Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«CОЙКУНУ АЯЛ КЫЛЫП АЛГАНЫМА ӨКҮНӨМ»

№701 08-апрель-14-апрель, 2016-ж

-Аскер кызматын өтөп келгенден кийин милиция кызматкери болуп жумушка орноштум. Бойдокмун. «Кечки рейдге чыгасың» дегенде көзүм жайнай түшөт. Анткени денесин сатып иштеген кыздарды кармап, акча алчубуз. Айыбын төлөбөсө коркутуп кумарыбызды кандырып да алат элек. Күндө түрдүү кыздарды кармайбыз. Сулуу селкилер «тузакка» түшкөндө акча бергенине макул болбой, шак эле төшөккө тартабыз. Ал учурда сулуу кыздар, акча, ичимдик болсо жашоо өтө берет десем керек. Айтор, ошол нерселерден канагат алчумун. Окшошкон күндөр өтүп, эки жылды артка калтырдым. Адаттагыдай эле кечки текшерүү менен жүргөнбүз. Цирктин жанынан эки кызды кармадык. Караңгыда байкабаптырмын. Бөлмөгө киргенде узун бойлуу кызды карап саамга токтоп калдым. Ажарлуусун айт, көздөрү күйөт тим эле. Ак куудай келишимдүү кызды ошондо биринчи ирет көрдүм. Кесиптештеримдин да шилекейи агып, ойлору бузулганын байкадым да, негедир кызганып кеттим.
– Сулуу кыз, биз сизди адашып алып келгендейбиз. Балдар, бул сулууну мага тартуу кылат окшойсуңар...- деп оозумду жыйганча:
– Итче шыйпаңдабай ары турчу. Периште экенин билсең эмнеге алып келдиң?- дешти кесиптештерим бир ооздон. Жооп бере алган жокмун. Кыздардын ой-боюна койбой кордошту. Таң атканда эки кызга «кете бергиле, бошонгонуңарга шүгүр айтып...» деп эшикке чыгарып коюшту.
– Сен эмне «кылган» жоксуң? Кызгандыңбы?- деп шылдыңдап күлүштү. Айтылган сөздөргө жооп бербей, кыздардын артынан чуркап чыктым.
– Чоң кыз, сулуулугуңду кор кылбачы! Сени бактылуу кылам...- дагы бир канча жагымдуу сөздөрдү айтып жибердим.
– Ээ, барчы ары! Ушул сен жетпей жаттың эле. Тамеки барбы?- деди кекетип.
Ансыз да ачууланып жаткам. Чыканагынан кармап катуу силкип, «токтот!» дедим жубайымдай мамиле жасап.
– Эч кайда барбайсың! Тамеки да тартпайсың! Денеңди да сатпайсың! Токтот!- дедим жерди тээп.
– Эй, мент! Эмне мынча күйүп-бышасың?!- деп басып кетти.
Чын эле, мен эмне күйүп жатам? Түнү менен көз алдымда эрмектелбеди беле... Саамга ойлондум да, кайра артынан жетип бардым.
– Ушинтсем эле кетип калат дедиңби? Алмадай башыңа акыл киргизип, анан тынам!- дедим өжөрлөнүп.
Ортобуздагы талаш күчөп, ачуум менен эки-үч жолу чаап жибердим. Ыйлады. Айтчу сөзүн айтты. Кечке чейин экөөбүз уруштук, талаштык, акыры менин оюмду укту. Жакындан
тааныштык. Аты Алина экен. «Экинчи денемди сатпайм» деп сөз берген соң үйүнө жеткизип бардым. Ошол күндөн тартып Алинасыз жашай албай калдым. Оюмда, түшүмдө ал. Бир азга көрбөй калсам сагынып, эмне кылып жүрөт деп кызганчу болдум. Бир күнү экөөбүз шаардын четине чыгып, күндүн батышын күтүп отурдук.
– Алина, күндүн батканын көрдүңбү? Эми аны артка кайтара албайсың,- дедим философ болуп.
– Ии...- деди күлө карап.
– Сенин өткөн күндөрүңдү да кайрый албайсың. Каталарыңды оңдогонго кеч. Эртең күндүн чыгышынан баштап жаңы жашоо баштабайлыбы? Жубайым болчу?- дедим. Көпкө чейин ойлуу отурду да, көзүнөн жаш кылгырып:
– Мен – сойкумун. Башкасын айтпаганда да кесиптештериң сенин көзүңчө мени пайдаланган. Кийин кепке сынып, өкүнүп жүрбө,- деди.
– Өз тагдырымды өзүм чечем,- дедим да, түндөп айылга алып жөнөдүм.
Элге той берип, кайра шаарга келдим. Жумуштагылар менин көңүлүмдү караштыбы, «бактылуу бол» дегенден башка үн катышкан жок. Чырайын чайга чылап ичпесем да, Алинаны алаканыма салып бактым. «Кар жаады, из басылды» дегендей, өткөн күн унутулду. Жашоосун ак барактан баштаган жубайлардай жашап жаттык. Октой учуп он жыл өттү. 4 балалуу болдук. Мурун бардык нерсеге көз жумуп жашап калганым менен, эски жара акыркы кезде ырбагандай. Көп иччү болдум. Кесиптештерим ичип алгандан кийин:
– Ии, бажа, биз чогуу көргөнбүз. Аялыңды биз да билебиз,- деп кыраан-каткы түшкөндө өлүп алгым келет. Арыма чыдабай аялымды өлгүчө сабайм. Үйдө күндө уруш, балдарым да тажап бүтүштү.
– Апамды эмнеге сабайсыз?!- деп жабалакташат. Аларга «апаңар сойку болчу» демек белем...

Медер


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(118)
13.04.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошончо болуп кесиптештерин менен жатканын коро туруп уйлонуп алып анан болбогон бир созго озунду ургулап атасынбы? Кок мээ турбайсынбы! Сага айтыптыр го, кийин окунуп журбо деп. Эми эмне мынтип арманынды элге жайып ашкере болуп? Же ушундай кылса жара айыгат дегенинби? Раз ал жолдон кайтыптыр, сен да оз башын менен баштаган ишине окунбо да. Берилип окуп келатсам эле эми эмне кылам дегенсип бутуп калды. Озунду таап алчы биринчи.Эркектин созу бир эле жолу айтылат.Бактылуу кылам дединби? Значит кыл!
02.05.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
CHameleon,туура

13.04.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тен тени менен тезек кабы менен сендагын светой эмесин сен кудайга шугур кыл сага оз тенинди берген учун!
13.04.2016. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bekaaaaaaaa,эн туура
14.04.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Досум Аман эле боол
14.04.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Адам ГАИ болот,
ГАИ Адам болбойт
14.04.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой аны коп ойлоно бербе азыр кыздардын баары ошондой. Сенин досторундун аялдары деле ошондой!
22.08.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mercedes202,кыздардын баары ошондой эмес, бир кыз деп кыздардын баарын жаман атты кылган болбойт
14.04.2016. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу менттердин тазасы жок болуш керек.Мен жашымда военный бала менен суйлошуп жургом.Ал айылга ишин которгондо милиция болуп калды,менттер палит адамдар деп угуп калган жаным,ата энесин жуучулука жибергенде баш тарткам.Сен озун таза журбогондон кийин кандай акын бар аялынды кордошко?Башында эркекче чечим чыгарып,аягында бабский болуп калыптырго ыя.Сен эми отмушту эстебей балдарындын келечегин ойлошун керек!
14.04.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон нерсе.. Озу эле жазып койгонго...
15.04.2016. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында бул нерсени башында ойлонуш керек болчу. Эми кеч, чыдап жашашы керек!!!.
15.04.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кесиптештеринен алыстап кетсе болотда андан башка иш калбай калгансып
15.04.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин коментарийлерим эмнеге чыкпай жатат
15.04.2016. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Surena, саламатсызбы? Бетти жаңылап, кайра карап көрүңүз.
15.04.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медер байке менден улуу болсон керек. Алинаны алганда баарына чыдап алгансыз эми эркекче баарына чыда. Брат сага советим жумушунду котор башка жакка иште аракты оозуна алба. Жана ар дайым жубайына кулуп мамиле кыл. Сиз кекенип ура берчуу болсонуз Алина балдарыныз менен кетип калса окунуп каласыз. Жок дегенде балдарыныз учун кечирип жашоого туура келет.
22.08.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almazbek-1987,мен да сенин оюна кошулам башка шаарга кочуп кетсин.Жанылбаган жан болбойт башында кайыл болуп соопко калыптыр.Эми эркекче омурунун аягына чейин откон кунду эстебеш керек.Намаз окуп.дилин тазаласа баары жакшы болот
15.04.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы сойкулар,мурунку 90 ж сойкулардан айырмаланып,кайф учун сойку болушат,а мурда айласы жок,акча учун болчу.
15.04.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al-abu-kinesz, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
16.04.2016. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар дал ушундайокуя бар менде, кантип жазсам болот кайда жазсам болот. Элге сабак болоор! Зынаага барбай...
16.04.2016. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ озунду биринчи кузгудон карап корчу жааакшылап.
16.04.2016. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адашкан кызды жакшы жолго кайтарып чон сооп иш кылгансыз бул ишинизге окунбон бир кун узурун коросуз албетте досторунуздун созуно конул бурбан жениш сиз жакта болот
16.04.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
То чего в жизни не бывает.Ким жазса да.
16.04.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда бир ушундай окуяга туш болдум бирок араң кутулдум болбойт экен уят өлүмдөн каттуу деген туура экен
16.04.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бузуку эркекке бузуку аял деген ушулда
17.04.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне демекбиз эми?"Башка тушконду коз корот"айла канча?Озунуз айтмакчы Баткан кунду чыгара албайс...
02.05.2016. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой каяктагы сказка бул
26.08.2016. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялыңыздын кылгандарын ойлоодон мурда өзүңүзгөда назар салыңыз. Сиз деле ар кайсы сойкулар менен болбодуңуз беле? Аларда кимдир бирөөнүн жары, эжеси, карындашы. Балким апасыдыр...
31.08.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан эмнеге кыйын болуп ала калат???? Алгандан кийин кол которбо да, артынан чуркаган озун
22.08.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саламатсыздарбы бул макала да жазылган качандыр бир мезгилде. Супер инфо гезитнин жамааты мени кечирип койгула бирок мен 3-4 жолу бир макаланын 2 ирет жазылып жатканын окуп жатам.эмнеге эки жолудан жазасыздар жээ жаны макала жазуу татаалбы жээ чон эмгек талап кылынабы? Ватсап аркылуу кайрыныз деген суроонорго ватсап аркылуу менде макала жана сунуш бар экендигин айтып жазсам эч кандай жооп болбоду. бирок ватсаптан жазган катым жетти сиздер окудунуздар. Алмазбек..катуу тийсе кечирим сурайм жамаат!
22.08.2017. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almazbek-1987,туура
22.08.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ичкиликтен пайда жок намаз окунуз
23.08.2017. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Торт баланы тороп бергенден кийин антпегин,сен озун баарын билип алгандан кийин,жанылбас жаак мудурулбос туяк болбойт.
19.11.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи жакшы эле иш кылсан экенсиз сизди угуп дагы кетип калбай 4 баланы тороп бериптир онолуптур бирок сиз артка кетипсиз 10 жылдан бери унчукпаган досторунуз эми айтып жатышабы эми кеч да бироонун уй булоосуно аралашпай эле коюшса ....
19.07.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн чон чооп иш кылып артынан кайра артка кайтып жууп салайын деп атасынарбы? Башында озун билип алгансын эми артка жол жокго дейм торт балалуу болгондон кийин. Ишинди алмаштыр и все эркек адамга ден-соолугун чын болсо бардык иш колундан келетда. Базарда тачка турткондордун да жашоосу отуп жатпайбы.
19.07.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул окуяны канча жылдан бери жазып бутпой койуштуго
20.07.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда да чыккан беле бул тема?
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо