Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж

КООМДО
Антикафе – ар кандай кызмат же тамактануу үчүн эмес, убакыт үчүн төлөнүүчү кафе же клуб. Анда ар бир мүнөт же саатына акча төлөнөт. Мындай жерлер кино көрүү, музыка угуу, белгилүү инсандар менен сүйлөшүү же жөн гана достор менен жолугушуу, бизнес-идеяларды талкуулоо жана башка ушул сыяктуу үчүн колдонулат. Антикафенин ичи ар түрдүүчө кооздолушу мүмкүн, бирок көбүнчө үйдөгүдөй жасалат. Алгачкы антикафенин автору ишкер Иван Митин 2011-жылы «Циферблат» аталышында Москвада ачкан. Учурда мындай мекемелер «бош жер», «тайм-кафе», «тайм-клуб» аталышта дүйнө жүзүнүн ар бурчунда күн сайын ачылууда.


ИНТЕРНЕТТЕ
Лендинг – колдонуучу жарнамалык шилтеменин негизинде кирүүчү веб-баракча. Мисалы, бир сайтка кирдиңиз дейли, анда илинип турган жарнамаларды бассаңыз туура эле лендинг баракчасына киресиз. Анда ар түрдүү жарнама камтыган маалымдамалар колдонуучуга түрдүү сунуштарды көрсөтөт. Бири сатып алуу, программаны көчүрүү десе, башкасы баракчага жазылуу жана башка ушул сыяктуу. Сайт бир же андан ашык лендинг баракчага ээ боло алат. Кээде сайт толугу менен лендингден да турушу мүмкүн.


ТЕХНИКАДА
Бустер – автоунаадагы жөлөнгүчү жок, балдарга ылайыкталган отургуч. Ал 5 жаштан 13 жашка чейинки 15-45 килограмм салмакка ылайыкташкан кичинекей жүргүнчүлөргө атайын жасалган. Бустерлер баланы өйдөрөөк көтөрүп, автомашинанын коопсуздук курун туура тагынууга жардам берет. Анын чыканак койгучу жана ансыз деле боло берет. Бустердин түбү эч нерсе менен бекилбейт же унаанын отургучуна атайын бекиткичтер (Isofix) менен жана кошумча курлар (Latch) менен бекитилиши мүмкүн.

Адилет Керимбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо