Элнура Осмоналиева элге «Боз салкын» тасмасындагы
Бурманын ролу аркылуу таанылган. Андан кийин режиссёрлукка өтүп, бир нече ийгиликтерди жаратып келет. Элнуранын «Сейде» аттуу кыска метраждуу тасмасы буга чейин чет өлкөлүк кинофестивалдарга катышып келгенин кабарлаганбыз. Эми бул тасма Францияда өтчү Канн кинофестивалында көрсөтүлгөнү турат. Ийгиликтин артынан ийгилик жаратып келе жаткан Элнура айым чыгармачылыктан тышкары өлкөнүн ар кайсы аймактарына "Билимкана" деген аталышта жаңы мектеп ачкан эле. Аймак менен гана токтоп калбастан ал жакында Бишкекте мектеп ачканы белгилүү болду. Аталган мектеп сапаттуу орто билим берүүгө багытталып, кыргыз, орус, англис тилдерин тереңдетип окутат. Ошондой эле балдардын ар тармактуу өнүгүшүн шарттайт. Бир нече тармакта өзүн сынап, жаш жеткинчектердин билимин өркүндөтүүгө салым кошуп келе жаткан мекендешибиз сыймык жаратат.
star@super.kg