен үй-бүлөлүк милдетти чогуу алып кетүү өтө деле кыйын эмес, башкысы жетишсең болду» дейт.

Толук аты-жөнү – Даниярова Аида Дүйшеналиевна
Туулган жылы-күнү –1988-жыл, 10-июль
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-европа факультетин бүтүргөн
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Параметри – 85-65-90
Фобиясы – Курт-кумурскалар

– Салам, Аида! Бизге мурунку жолу маек бергениңде фамилияң Тулебаева эле, азыр Даниярова кылып өзгөртүпсүң...
– Саламатсыздарбы?! Ооба, сиздердин гезитиңиздерге биринчи жолу маек бергенде «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы менен таанылып калган кез болчу. Андан бери жашоомдо көп өзгөрүүлөр болду. Кыздуу болдум, жолдошумдун фамилиясына өттүм дегендей. Негизи эле кичинемде балдарымдын фамилиясы меникине окшош болсо деп кыялданчумун. Ал кыялымды орундатыш үчүн жолдошумдун фамилиясына өткөнгө туура келди. Ата-энем да бул идеяма каршы чыгышкан жок.

– «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынан кийин сени башка тасмалардан көрбөй калдык, актрисалыктан моделдик кесипке өтүп кеттиңби?
– «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынан кийин мага көп эле фильмдерге тартылууга сунуш түштү, бирок бирөөсүнүн да сценарийи жаккан жок. Менде эптеп эле киного тартылсам деген максат жок. Ошондуктан жакшы фильмдерге сунуш түшмөйүнчө актрисалык кесипти убактылуу токтото турам. Ал эми моделдик кесип мен үчүн жөн гана хобби. Анан да үй-бүлөмдөн убакыт ашса гана мода жумалыктарына катышам, жарнамаларга тартылам. Өзүмдү моделмин деп эсептебейм, моделдик кесипке киного келгендей эле кокусунан келип калгам. Актрисалыкты да, моделдик кесипти да эч жерден окуган, үйрөнгөн жокмун. Университетте окуп жүргөндө сулуулар сынагына катышкан элем, ошол жактан мени байкап калышып, жарнамаларга тартылууга сунуштар түшө баштаган.

– Кыргызстанда модель болуп иштеп ийгилик жаратуу мүмкүнбү?
– Модель болуп популярдуу болуп кетүү мүмкүн, бирок байый албайсың. Ал үчүн кошумча бизнесиң болушу керек. Бизде шоу-бизнес жөн эле кызыгуу. Сен кандай жакшы актёр, ырчы, модель болбо, эч качан өзүңө жараша акча төлөп беришпейт. Ошондуктан биздин көптөгөн моделдер чет өлкөгө иштегени кетип жатышат. Чет өлкөдө өсүү керек, муну жакшы эле кабыл алам. Өзүм моделдик кесипке кеч келдим, азыр үй-бүлөм бар. Эгер бойдок болсом, мен деле чет өлкөгө иштегени кетип калмакмын. Бизде моделдик кесипке талаптар да төмөн. Кээ бир моделдик агенттиктер салмагы, бою, кебетеси туура келбеген кыздарды деле эптеп бизнес кылыш үчүн ала беришет. Азыр бизде эки жолу фотосессия кылып өзүн модель сезип алгандар көп.

– Бизде көпчүлүк белгилүү айымдар турмушка чыккандан кийин карьерасын таштап, өзүн үй-бүлөгө арнап коюшат. Ал эми сенде бул жаатта кандай?
– Кызым Амелинин төрөлүшү менин жашоомду жаңы нукка бурду. Кызымды тарбиялоо азыр менин эң сүйүктүү жумушум. Мындай жумуштан чарчабайсың, тажабайсың. Бала багуучу жалдаган жокмун, себеби аябай корком. Жумуштар менен бир жакка барып калсам да кызымды көтөрүп алам. Бирок учурда үй-бүлөм менен моделдик карьерамды жакшы айкалыштырып жатам. Анткени жолдошум мени бардык тараптан колдойт, экөөбүздүн мамилебиз идеалдуу. Ал дайым хобби менен бала багууну бирге алып кетүү пайдалуу деген кеңештерин берет. Аял киши төрөгөндөн кийин эле өзүн таштап койбош керек.

– Учурда эмне менен алектенесиң?
– Жолдошум экөөбүз учурда өзүбүздүн чакан бизнесибизди өстүрүү менен алекпиз. Суусамырда туристтик базабыз бар, кыштын тең жарымын ошол жакта үй-бүлөбүз менен өткөрөбүз. Негизи эле жолдошум табиятынан экстремал. Мендеги экстримге болгон сүйүүнү жолдошум ойготту. Азыр анын баарын кызыбызга үйрөтүп жатат. Жакында чыгармачылык менен байланышы бар бир долбоор ачканы жатам. Азырынча ал сыр бойдон калып турсун.

– Сенин гардеробуңдан кандай кийимдерди көп тапса болот?
– Гардеробумда жынсы шымдар аябай көп, анткени ыңгайлуу, аны кроссовка, туфли менен да кие берем. Футболкаларым толтура. Өзүм жашоодо көп боёнбойм, бирок косметикалык бардык каражаттарым бар. Ар бир кызда тоналдык крем, тень, тушь жана ачык түстөгү помада болуш керек деп эсептейм.

– Келбетиңди бир калыпта сакташ үчүн эмне кыласың?
– Эч качан диета кармап көргөн эмесмин. Йога менен медитация кылам, бий ийримине, сууда сүзүүгө катышам, фитнеске барам. Адам дайыма кыймылда болуп туруу шарт, бул жакшы маанай тартуулайт.


"Жолдошум Азрет Данияров фотограф, биздин үйдө тартылган жылуу, жарык сүрөттөрүбүз анын эмгеги".


"Кызыбызды кичинесинен экстремалдуу спортту сүйгөнгө үйрөтүп жатабыз".

"Аял киши төрөгөндөн кийин эле өзүн таштап койбош керек".

"8-март майрамына жолдошум экөөбүздүн куурчактарыбызды өз колу менен жасап белек кылды".

Аида "2013-жылдын супер актрисасы" наамын алып кубанып жаткан учуру.

Лунара Бекиева
(Сүрөттөр Аида Даниярованынөздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(12)
11.04.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызын лыжага уйроткону жакты. Молодец.
11.04.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кинодо сонун аткарган
11.04.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик,кинодогу ролун жеткиликтуу кылып жараткан,аябай сулуу болуп кетиптир.
11.04.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ото деле сулуу эмес экен, бирок кийингени жакты...вкус деген бар экен бул кызда)
11.04.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздуу,жакшынакай кыз экен.
11.04.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол образы сонун чыккан! Ийгилик!
12.04.2016. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бар жогу топ келишкен адам сулуу.Сулуу деле эмес экен деп,дагы кандай сулуу болуш керек тооба кылдым.Супсулуу,келбеттуу айым Аида!
12.04.2016. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Грамотно суйлоп тарбиясы жакшы озун ар дайым караган адамды мадел деп айтса болот чынында келечекте осо турган кыз экен келечегин кенири коз караш менен караганы жакты куйоосу менин жигитиме окшош экен ийгилик
12.04.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызстанда купулга толгон бир да актриса жок. Эптеп септеп эле ойноп коюшат.
12.04.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Салам, Нью-Йорк!» то Эриканын образын жакшы аткаргансын ошолго окшогон кинолор тартылып турса кана эле
12.04.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийингени соонун экен го
14.04.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызын азыртадан даярдап жатканы жакшы экен кийинкисине жакшы болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо