Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айжамал Кабылова: «ЖОЛДОШУМДУН ЖҮРӨК ООРУТКАН СӨЗДӨРҮНӨ ЧЫДАП ЖҮРДҮМ»

№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж

«Чымчыктын да уясы бузулбасын» дейт кыргыздар. Тилекке каршы, ырчы айым Айжамал Кабылованын турмушу бузулганы көпчүлүктү тынчсыздандырууда. Ырчы башынан өтүп жаткан тагдыры жөнүндө айтып берип, «бир кезде "Айжамалдын ыры бүттү" дегендерге эскерте кетет элем, буюрса, ырым бүтпөйт, тескерисинче күч алат» деп билдирди.

– Айжамал, «турмушуңа өкүнбө, себеби ачкычы өзүңдө» деген сөз бар. Үй-бүлөңдүн бузулушуна өзүң себепкер болуп калган жоксуңбу?
– Туура, турмушубуздун ачкычы өзүбүздө. Кээде күндө өзүң ачып кирип жүргөн ишеничтүү эшигиң ачылбай, же кулпусу бузулуп каларын билбептирмин. Балдарым чоңоюп калышты, бир аз чыгармачылык менен алектенейин деп жолдошумдан алыс жүрүп калып турмушумду бузгусу келген адамдарга шарт түзүп берип койдум окшойт. Аялзатына чыгармачылык менен үй-бүлөнү бирдей алып кетүү кыйыныраак болуп калат экен. Ошентсе да мен үй-бүлөмдү 1-орунга койгон адам элем. Бул да болсо бешенемде бар окшойт.

– Интернетте Анара деп катталган адам экөөңөрдүн ыплас сөздөр менен жазышканыңарды жарыялады эле. Ал ким, чын эле тамада Аман Ибраевдин жубайыбы?
– Бул адамдын аты-жөнүн атагым да келбейт. Ушул окуя башталганда өзүмө сабыр тилеп, тилимди тишиме катып отурдум. Анткени анын деңгээлине түшүп айтышып, кадыр-баркымды кетиргим келген жок. Мен Одноклассники социалдык тармагында 2 жылдан бери жокмун. Ал менин атымдан баракчаларды ачып алып уят сөздөр менен жазышып элге жарыялаган. Ал аз келгенсип элге өзүн Айжамал деп ишендириш үчүн «тойлорго, кечелерге буйрутма алам» деп жазып алганычы күйдүрүп. Буга окшогон акмак адамды Кудайга койдум. Эгерде дагы деле тынчыбаса, башка чара колдоном.
Ал эми Аман Ибраев менин күйөрмандарымдын катарындагы эле адам. Туура, чыгармачылыгымды сыйлап, ырларымды жактырарын айткан. Ал тамада болгондуктан «АГК» тобун Ош, Жалал-Абад шаарларына тойлорго чакырып турчу. Аны менен башка эч кандай мамилем жок жана болгон да эмес.

– Бул нерсенин калп экенин жолдошуңа түшүндүрүп, үй-бүлөңдү сактап калууга аракет кылдыңбы?
– Үй-бүлөмдү сактап калууга колдон келишинче аракет кылдым. Жолдошумдун жанында жардам болсун деп иштедим, анын жүрөк ооруткан сөздөрүнө чыдап жүрүп акыры ажыраштым. Мындан артык дагы эмне кылышым керек эле? Бул жашоодо ажырашып жаткан бир эле мен болбосом керек. Таза сүйүү менен баш кошконбуз, ортобузда 2 балабыз бар. Айрым чагымчылардын кесепетинен минтип экөөбүз эки башка жолго түшүп отурабыз. 10 жыл жашап, бири-бирибиздин ичибизде эмнелер катылып жатканын такыр билбептирбиз. Ошентсе да эч качан жолдошумду жаман деп айтпайм. Ал мен үчүн жаным, ашыгым, балдарымдын атасы бойдон кала берет.

– «Жолдошу Айжамалга жаңы машина сатып берген экен, аны да, балдарын да алып коюптур» деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?
– Жолдошум менден эч нерсени алып койгон жок. Акчага, байлыкка кызыккан жан эмесмин. Бул жашоодо тапкан байлыгым – эки балам, мага ушулар жетет. Балдарым атасына жакын, жолдошум балдары менен катышам десе жолтоо болбойм.

– Гүлшайыр Садыбакасова «Айжамалдын үй-бүлөсүн сактап калууга болгон күчүмдү жумшайм» деп айтты эле...
– Гүлшайыр эже мени кичинемден тарбиялаган экинчи апам. Өткөндө жолугуп апа катары сырдаштык, сагынычыбызды тараттык. Эмне болгонун баарын сурап, билип, териштирип «Сенин эч кандай күнөөң жок турбайбы. Таза, ак экениңди далилдейбиз, антип күнөөлүүдөй отурбай, башыңды бийик көтөр» деп бир топ акыл-кеңештерин айтты. Мени бул депрессиядан жакындарым сууруп чыкты.

– Жашооңдогу бул бурулуш жакындарыңа катуу тийген болсо керек?
– Турмушумда өйдө-ылдый көп эле болгон. Бирок мен үчүн 2015-жыл өтө оор жыл болду. Былтыр атамдан айрылдым, минтип үй-бүлөмдү жоготтум. Мунун баары менден мурун апама катуу тиет экен. Ал байкуш мага билгизбегенге аракет кылат, бирок мен сезип эле турам. Түнү менен уктабай таң атырган күндөрү болду. Кээде көздөрүнө толгон жашты көрөм. Бул кыйынчылык мени сындырбастан, тескерисинче чыйралтып, жашоого, чыгармачылыгыма дем-күч берди. Ак-караны ылгап алдым. Буюрса, бул сыноолорду жеңем.


"Жолдошум экөөбүз 10 жыл жашап, бири-бирибиздин ичибизде эмнелер катылып жатканын билбептирбиз".

"Башкы максатым – балдарыма татыктуу тарбия берүү, чыгармачылыгыма жаңы дем менен киришүү".

Замира Рахманбердиева
(Сүрөттөр Айжамал Кабылованын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(169)
14.04.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул ырчы аябай соонун балага турмушка чыккан чынында. Эми оз арманы озундо, кармап калса болот эледа уй булосун. Тойлорго чакырууларга эмнеге барат.Куйоосу акыры чыгармачылыгын тушунуп жаткандан кийин той пойду токтотуш керек эле да.Жакшы эле чыгарып жаткан куйоосу.Озу кызбурактан кеткенден кийин аябай эле озгоргон болчу.Берген интервьюлары
башкача болуп,эмнеси болсода аман бол.Асмандан жерге туш.
14.04.2016. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал алга!Ичи куйгондор туз жаласын. Аллах буларга да корсотот Сонуновага окшогондоргоо мен ишенем.Ат айланнып казыгын табат. Менин башыман отту так что алга.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-14 14:42:51
14.04.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жогоруда Айжамалды каралап жаткан Нагимчик деген ник чындап эле кайнежеси экен, мен эми билдим Сонунова, Анара Анара дегендер кайнежеси турбайбы корсо. Бул жерде туугандарды чабыштырган болбойт урматтуу Айжамалдын куйоосу бул жерде сиздин чечкиндуулугунуз керек. Туугандарды ажылдашып айтыштырбай жашайсызбы же ажырашасызбы озунуз чечиниз. Тилдин соогу жок чукусан бок-сактын баары чыга берет.Комментарийлерди окуп деле баам салып жатсаныз керек копчулук силердин жарашуунарды каалайт.
14.04.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
bela77, А вы читайте не комментарии. В предыдущих выпусках этой газеты Азамат ясно сказал журналистам Ажырашканыбыз чындык. Или зайдите в инстаграм и снова прочитайте. Читайте до тех пор пока не поймёте, что решение он уже в прошлом году принял.
15.04.2016. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
nagimchik,"Барган жери жарашса- кара катын ак болот",- дейт. Сиздин ининиз билимдуу дейсиз, уй болосун куто албаган эркектин билиминин не кереги бар. Ининиз инста'да ар ким менен флиртовать этип отурат. Ининиз менен Айжамалдын ортосунда конфликт болбой эле, Сизде болгон го. Оз башынызга келгенде тушуносуз. Чыккан Кыз чийден тышкары...
15.04.2016. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ai_altyn,сизге кошулам 100% кошулам. Ойлорунуз таамай жана так. Браво
15.04.2016. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nagimchik,сен озунуз тиргилигини кылсан эртен акем мн женен жарашса омур бою жаман коруносун суротторунон ХХХ ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-15 09:44:14
15.04.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nagimchik, ai_altyn, jika1984, жеке айтышууларга тыюу салынган. Жеке билдирүүлөр болсо купуяга баргыла. jika1984, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтире турган билдирүү калтыруудан алыс болуңуз.
16.04.2016. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nagimchik,
куйосу ажырашпай эле кайын эже кайн синдилери ажыраштрганго, ортодо бузук телефон болуп атып.
кыз чийден чыккан чыбык.
аганды жененди жараштыргандын ордуна ортого от жагып турган олуя окшойсун
15.04.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bela77,Койчу кайнежеси болуп туруп ушундай ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-15 11:34:58
15.04.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ROZA-87, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз.
15.04.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
admin_superstan,жакшы алыс болом
18.04.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bela77,
бул Нагима деген Сонунова мен эмесмин деп жатпайбы. анда вообще эле ызы чуу башка жактан чыгып анан кайнежеси естественно, чычалап инисине куйуп жаман коруп дальше ырбатып ийиши мумкун. менин оюмча эки жактан бирдей эле кеткен. бул мынчалык кобойуп кетпеши керек эле. Кайын журту деле, куйоосу деле бир гана ушакка ишенип мынчалыкка барып эки баланы ортодо кыйнабаса керек эле...
14.04.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адам баласы кечиримдуу болсок,ким кимдин козуно чоп салса да кечиримдуу болгула.Ажырашсанар эки баланын убалына каласынар экоонор тен намысынарды баарынан бийик коюп жатып.Мен озумдун обьективдуу оюмду жаздым,туугандарынардын созуно кирип ажырашабыз десенер кийин окунуп каласынар!
14.04.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эх кыргызбыз да көрө албастык,ич күйдүүлүк деген каныбызда бар.Башка улуттар үстүнөн бастырбай кайра өйдө сүйрөйт колун берет жардам кылып
14.04.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ema70, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
14.04.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Канат Култаевге тийсе балким бактылуу болмок, ал инсан дагы чыгармачыл чойродон го, колдоо корсотуп Айжамалдын аты таш жармак .
15.04.2016. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
anya,эмне Канат Култаев Айжамалдын колун сура ты бы
16.04.2016. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
anya,эмне Айжамалды алайын деди беле
17.04.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ROZA-87,айжамал балалуу болгондода айтып жургонго жактыр
аарын
14.04.2016. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы эркек кандай ушак соз болбосун,козу м.н корбогондон кийин,турмушум бузбайт.
14.04.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен кучтуумун мен кыйынмын дебей аял киши эркектин айтканын кылса уйбуло бузулбайт
15.04.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нагимчик же кыргызча же орусча жазсан болмок.
15.04.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
fat21, жеке айтышууларга тыюу салынган. Жеке сүйлөшүүлөр үчүн купуя бар. Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-15 09:42:28
15.04.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сонунова деген ушул нагимчик кайнеже экен деп билдим.жазгандары орусча кыргызча,анан дагы тыныш белги койгондорун салыштырып көрдүм.Нагимчик кайнеже иниңиздин жашоосун бузгуча өзүңүз күйөөгө тийип алсаңыз жакшы болмок.
15.04.2016. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Спасибо что она тебя терпела! Дай Аллах чтоб они сошлись! Эл Айжамалды жакшы корот, тебя теперь все ненавидят!
15.04.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Lovebaby, далили жок кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
15.04.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Я эту Нагиму знаю, поетому написала. Анын поведениесинин алдында Айжамал алтын! Келинине асылба, позор!!!
16.04.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул копчулук артисттердин тагдырына окшойт. Куноо куйоосундо. Кызгансан уйдо багышын керек эле чыгарбай.
16.04.2016. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай колдоп ушул кыз кайра уй булоосу менен жарашып бактылуу болсун.Жаман ой адамдардан алыс бололу.Ажырашуу деген аябай жаман нерсе.Куйдай сактасын мындайдан.
16.04.2016. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эч кимдин бироонун уй булоосун бузганга ,каралаганга ,балдарды жетим калтырганга акысы жок. Мен деле кайнежемин, инилеримдин курган уй булооруно коз тийбесин деп отурам.Кудай сактасын начар тууган, коро албас достордон.
16.04.2016. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ак ийилет бирок сынбайт, эч качан окунбостон мумкун болушунча алдыга умтулунуз.
17.04.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Жашоо чиркин озгорулот турбайбы,жаштыгымда ойлобопмун мындайды болгонго
17.04.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онор адамдарын ар кандай создор ээрчип журот, бул да болсо белгилуулуктун белгиси,жолдошу болсо кимге уйлонуп атканын билген.Айжамал элдин кызы болуп чонойгон. Ортодогу озун эптей албаган, озгону коро албаган денгеели ушунчалык томон адамдардын курмандыгы болуп калыштыго,Айжамал башты бийик котор,жашоо бат эле таразалап коет, бузукулардын да алаар жообу бардыр!
18.04.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеси болсода жакшы иш болбоптур,жарашып бактылуу болушунарды каалаймын
18.04.2016. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dina 1223 Kultaev Aijamaldy emes Anjelikany aitkan
18.04.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ий жаман болуптур кайра жарашар кун болор жаман болуптур он жыл деген эмне деген жыл
22.04.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы.Менин жеке оюм Айжамал Кабылованын жолдошу Азамат мырза аябай чечкинсиз мырза экени корунуп турат!!!10жыл койнунда жаткан келинчегинин канынан жаралган 2 баласынын энесинин сырларын элге ачып жайып уй булоосу менен карындаштары менен!Бул аябай пас адам экени корунуп турат!!!Эгерде чыныгы мырза болгондо бул тема мынчалык элге жарыяланбайт эле!!!Даже карындашын тыя албай экен!Озунун улгулуу жактарын элге корсоткондун ордуна уй булоосунун шермендесин ачкан бул аябай чечкинсиз мырза
22.04.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык куноо жолдошу Азамат мырзада!Себеби уй булоосун ар дайым жанында алып журуш керек болчу!Анжелика Бекболиеванын жолдошун кордунорбу кандай мыкты мырза!Ар дайым жанында журот
22.04.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан да ортодогу 2 баланын тарбиясы эмне болот???Атасы мн апасы ажырашкан деп аябай сокку болот балдарына!Башын бийик которуп журо алышпай калат чонойгондо!Апасы балдарына кандай учурда болбосун биринчи орунда болот...мин жаман иОшондуктан Азамат мырза карындаштарынызды тыйыныз!
22.04.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу суйуп уйлонуп 10 жылдан кийин озунун келинчегин элге жарыялап каралаган адам эн пас адам!!!
22.04.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал менен Азамат бир бирине топ келишкен суктанаарлык жубайлардан болчу экоо суйушуп эле турмуш курган деп уктум эле эми мынтип 10 жыл аралыгында ажырашканы абдан окунучтуу чымчыктын да уясы бузулбасын демекчи экоо те тезиреек жарашып балдары менен бактылуу жашашсынчы демекчимин Азамат сыртынан караганда оор басырыктуу тушунуктуу эле мырзадай корунот жакын ортодо баарын таразалап туура чечимге келет деген ойдомун.
15.09.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал эже сизге кулуп жургон сонун жарашат ийгилик!!!!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо