№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
«Азия Микс» командасынын оюнчусу, Эльдияр Кененсаровдун иниси Эрмек Кененсаров 31-мартта сүйүктүүсү Айганышка баш кошту. Эки жаштын тою Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өтүп, ага туугандары, достору, жакындары күбө болушту. Үлпөт тойго ортоктош болгон Эрмектин тамашакөй достору бийдин сазайын берип, кечени көрккө бөлөштү. Агасы Эльдияр Кененсаровдун жолун жолдоп ата-энесин келиндүү кылган Эрмек: «Эң башкысы, жубайым экөөбүз бири-бирибизди сүйөбүз»,- дейт. Баш кошкон түгөйлөргө бакыт-таалай каалайбыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
7
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |