Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ШАМАЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН КҮЛҮКТӨР

№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж

Мыктылыгы менен оозго алынып, жарыштардан байгесиз кайтпаган күлүктөрдөн уучубуз куру эмес. Шамал менен жарышкан, мелдештерден байгелүү орундарды алып келе жаткан күлүк менен жорголорду тааныштырабыз.

ТАЛЫКПАГАН ТАЧАНКА

Аты – Тачанка
Жашы – 10
Ээси – Алибек Жунусов,
саяпкери Керим Өмүралиев
Жери – Ат-Башы району, Нарын облусу
Ийгиликтери – I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында аламан байгеде 3-орун. Нооруз майрамында, Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына арналган жана башка мелдештердин жеңүүчүсү.

Англис-араб аргымагы болгон Тачанка тай кезинде 1750 долларга казактардан сатып алынган. Жарышка 1,5 жашынан түшүп, 2 жашынан тарта алгачкы жеңиштерине жетишкен. Ээсине жалпы мелдештерден 18 автоунаа, 50 миңден ашуун долларга чейин байгелерди утуп берген. Ээси бир нече жыл мурун Тачанканы 100 миң долларга сатпай койгон.


БАЙГЕГЕ БАЙ БАРОН

Аты – Барон
Жашы – 6
Ээси – Замир Мукашев, саяпкери Сыймык Аламанов
Жери – Тоң айылы, Ысык-Көл облусу
Ийгиликтери – I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы жорго салыштын жеңүүчүсү. Жеңиш күнүнө арналган мелдеште 1-орун.

I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында айтылуу Ганк менен Вулканды кошо 25 жоргону артка калтырып, жеңүүчү аталган Барондун атагы алыска тараган. Бул орус таскагы 2 жашынан тарта жарышка түшүп, азыркыга чейин жалпы 50дөн ашык мелдешке катышып, жеңишке жетишкен. Ээсине жалпы 13 автоунааны утуп берген.


ТОП ЖАРАР КҮЛҮК ГҮЛКАЙЫР

Аты – Гүлкайыр
Ээси – Совет Сыдыков
Жери – Күн-Туу айылы, Чүй облусу
Ийгилиги – Ноорузга арналган жарыштын жеңүүчүсү.

Саяпкери Совет Сатыбалдиев:
– Гүлкайыр жоош жылкы. Быйыл жаңыдан жарышка түшүп жатат. Биринчи мелдешинде «Аккула» ат майданында топ күлүк жарышка түшүп, анда 1-орунга илинди. Бул күлүк Орусиядан 5 миң долларга сатып алынган. Учурда 20 миң доллардан кем эмес бааланат.


ТАЗА КАНДУУ АНГЛИС КҮЛҮКТӨРҮ АЛДЫНА ЭЧ КИМДИ САЛДЫРБАЙТ
Жорголордон америкалык жылкынын каны аралашкан орус таскагы мыкты болорун саяпкерлер белгилешет. Ал эми күлүктөрдөн таза кандуу англис жылкысына эч бир күлүк жетпейт. Алдына күлүк салбаган рекордчу катары Бич Рэкит аттуу күлүктү айтса болот. Ал 1945-жылы Мехикодо 400 метр аралыкка болгон мелдеште саатына 69,6 чакырым ылдамдыкта чуркаган. Бул көрсөткүчтү ушул күнгө чейин Онил Рилл аттуу таза кандуу англис күлүгү гана кайталай алган. Ал эми өлкөбүздүн акыркы жылдардагы эң атактуу жоргосу катары Ысык-Көлдөн чыккан Патрон айтылат.


ЖАНАР ТООДОЙ АТЫЛГАН ВУЛКАН

Аты – Вулкан
Жашы – 6
Ээси – Султан Маткеримов
Жери – Ысык-Ата району, Чүй облусу
Ийгиликтери – I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жорго салышта 3-орун, Ж.Шералиевдин 100 жылдыгына арналган мелдеште жана Ат оюндарынын жабылуу сезонунда 2-орунду алган. Ноорузга арналган жарыштын жеңүүчүсү. Жарыштардан бир автоунаа уткан.

Саяпкери Мыктыбек Токтосунов:
– Бул жорго орус таскагы. Жоош, бирок кези келгенде мүнөзүн көргөзүп калат. Андай учурда Вулканды токтотуу мүмкүн эмес. Жанар тоодой жарылып тургандыктан ушундай ысым ыйгарылган. Эч кимге ээ-жаа бербей коймой адаты бар. Көбүнчө мындай кыялын жарыш учурунда көргөзсүн деп машыктырабыз. Баасы тууралуу айтсам, азырынча бул жорго сатылбайт.


АТЫНА ЗАТЫ ЖАРАШКАН КОСМОС

Аты – Космос
Жашы – 2,5
Ээси – Талгарбек Шейшеев
Жери – Белек айылы, Чүй облусу
Ийгиликтери – Кара-Балта кубогунун, Чүй облусунда өткөн бир канча мелдештердин жеңүүчүсү.

Жарыштарга жылкы асылдары тай же кунан кезинен тарта эле түшүп башташат. I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бул жарыштарда 1-2-орундарды толугу менен казак кунандары илип кеткени белгилүү. Ал эми учурда өлкөбүздө Космос аттуу кунан өзгөчөлөнүп, Ноорузга арналган кунан чабыштын жеңүүчүсү аталууга да жетишти. Ал атактуу Горун күлүгүнүн тукумунан.

Саяпкери Жанат Базаркулов:
– Космос тай кезинен тарта жарыштарга түшүп келет. Ал Сокулук районундагы Белек айылындагы жылкы заводунда багылат. Нооруз майрамында «Аккула» ат майданында өткөн 8800 метр аралыктагы жарышта 1-орунду багындырды. Келечекте мыкты күлүк чыгат деп ишеним артып жатабыз. Учурда болжолдуу түрдө 20-30 миң долларга бааланат.


Бул күлүктөр чети гана. Мындан тышкары Карат байыр, Прогулка, Ганк, Бактору аттуу жорго менен күлүктөр белгилүүлөрдүн катарын толуктап келишет. Учурда саяпкерлер 31-август күнү өтчү мелдештерге жана сентябрда 2-ирет өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдыктарды көрүшүүдө.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
11.04.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылкы таптап эле акча мыкчып, авто минип маашырлана жата берсекпи))
11.04.2016. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал да чыкса да.Былтыр эле бир машинага алмаштырып алып,улака кирбей коюп банкрот кылды мени
12.04.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аттай асыл жаныбар барбы
15.04.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу суперчилер унутта калып бараткан кулуктор тууралуу кененирээк изилдеп айтып бериниздерчи озгочо Ак-Талаадан чыккан "Жарык Тош" атуу кулук болгон ээси Радик аттуу бала Манас минге катышып байге алган алдына эч бир кулук чыгарган эмес бир жолукусунда 2чи келип калып ызаланып ээси дагы ат менен кошо нарын сууга секирип кеткен дешет ушу тууралуу толук билип эски суроттору болсо илиниздерчи сураныч
15.04.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sizge.kat, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
16.04.2016. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, Рахмат баса БТР анан Патрон тууралу да кененирээк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо